Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

Эки каналдын тагдыры дале арсар


Улутташтырылган “Пирамида” жана “Бешинчи канал” телекомпанияларынын макамы аныкталбай, келечеги арасат абалда турат.

”Пирамиданы” сатыкка койуу чечими чыкканы менен анын жеке колго өтүшүнө эмгек жамааты каршы болууда.

“Бешинчи каналды” парламенттик телеканалга айлантуу боюнча Жогорку Кеңештин мыйзамы ишке ашпай, ага коомдук телеберүү макамын ыйгаруу боюнча токтом кабыл алынган боюнча турат.

Талдоочулар аталган телеканалдардын макамын аныктоо маселеси саясий күчтөрдүн талашына айланганын белгилешүүдө.

2010-жылы 7-апрелден кийин Бакиев режимине таандык мүлктөрдүн катарында “Пирамида” жана “Бешинчи канал” телекомпанияларын улутташтыруу боюнча чечим чыккан болчу. Мына ошондон бери эки жылдан ашуун убакт өткөнүнө карабастан аталган телеканалдардын макамын аныктоо маселеси чечиле элек.

Баасы бычылбай...

“Пирамида” телекомпаниясын он миллион сомго баалап, сатуу чечимине эмгек жамааты каршы чыкты. Компаниянын жетекчиси Марианна Логачева телеканал жеке колго өтсө, кожоюндун эркин гана чагылдырып калуу коркунучу бар экенин айтып, анын мамлекеттин карамагында калышын өтүндү. Маселе өкмөт менен Мамлекеттик мүлк фондунун ортосунда чечилбей келатат.

Медиа эксперт Мэри Бекешова анын себебин аталган телеканалдардын макамын аныктоодогу ачык-айкын саясаттын жоктугуна байланыштырды:

- Мына ошол эки телеканалдын макамы көптөн бери аныкталбай турушунун себеби белгилүү. Ага мамлекеттик же коомдук макам бериш үчүн аны казынадан каржылоо керек. Бирок аларды атаандаштык айдыңында өңүктүрүү үчүн жеке менчикке саткан эле оң болчу. Бирок бизде жеке менчик ээлери өздөрүнүн саясий кызыкчылыгын таңуулап алып жатпайбы. Натыйжада телеканалды өтө коркунучтуу маалымат куралына айлантып алган учурлар да аз эмес. Мына ошондой болбош үчүн аны жөнгө сала турган ачык-айкын саясат иштелип чыгыш керек эле.

Аталган телеканалдарды кайрадан эле маалымат куралына айлантууну самаган саясий күчтөр ар кимиси өзүнүн ыңгайына жараша чечим чыгарууга аракеттенгени байкалат.

Анткени 2011-жылы Жогорку Кеңеш “Бешинчи каналды” парламенттин карамагына өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алган. Бирок ошол кездеги президент Роза Отунбаева ага кол койбой, каршы пикири менен артка кайтарган. Бирок парламент президенттин каршы пикирин көпчүлүк добуш менен басып өтүп, мыйзамды күчүнө киргизген.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков кызыкдар күчтөрдүн көмүскө аракетинен улам мыйзам аткарылбай жатканын белгиледи:

- Биз кабыл алган мыйзамга ошондо эле эч нерсесин түшүндүрүп, негиздебей туруп эле президент вето койгон болчу. Бирок ал ветону көпчүлүк добуш менен басып өтүп, мыйзамга кол коюлган болчу. Аны ишке киргизүүнү каалабаган кызыкдар тарап ушул кезге чейин ага бут тосуп келатат. Бирок биз кабыл алган мыйзам жокко чыккан эмес да. Демек ал мыйзам аткарылыш керек.

Көз кызарткан компаниялар

Келдибеков төрагалыктан кеткенден кийин парламент мурдагы мыйзамды жокко чыгарбастан “Бешинчи канал” боюнча кайра токтом чыгарган. Анда Жогорку Кеңеш өкмөткө ал телекомпанияга коомдук макам ыйгаруунун шартын аныктоо тапшырмасын берген болчу.

Өкмөттүн аппаратынын маалымат стратегиялары бөлүмчөсүнүн башчысы Эрнис Мамырканов анын себептерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:
Биз кабыл алган мыйзам жокко чыккан эмес да. Демек ал мыйзам аткарылыш керек.

- Мына ошол алгач кабыл алган мыйзамды жүзөгө ашыра алган жокпуз. Анткени аны аткаруунун механизмдери так көрсөтүлбөй калган. Ошол эле кезде мыйзамдын кайсы бир шарттары Жарандык кодекске жана “Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга карама-каршы келип калган. Кодекс мыйзамдан бийик тургандыктан бул боюнча түзүлгөн комиссия “эми кандай кылабыз” деп парламентке кайрылган. Парламент телеканалга коомдук макам ыйгаруунун шартын иштеп чыгуу боюнча токтом чыгарган. Ал токтомду аткаруу жагын Мамлекеттик мүлк фонду чечиш керек. Ошондон кийин гана өкмөт долбоорду сунуштап, парламент ал боюнча чечим кабыл алат.

“Бешинчи канал” 2005-жылга чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев көзөмөлдөгөн КООРТ телекомпаниясынын базасында түзүлгөн.

2006-жылдан баштап ага Максим Бакиевге караштуу “Глобал медиа” жана “Жыйырма бешинчи кадр” ишканалары ээлик кылган.

“Пирамиданы” 1991-жылы алгачкы көзкарандысыз телеканал катары маркум Адыл Бийназаров өзүнүн ишкер өнөктөштөрү менен биргеликте түптөгөн. Ал Акаевдин кезинде оппозициянын үнүн угузган жападан жалгыз телеканалга айланса, Бакиевдин маалында бийлик аны өзүнүн карамагына алып, толук тартып алган болчу.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG