Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:24

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага таандык мүлктү жана журналист Нарын Айып жашаган батирди сатыкка чыгарууну өтүнүп сотко кайрылды.

Экс-депутаттын жана журналисттин мүлкү боюнча арызды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Бишкектин Октябрь райондук сотуна жазган. Ал Чолпон Жакупова ээлик кылган Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүн жана Нарын Айып жашаган батирди сатыкка коюп, анын эсебинен айыппулду төлөтүүнү сураган.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Доого жыгылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова буларга токтолду:

- Президенттин дооматы боюнча коюлган айыптарда биздин күнөөбүз жок экенин биз соттордо да, башка жыйындарда да толук далилдедик. Соттук процесстер Баш мыйзамды, башка мыйзамдарды бузуу менен өтүп, өкүм да мыйзамга каршы келген жагдайда чыкканын да тастыктадык. Ага карабай биздин үстүбүздөн чыккан Жогорку соттун чечимин мыйзамды бузбаган киши катары аткаралы дедик. “Макул, айыппулду төлөп берели, маянабыздын 50% кармап калгыладедик. Бирок алар буга макул болбой, мүлкүбүздү тартып алгысы келип жатышат. Демек булар башынан эле биздин күнөөбүз бар экенин далилдөөнү эмес, “бийликке каршы чыккандарды ушинтип сындырып коебуздегенди көрсөткүсү келген экен. Булар бизди психологиялык жактан сындыруу менен башка журналисттерди жана жарандык коомду да коркутуп, “бул өлкөдө биз кожоюнбуздегенди демонстрация кылып жатышат.

Ал эми журналист Нарын Айыптын айтымында, ал жашаган батирдин үчтөн бир бөлүгү гана өзүнө таандык, аны сатып жиберсе энеси да үйсүз калат.

- Биздин мүлктү сот башталганга чейин элебиз утсак ушуну алабыз, кепилдик болуп турсундеп камакка алышкан да. Эми ошону ишке ашырып, үйдү алабыз деп жатышат. Бирок ал үй негизи менин атамдын үйү. Мен чет өлкөдө иштеп жүрүп, кайра Бишкекке келгенимде ошол үйгө каттоого тургам. Ошондо үйдө энем, карындашым болуп үч адам катталган. Эми азыр ошонун үчтөн бирин алып, сатабыз деп жатат да. Аны сатса эч ким албайт, ошон үчүн өтө арзан сатышат го. Бир эле бөлүгүн эмес, үйдүн өзүн эле алып алышат го. Андан нары не болот, билбейм.

Нарын Айып.
Нарын Айып.

Маалым болгондой, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу соттун чечими чыккан. Анын ичинен сайт 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, сайттын башка бир ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом айыпка жыгылган.

Соңку доо-арыз боюнча соттук отурум качан болоору белгисиз. Жогорку соттун басма сөз кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыковдон арыз келгенин ырастап, сот күнү белгилене элек экенин билдирди. Нурбек Сыдыков менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Мыйзамдагы талаштуу жагдайлар

Айыпталуучуларга карата доолордун өлчөмү жана мурдагы президент аны тез арада өндүрүүнү талап кылып жатканы коомчулукта түрдүүчө кабылданууда. Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов бул процедуралар мыйзамда так көрсөтүлбөй калганын белгиледи.

- Тилекке каршы, моралдык чыгымдын өлчөмүн аныктоо боюнча бир мыйзам да, методика да жок. Мыйзам менен чектелбегенден кийин ар ким оозуна батышынча айтат, доо коет. Бирок соттор аны канааттандырса, мындай “акылга сыярлык кылып” канааттандырып бериши керек. Негизи жөнөкөй жарандардан 50 миң, 100 миң сомго чейин сумма өндүрсө ал чоң сумма болуп эсептелет. Эми саясатчыларга, журналисттерге келгенде эле миллиондогон суммаларды коюп койгону менин оюмча анча жакшы эмес. Ал эми доону бир төлөтүү же бөлүп-бөлүп төлөтүү мыйзамдарда так каралган. Сот аны тараптардын материалдык абалына карап туруп чечим кабыл алышы керек.

“Мыйзамдуу талоончулук”

Укук коргоочу Динара Ошурахунова болсо миллиондук доого жыгууну жана аны дүңү менен талап кылууну "бийлик башындагылардын тез баюу аракети" катары баалады.

- Маселен, апрель окуясында каза болгондорго 1 млн. сомдон компенсация төлөндү. А булар болсо революция деле кылган жок, кыйраткан деле жок, кадыр-баркын 5 млн., 10 млн. деп баалап жатышат. Анан аларга көз каранды соттор доосун канааттандырып берип жатышат. Менин оюмча булар бюджеттен же башка жактан “кошумча” акча таба албай калып, эми өз жарандарын тоноп жатышат. Болбогон же жок кадырын айтып эле, эптеп байыгысы келүүдө. Бул нерселер эч кандай принципке, эч кандай мыйзамга туура келбейт. Буларды мен “мыйзамдуу талоончулук” деп гана айта алам.

"Сөз эркиндигинин да чеги болушу керек"

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кадыр-баркы үчүн "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабековду 10 млн. сом доого жыккан болчу. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев муну сөз эркиндигине кысым дегендерге кошулбайт.

- Миллион сомдук доолорду коюп, сотко берүү бул сөз эркиндигине эч кандай кысым эмес. Бул жөн гана адамдын өзүнүн аброюн коргоо аракети. Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршенович мунун баарын мыйзамсыз кылган жок да, мыйзамдуу кылып жатат. Алар Кыргызстандын жараны. "Аброюма шек келтирди" деп сотко берип жатса, аны сот канааттандырып жатса, эми соттун чечимин аткарыш керек. Антип чоң суммада доо койбосо, кээ бир журналисттер адамдык абройду тебелеп, каалагандай шыбап жазып жатышпайбы. Сөз эркиндиги деп эле ар кайсыны айтып, оттой бербеш керек да.

"Сөз эркиндиги ыйлай турган абалга жетти"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

​Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочу уюмдар “Заноза” сайтына жана анын журналисттерине чыккан сот өкүмүнө тынчсыздануусун билдирип келе жатышат. 12-январда Бишкектеги жыйында бир катар укук коргоочулар жана саясатчылар Кыргызстандагы сөз эркиндиги “ыйлай турган абалга жеткенин” айтышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы менен “Медиа Полиси” уюму жарыялаган отчетте алты жыл ичинде Башкы прокуратура баш болуп, депутаттар, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана бийликтеги аткаминерлер маалымат каражаттарына каршы 25 арыз жазышканы баяндалган. Аларга койгон доонун жалпы суммасы 80 миллион сомго чукулдаган.

Бишкекте сөз эркиндигинин абалы талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG