Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Прокуратура экс-президентти сотто коргоду


коллаж
коллаж

30-ноябрда Жогорку Сот башкы прокурор Индира Жолдубаеванын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча Zanoza.kg сайтынын үстүнөн жазган доо арыздарына чыккан үч чечимди карады. Жогорку Соттун коллегиясы райондук жана шаардык соттордун чечимдерин өзгөртүүсүз калтырды.

Буга чейинки сот чечимдерине ылайык, Zanoza.kg жана анын журналисттери экс-президент Алмазбек Атамбаевге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал эми мурдагы депутат, укук коргоочу Чолпон Жакуповага 3 миллион, “Ата Мекен” партиясынын эки юристине 5 миллион сомдон илинген.

Булар боюнча жалпы беш иш козголгон. Алардын үчөөнө Жогорку Сот акыркы чекитти койду.

“Ата Мекендин” юристтери өз ишинде жоопкер боло алган жок

30-ноябрда Жогорку Сотто “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин юристтерине байланыштуу иш биринчи каралды. Бул иште Zanoza.kg сайтына ээлик кылган "ПроМедиа” фонду жана Өмүрбек Текебаевдин юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз жоопкер болгон.

Буга чейин юристтер Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиздин Дача-СУ айылындагы учак кырсыгы боюнча пресс-конференцияда айткандарын жарыялаганы үчүн моралдык чыгым катары Zanoza.kg сайтына 3 миллион, ал эми юристтердин ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүү чечими чыккан. Ошондой эле сот тарабынан Токтакунованын мүлктөрү камакка коюлган.

Жогорку Сотто жараян башталганда ага жоопкер катары катышып жаткан Таалайгүл Токтакунова Башкы прокуратуранын кызматын тапшырган Алмазбек Атамбаевдин укугун коргоп жатканы мыйзамдарга каршы келе турганын айтып, өтүнүч келтирди:

- Атамбаев 24-ноябрдан тарта президент эмес. Башкы прокуратура эми жалаң гана Сооронбай Жээнбековдун кызыкчылыгын коргошу керек. Атамбаев аброюма шек келтирилди десе, башка элге окшоп эле адвокат жалдап, өз кызыкчылыгын өзү коргошу керек. Конституция, “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдар бар. Ушул үчөөндө тең экс-президентти Башкы прокуратура колдойт деген норма жок.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

Токтакунова өз өтүнүчүн негиздеп жаткан учурда судьялар Жамалкан Исакова, Галина Үмөталиева жана Нургүл Сатыбалдиевадан турган коллегия Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз өздөрү Жогорку Сотко кассациялык арыз жазбагандыктан жараянга жоопкер катары катыша албайт деген жыйынтыкка келди. Кассациялык арызды Башкы прокуратурага Zanoza.kg сайтына ээлик кылган "ПроМедиа” фондунун өкүлдөрү жолдогон.

Токтакунова анын Башкы прокуратуранын экс-президентти коргогону боюнча келтирген өтүнүчүнө судьялар чечим чыгарууга батына албаганы үчүн алардын жоопкер катары укуктарын чектеп койду деген ойдо:

- Азыр биздин сот жараяныбыз каралып жатат. Биз катышкан жараянда бизди укпай, сыртка чыгарып койгону мыйзамдуу болобу?

Сотко катышып жаткан Башкы прокуратуранын өкүлү экс-президенттин укугун коргоп жатканы боюнча пикирин билдирүүдөн баш тартты. Ал эми Башкы прокуратурадан бул маселе боюнча кийинчерээк комментарий бериле турганын маалымдашты.

"ПроМедиа” фондунун өкүлдөрү сотто башкы прокурордун Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча доо арызы негизсиз жазылган деп, райондук соттун чечимин жокко чыгарууну жана ишти кайра кароого жиберүүнү суранышты. Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү сотто Руслан Абдырахманов райондук жана шаардык соттун чечимдерин жокко чыгарууга негиз жоктугуна токтолду:

- Кассациялык арызда келтирилген жүйөлөр жана толуктоолор сот актыларын өзгөрткөнгө негиз боло албайт. Биз сот чечимдерин күчүндө калтырууну суранабыз.

Жыйынтыгында Жогорку Сот Zanoza.kg сайтынан 3 миллион, ал эми юристтерден 10 миллион сом өндүрүү боюнча буга чейинки чечимдерди күчүндө калтырды.

Башка сот чечимдери

Мындан соң "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, мурдагы депутат Чолпон Жакупованын президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткандарына байланыштуу андан 3 миллион, "ПроМедиа” фондунан 3 миллион, анын негиздөөчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айыптан 3 миллион сомдон өндүрүү тууралуу чечими каралды. Жогорку Соттун бул ишти караган судьялары Гүлбар Кулматова, Памирдин Жумагулов жана Маргарита Мельниковадан турган соттук коллегия райондук жана шаардык соттордун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Бул иш боюнча жоопкерлерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган жана Чолпон Жакупованын мүлктөрү камакка коюлган.

Мындан тышкары, "ПроМедиа” фондунун кожоюндарынын бири, журналист Нарын Айыптын өзүнөн 6 миллион, сайттан 6 миллион сом өндүрүү чечими чыккан.

Соттук териштирүүлөр учурунда Нарын Айыптын батири да камакка алынган.

Сот иштерине баалар

Журналисттердин адвокаты Акмат Алагушев буларга токтолду.

- Кемчилик болсо дагы мыйзамга, принциптерге таянып, чечим чыгарса болмок. Эми бул миллион-миллион деген доолор болбойт да. Президент эл алдындагы адам болгондуктан сынга даяр болуш керек да. Килейген маалымат кызматы бар. Бирөө туура эмес айтса, ошол аркылуу жооп берсин. Президентти килейген Башкы прокуратура коргоп жатат. Бир кичинекей Zanoza.kg сайтын мамлекеттик күч жайлап салды, соту баш болуп.

Бийликтеги социал демократтар фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева укуктук мамлекетте сот чечимдери сыйланышы керек деп эсептейт:

- Кыргызстан укуктук мамлекет. Бул биздин Баш мыйзамыбызда жазылган. Бизде сот системасы өзүнчө көз карандысыз бийлик бутагы. Анан биз көңүлүбүзгө жакпаган чечимдерди сындай берсек болбойт.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо арызына ылайык, Zanoza.kg сайтынан жалпы 27 миллион сом өндүрүүнү Бишкектин Октябрь райондук соту канааттандырган. Анын ичинен "ПроМедиа" 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү.

Мындан тышкары, "Ата Мекендин" юристтери 10 миллион, Чолпон Жакупова 3 миллион сомго жыгылган.

Бул сот иштерине удаа эле Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-июлдагы чечими менен "ПроМедиа" коомдук фондуна ал негиздеген Zanoza товардык белгисин пайдаланууга тыюу салган. Ошондон кийин Zanoza.kg сайты ишин токтотуп, анын жамааты Kaktus.media деген аталыштагы маалыматтык сайт ачкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG