Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:45

КСДПнын курултайы февралда болчудай


Буга чейин КСДПнын курултайында анын башчылыгына экс-президент Алмазбек Атамбаевди бекитүү маселеси каралары айтылган.
Буга чейин КСДПнын курултайында анын башчылыгына экс-президент Алмазбек Атамбаевди бекитүү маселеси каралары айтылган.

Кыргызстандагы таасирдүү саясий партия катары саналган КСДПнын коомчулукта бүйүр кызытып жаткан курултайы февраль айына жылдырылганы кабарланды.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) буга чейин мөөнөтү бир нече ирет которулган бул курултайында башкаруучу партия экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мындан аркы саясий кадамдарын аныкташы мүмкүн экени сөз болууда.

КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязов өткөн айда партиянын курултайы (съезди) жакында өтөрүн айтып, анда бир гана маселе - КСДП партиясынын баш катчылыгына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин бекитүү маселеси караларын жарыялаган болчу.

Бирок башында декабрь айына, анан 2018-жылдын январь айына дайындалган бийликтеги партиянын жыйыны эми февраль айына жылдырылганы айтылууда.

Атамбаевдин планын чечмелеген оппозиция

Президенттик бийлигин тапшырардан мурун Алмазбек Атамбаев саясатта каларын жана партиясын жаңылап чыгуу менен алек болорун айткан. Анын бул айтканына карата айрым саясат талдоочулар "Атамбаев КСДП партиясын алдыдагы парламенттик шайлоого даярдайт" деп жыйынтык чыгарышкан.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясын жетектөөгө келип, ал аркылуу кийин саясий жараяндарга аралашып, кээ бир учурларда саясий чечимдерди кабыл алууга таасир этиши мүмкүн.

Адахан Мадумаров анын соңку билдирүүлөрүн талдоонун негизинде ошондой тыянакка келген:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Ал киши өзү баш мүдүр болобу же баш катчы болобу, эмне болсо дагы "мен партиянын башында болом, тизмеде биринчи болом" дебедиби. Бул сөз өтө чоң нерсеге берилген белги. Демек, партиянын башына келсе, тизмени баштап шайлоого барат. Анан анын "мен премьер дагы болбойм, спикер дагы болбойм" деп айтканы - демек, ал кийинки парламенттеги башкаруучу көпчүлүк коалицияны жетектеп туруп, "бардыгын чакырып алып башкарам" дегени. Анын бул планын тездетүүнүн жолу - парламентти таратып, партиясы аркылуу кайрадан бийликке келүү.

"Ар-намыс" саясий партиясынын төрагасы Феликс Кулов "парламент таратылышы мүмкүн" деген пикирлерге мындайча токтолду:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

- Эгерде КСДП партиясы азыр парламентти таратууга жетишип, "эски адат" боюнча кетсе, анда кийин олигархиялык-криминалдык, партиялык жана кландык парламент келет. Бул өтө коркунучтуу. Азыр эгерде КСДП партиясы парламентти эле таратса, анда анын аягы чоң трагедияга алып келерин көрөсүңөр.

Артыков: Оппозицияны Атамбаевдин таасири чочутат

Анткен менен КСДП партиясынын айрым мүчөлөрү оппозиция өкүлдөрүнүн айткандарын алдыдагы саясий жараяндарды алдын ала бурмалап сүрөттөө катары кабыл алышты. КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков оппозиция Атамбаевдин "партияны башкарам" деген сөзүнөн эле чочулап жатканын айтып, муну курулай доомат деп баалады:

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

- Биринчиден, парламентти таратып жаткан жери жок да. Андай таратмак түгүл, андай сөздүн өзү жок. Андай сөз чыкса, анан кандайдыр бир божомол айтышса болмок. Партиянын негиздөөчүсү Алмазбек Шаршенович болот. Ал киши президент болуп турганда партиядан тышкары жүрдү. Эми ал киши коомдук ишмер болгондон кийин аны партиянын делегаттары башчылыкка шайлайт болсо керек. Партияны башкарганы барса, анын эмнеси жаман? Мен ошого түшүнбөйм да. Алты жылда ал кишинин айткан сөзүнө турарын көрдүңөр. Ал адам эч кандай жогорку кызматка барбай турганын, бирок саясатта каларын айтып келе жатат. Анан эле айрым оппозиция өкүлдөрү корконунанбы же аны түрткүлөп, парламентти таратууга алып барып, анан ошонун негизинде "парламентке кайра келебиз" деген үмүттөрү барбы, иши кылып ушундай ушактарды чыгарганды токтотподу. Куловдун айткандары толугу менен ушак. Ал өзү мына ушундай ушактарды токуйт.

Улам жылдырылган курултай

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, депутат Осмонбек Артыкбаев партиянын курултайы боюнча мындай дейт:

Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

- Партиянын съезди жана анын күн тартиби тууралуу маалыматтарды билбейм. Съезд болушу мүмкүн. Бирок анын качан өтөрүн азырынча айта албайбыз. Аны азыр эч ким тактап, беките элек. Анан азыр ар кимдин эле кандайдыр бир түкшүмөлдөрү болуп, биздин саясатчылар ар түрдүү божомолдорду жасай беришет эмеспи.

КСДПны негиздеген саясатчы Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын декабрынан 2017-жылдын ноябрына чейин Кыргызстандын президенти болуп турган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG