Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Өкмөт өз медиасына муктажбы?


КТРКдагы жаңы студия.
КТРКдагы жаңы студия.

Жеке менчик НТС телеканалынын айланасындагы талашка удаа “Пирамида”, “Бешинчи канал”, “Слово Кыргызстана” сыяктуу мамлекет эсебинен толук же жарым-жартылай каржыланган медиа каражаттардын келечеги талкууга түштү.

Айрым интернет-басылмалар бийлик “Пирамида”, “Бешинчи канал” жана “Слово Кыргызстана” маалымат каражаттарын бир холдингге бириктирүүгө аракет кылып жатканын жазып чыгышты.

Анткен менен маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов "өкмөттө мындай план жок" деп ишендирүүдө. Анын айтымында жогорудагы маалымат каражаттарынын тагдыры өкмөттүк деңгээлде талкууланып жатат, бирок "баары бир колдун алдына топтолот" деген туура эмес.

Султан Жумагулов.
Султан Жумагулов.

- Мен билгенден ушул күндөрү "булардын тагдыры кандай болот, келечегин кандай кылып чечебиз" деген талкуулар жүрүп жатат. Өкмөттө, президенттик аппаратта ушундай талкуулар болуп жатат. Антсе да ал телеканалдарды мурдагыдай банкрот деп жарыялап туруп, бийликтеги аткаминерлер жең ичинен алып алат деген туура эмес. Бирок мамлекет баарын өз колуна ала албайт. Анткени медиа каражатын иштетүү абдан көп акчаны талап кылат. Негизи маалымат каражаттары өз алдынча болуп, атаандаштыкка туруштук берип иштеши керек.

Банкрот абалындагы телеканалдар

Жакында эле “Пирамида” менен “Бешинчи каналдын” жетекчилери алмашып, алар менен кошо айрым журналисттер да иш которушкан. Байкоочулар муну аталган медиа каражаттарынын каржылык туңгуюкка кептелгени менен байланыштырып жатышат.

2010-жылдын апрель ыңкылабына чейин Бакиевдердин ээлигиндеги “Пирамида” менен “Бешинчи канал” кийин улутташтырылган. Бийликтин “Пирамиданы” парламенттик, “Бешинчи каналды” жеке менчик телеканал кылуу аракети ушу кезге чейин ишке ашпай келет.

Парламенттеги социалдык комитеттин мүчөсү Садык Шер-Нияз өлкө союз маалындагыдай өкмөттүк медиага муктаж эмес деген ойдо. Анын пикиринде бир-эки гана маалымат каражатын калтырып, калганын жеке менчикке бериш керек.

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

- Өкмөттүк маалымат каражаттары биз үчүн союз маалынан калган, мойнубузга салынган каамыт. Мисалы, бизде КТР, ЭлТР бар. Өкмөт өз ишин көрсөтөм десе ошолор деле жетет. Бийлик жакшы иш кылса жеке каналдар деле көрсөтөт. Мынча көп өкмөттүк медианын зарылдыгы жок. Аларга бюджеттен көп акча сарпталып жатат. Медиа каражаттары өз алдынча, атаандаштыкта иштеши керек.

Бийлик көз каранды медиага муктажбы?

Буга чейин орус тилдүү менчик басылмалардын ичинен эң окумдуусу катары айтылып жүргөн “Вечерний Бишкек” гезити жана интернет-сайты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда соттун кийлигишүүсү менен кожоюну алмашканы белгилүү. “Вечерний Бишкектин” ээси алмашкан соң анын курамындагы “Жаңы Агым” гезити да жабылган. Учурда басылманын иши солгундап, имараттары ижарада. “Вечерний Бишкектин” мурдагы ээси Александр Ким бийлик анын маалымат каражатын рейдерлик менен тартып алганын айтып жүрөт.

Ошол эле учурда "маалыматтык коопсуздук жана өкмөттүн саясатын элге жеткириш үчүн мамлекеттик медиа керек" дегендер да бар. “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев мындай дейт:

Кубанычбек Таабалдиев.
Кубанычбек Таабалдиев.

- Мамлекеттик маалымат каражаттары Кыргызстандын эки кызыкчылыгын коргойт. Биринчиси - жалпысынан алганда Кыргызстандын жалпы кызыкчылыгы жана экинчиси - ким келсе да бийликтин кызыкчылыгы. Бирок мамлекеттик медианын тагдырын ийри отуруп, түз кеңешип чечиш керек.

“Ачык бюджет” порталындагы маалыматка таянсак, өкмөттүк медиа каражаттарды каржылоого жыл сайын казынадан 590 миллион сомго жакын акча бөлүнөт. КТР менен ЭлТР кагаз жүзүндө коомдук деп аталганы менен иш жүзүндө бийликке толугу менен көз каранды экенин белгилеген пикирлер басымдулук кылат. Мындан тышкары мамлекеттин ар бир облуста бирден телеканалы жана дээрлик ар бир райондо гезити бар.

Эксперттер өкмөттүк маалымат каражаттары мамлекеттен каржылык колдоо алганы менен атаандаштыкта менчик медиага салыштырмалуу чабалдык кылып жатышканын айтып келишет. Мындай ойду “М-вектор” консалтинг компаниясынын соңку иликтөөсү да бышыктайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG