Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Медиа өкүлдөрү кесиптештерин колдоого чакырды


Укук коргоочу Чолпон Жакупова, журналисттер Нарын Айып жана Дина Маслова.
Укук коргоочу Чолпон Жакупова, журналисттер Нарын Айып жана Дина Маслова.

Эркин журналисттер бирикмеси доого жыгылган журналисттерди акчалай колдоого үндөдү.

Кыргызстанда ири өлчөмдө доого жыгылган журналисттерге тилектештик иретинде айрым медиа уюмдар бир күндүк эмгек акысын чогултууга киришти. Ошол эле учурда кесиптештери кандай жагдайда сот жообуна тартылганынан кабары жок журналисттер да бар.

"Zanoza иши" боюнча журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакупова жалпысынан 30 миллион сомду экс-президенттин пайдасына төлөөгө милдеттендирилген. Аларга мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин дарегине далилденбеген бир катар маалыматтарды тараткан деген кине тагылган.

Санаалаштардын көмөгү

Ири доого жыгылган журналисттерди жана укук коргоочуларды колдоп акча чогултуу өнөктүгүн кесиптештери жана жарандык коом өкүлдөрү 20-декабрда башташты. Алгач "Элсом" электрондук капчыгынан эсеп ачылып, ага эки жумада 15 миң сомдой каражат түшкөнүн Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов билдирди.

Ал эми Эркин журналисттер бирикмесинин төрайымы Тамара Валиева "Zanoza.kg" сайтын негиздеген Нарын Айып менен Дина Маслова үчүн атайын банк эсеби ачылганын, аларга онго жакын басылмалар бир күндүк эмгек акысын берүүгө макул болушканын кабарлады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "кадыр-баркына шек келтирди" деген кине менен журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана алар негиздеген "Zanoza.kg" басылмасы быйыл 27 миллион сом доого жыгылган. Райондук соттун мындай чечими Жогорку Сотко чейин жетип, өзгөртүлгөн эмес.

Адил Турдукулов алар маселени ачык айтып келгени үчүн ушундай жагдайга кабылганын, аларга жардам көрсөтүү жарандык коомдун милдети экенин белгиледи:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бул жерде максат - эбегейсиз чоң суммадагы акчаны Атамбаевге төлөп берүү эмес, коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге буруу. Айрымдар "акча чогултуп, соттун чечимин мыйзамдаштырганга аракет кылып жатасыңар" деп сындап жатышат. Кантсе да иш Жогорку Сотко чейин жетип, булар доого жыгылды. Мындай кезде жалгыз калтырып койгон туура эмес. Жардам берүү боюнча демилге көтөрдүк.

Жогорку Соттун "Zanoza.kg" сайты боюнча акыркы тыянагы эгемен Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигине сокку урган оор чечимдердин бири катары бааланууда. Бул боюнча "Human Rights Watch" сыяктуу эл аралык уюмдар да тынчсыздануусун билдирген.

Жагдайдан кабарсыз кесиптештер да бар

Бирок талаштуу сот чечиминин чоо-жайын билбеген журналисттер, коомдук ишмерлер да бар. Быйыл жайында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев сотко берип, бирок кийинчерээк элдешип алган "Де-Факто" гезитинин башкы редактору Амантур Мусагулов "Zanoza ишинен" кабарсыз экенин айтты:

- Журналист ар бир жазган сөзү үчүн жооп бериши керек, ал туура. Мен кандай негизде иш козголуп, кайсы сөздөрү үчүн чечим чыкканы тууралуу кабарым жок. Ошондуктан комментарий бере албайм.

Эркин журналисттер бирикмесинин төрайымы Тамара Валиева азыр журналисттер кандай жагдайда доого жыгылганын талдап отуруу туура эмес экенин белгилеп, кесиптештерин аларга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Тамара Валиева.
Тамара Валиева.

- Басылмада мынчалык көп каражат жок экенин биле туруп, ушундай чечим чыгарууну түшүнбөй турам. Биздеги соттор тырмакча ичинде "гумандуу" экенине дагы бир жолу ынандым. Кантсе да, азыр журналисттер коомчулугу эки жаатка бөлүнбөй, биримдикти көрсөтүшү керек. Доого жыгылган кесиптештерибиз өздөрү сумманы төлөй алышпайт. Мындай кырдаал башкалардын да башына келип калышы мүмкүн. Саясий көз караштар ар түрдүү болсо да, аларды колдоого чакырабыз.

Кубанычтуу жана кейиштүү демилге

Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер инфо" гезитинин директору Шаиста Шатманова журналисттерди колдоону кубанычтуу, ошол эле учурда кейиштүү демилге катары сыпаттады:

Шаиста Шатманова
Шаиста Шатманова

- Доого жыгылган журналисттерди журналисттер эле эмес, жөнөкөй жарандар, окурмандары да колдоп, каражат берип жатканын уктум. Бул кубанычтуу. Себеби, окурмандар бийликтин сөзүн гана сүйлөгөн маалымат булактарынан башка медиаларды колдоп жатышат. Коомчулук маалыматка жетүү маанилүү экенин түшүнүп жатат. Бирок кейиштүү жагы - адамдар маалыматка эркин жетүү укугун сатып алып жаткандай көрүнүп турат. Мындай учурда жалпы журналисттердин туруму бирдей болууга тийиш - Кыргызстанда сөз эркиндиги жашашы керек!

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүүгө сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом,"Адилет" укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Укук коргоочу БУУга кайрыларын билдирген. Ошондой эле элден чогултулган суммадан баш тартып, журналисттерге берерин айткан.

Башка миллиондук доолор

"Жалган маалымат таратты" деген негиз менен журналисттерге жана укук коргоочуларга ири суммадагы акчалай айып салган дагы эки сот иши бар.

Алардын бири - "Дача СУ иши" боюнча "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновага 5 миллион сомдон айып салынган.

Акыркысы - жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы берген арыздын негизинде жакында "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабеков 10 миллион сом доого жыгылышты. Бул жагдайды эксперттер жана укук коргоочулар сөз эркиндигин чектөө жана саясий куугунтук катары баалап келишет.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму быйыл жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча “көйгөйлүү өлкөлөрдүн" катарына кирген. 180 мамлекет ичинен Кыргызстан былтыр 85-орунду ээлесе, быйыл 89-катарга түшкөн.

Доого жыгылган журналисттерге жардам үчүн банк эсеби:

«Медиа Фокус» КБ
ИНН 00307201710246
ОКПО 29998887
Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч., 90а
«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»,
БИК 118003
Эсеп:
СОМ 1180000101079462
ДОЛЛАР 1180000101079563
ЕВРО 1180000101079664

"Элсом" электрондук капчык номуру:
0555 750-882.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG