Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Эки каналдын тагдыры арсар


“Пирамида” жана “5-канал” телекомпанияларын улутташтыруу боюнча жаңы мыйзам долбоору кабыл алынып калса, “Пирамида” маданият жана спорт, ал эми “5-канал” парламенттик телевидение болуп өзгөрүшү ыктымал.

“Бешинчи канал” алгач КООРТ деген аталышта мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге таандык болсо, 2006-жылдын аягында кийинки президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көзөмөлүнө өткөнү, азыр аны вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов көзөмөлдөй турганы бейрасмий айтылып келет.

7-апрелден кийин бир катар мекемелер менен бирге “Бешинчи канал”, ушундай эле таржымалды башынан өткөргөн “Пирамида” телеканалы улутташтырылган. Учурда аталган телеканалдар убактылуу Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагында турат.

Эми буларды мыйзамдаштыруу үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоору комитеттердин кароосунан өтүп, парламенттин талкуусуна коюлганы турат.

Улутташтыруудан заты өзгөрөбү?

Демилгечилеринин бири, депутат Исмаил Исаков өлкөдөгү маалымат коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттин идеологиясын жайылтуу максатында “Пирамида” жана “5-канал” телекомпанияларын мыйзамдын негизинде мамлекетке өткөрүү маселеси көтөрүлүп жатканын “Азаттыкка” белгиледи.

- “5-канал” мурда, кийин бир топ колдорго өтүп кеткен. Ошону ордуна алып келүү боюнча Убактылуу өкмөт былтыр "Улутташтыруу жөнүндө" декрет кабыл алганбыз. Легитимдүү бийлик келгенден кийин мыйзам чегинде аны ордуна коюшубуз керек.

Кыргызстандын маалымат коопсуздугун сактоо, мамлекеттин идеологиясын, ишин чагылдыруу жана аны жалпы элге жеткирүү үчүн аталган каналдарды мамлекеттин кармагына өткөрүп берүү боюнча мыйзам жазылды. Ал болгону эки беренеден турат. Анан өкмөткө калган маселелерди чечсин деген тапшырма болот.


Депутат Акылбек Жапаровдун “Парламент” үналгысына курган маегине караганда, мыйзам колдоо тапса, “Пирамида” маданият жана спорт, ал эми “5-канал” парламенттик сыналгы болуп өзгөрмөкчү. Жапаров – мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири.

"Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Нарынбек Молдобаев “улутташтыруу” деген түшүнүк Баш мыйзамда жок болгондуктан “5-каналды” банкрот деп жарыялап, мамлекетке алуу мүмкүн экенин белгилеген. Депутат муну аталган телеканалдын 40 млн. сом дебитордук карызынын негизинде ишке ашыруу боло турганын айткан.

Суроо көп, маселе бир топ

"Шайлоого жакын парламент өз көмөчүнө күл тартуу жолдорун издей баштады" деген сын кептер да серепчилер арасында айтылууда. Буга чейин депутаттар КТРКда Жогорку Кеңештин иши жакшы чагылдырылбай жатканын, ал тургай атайын берүү ачуу тууралуу да айтышкан эле.

“5-каналдын” башкы директору Евгения Бердникованын айтымында, эгер мыйзам кабыл алынып, мекеме улутташтырылса мамлекет телеканалдын 40 млн. сом карызын жапканга туура келет. Ошону менен катар телеканал канчага бааланса, ал каражат өлкө бюджетине которулушу зарыл.

- Эгер биз мамлекеттик канал болсок анда мамлекет бизди каржылаш керек. Мисалы КТРКны каржылоого жылына 180 млн. сом бөлүнсө керек. Маалымат таркатылган аймактарды эске алганда дээрлик ушундай эле сумма “5-каналга” жумшалышы шарт.

Ошондой эле бардыгына эле парламенттеги жыйындар кызыгууну жаратпайт. Айрымдарга депутаттардын бири-бири менен чатакташканы же жарашканын көргөндөн көрө башка берүүлөрдү көргөн кызыктуурак. Мен мыйзамдуу улутташтырууга каршы эмесмин. Оболу улутташтыруу жөнүндө мыйзам кабыл алышсын. Ансыз кантип бул мыйзамды кабыл алышат?


"Музыканы төлөгөн киши угат"

“Пирамиданын” жетекчиси Марияна Шермур чакан өлкөдө маданият же спорт телеканалы деп бөлүштүрүү туура эмес экенин белгилөөдө.

- “Пирамида” социалдык жактан өзүнүн үлүшү бар эң эски жеке менчик канал. Кыргызстанда спорт жакшы өнүккөн эмес. Маданияттагы абал деле ошондой. Анан кантип биз кабарларды беребиз? Негизи эле мен улутташтыруу туура эмес болуп атат деп ойлойм. Жеке менчик каналды кантип менчиктештиргенге болсун?

“Пирамида” Бакиевдин учурунда жакшы эмес абалды башынан өткөргөн. Эч кандай алар тарабынан каржыланган эмес, көңүл бурган эмес. Биз өз каражатыбызга жашап келгенбиз. Бакиевдердин бизге кандай тиешеси бар экени дагы деле далилдене элек.


Турат Акимов
“Акча жана бийлик” гезитинин редактору, серепчи Турат Акимов улутташтыруудан майнап чыкпай турганын белгилөөдө. Анын ордуна “5-каналды” убагында Акаев, анан Бакиевдин жакындарына тарттырып жиберген башкы негиздөөчүсүнө өткөрүп берүү адилеттүү болмок деп эсептейт ал.

- Муну улутташтыруу кыйын болуп калат. Бул чечим чыккандан кийин “5-канал” Бабановдун колуна өтөт. Анткени бул канал бир жылдын ичинде ири суммада карызга түшкөн. “АКБ Кыргызстан” банкынан насыя алып ошол карызды жапкан деген маалыматтар бар. Ошондуктан карызга түшүрүп алган кишилер муну улутташтырып алат деп эсептейм. Мисалы “Мегаком” деле бир жылдан бери “улутташтырылып” келе жатат. Эки телеканал тең ошондой эле негизде соттун ары-бери чайкоосуна калат дагы, президенттик шайлоодон кийин тагдыры чечилет деп ойлойм.

Ал эми мыйзам долбоор 24-июнда парламент талкуусуна коюлат.

XS
SM
MD
LG