Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:30

Сөз эркиндиги маселеси Варшавада көтөрүлдү


Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоо максатында март айында өткөрүлгөн жүрүш.

Кыргызстандагы журналисттердин үстүнөн коюлган соттук доолор ЕККУнун жыйынында көтөрүлдү.

Кыргызстандагы адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы Польшанын борбору Варшавада өтүп жаткан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйынында талкууланууда. Дүйнөдөгү адам укугунун сакталышын талкуулаган жыйын 11-сентябрда башталган.

Жыйынга жарандык коомдун атынан катышып жаткан "Бир дүйнө - Кыргызстан" кыймылынын төрайымы Төлекан Исмаилова өлкөдө президенттин кадыр-баркына шек келтирди деген жүйө менен журналисттерге карата миллиондогон доолор салынганына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылганын айтты:

- Мен журналисттерге карата куугунтуктоо жүрүп жатканын айттым. Мисалы, үч эле киши Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакуповага президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп 480 миң доллар төлөөнү сот милдеттендирди. Буга жол берген эмне деген сот, прокуратура деп маселе койдум. Мунун баарын тезинен токтотушу керек дедим. Буга жыйын жүрүшүндө Башкы прокуратура жооп бере алган жок. Алар консультация өткөрүп, жооп даярдап жатышат. Ошондой эле сатира аркылуу бийликти сындагандар куугунтукка кабылып жатканын билдирдим. Булар бузулбашы керек. Ал адамдын фундаменталдуу укуктары.

Толекан Исмаилова.
Толекан Исмаилова.

ЕККУдагы жыйындын жүрүшүндө кыргыз парламентинде көтөрүлгөн кумсаларды пропагандалоого каршы маселе да талкууланды.

Эл аралык гуманисттик жана этикалык союз уюмунун өкүлү Элизабет О'Кейси Кыргызстанда бул жаатта азчылыктардын укугу бузулуп жатканын билдирди:

- Орусия жана Кыргызстанда азчылыктардын укугун коргоо боюнча мыйзамдар бузулуп, бул принциптер криминалдашып жатат. Сексуалдык азчылыктардын эркиндиги боюнча маселелер бар. Мындан тышкары эксперттер бул жаатта иш алып барып, четтен жардам алган бейөкмөт уюмдарга да чектөө киргизүү аракети болгонун белгилешет.

Кыргызстанда "Кумсалыкты үгүттөөгө каршы" мыйзам долбоорун бешинчи чакырылыштагы парламент иштеп чыгып, экинчи окууда кабыл алган. Бирок жаңы чакырылыштагы парламент бул мыйзамды талкуулай элек.

Варшавадагы жыйынга Кыргызстандын баш прокурорунун орун басары Людмила Усманова баш болгон расмий делегация катышууда. Алар өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча маалымат берип жатат.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жаатындагы абал боюнча суроолорго жооп берген Людмила Усманова соттук иштер мыйзамдын чегинде жүрүп жатканын билдирди:

- Дүйнөлүк практикада маалымат каражаттары боюнча бардык талаштуу маселелер цивилдүү жол менен сот аркылуу чечилет. Эгерде биздин өлкө боюнча айта турган болсок, ар бир берилген доо арыз негиздүү жана объективдүү жол менен алынган маалыматтарга таянган. Быйыл "Медианы өнүктүрүү борбору" фонду жана ЖМКларга түшкөн арыздарды кароо комиссиясы басма сөз каражаттарына мониторинг жүргүзүп, бул жаатта бир катар оң тенденцияларга карабай, Кыргызстандагы басылмалар адилеттүү журналистиканын эл аралык талаптарынан алыс деген жыйынтыкка келди.

Усманова Кыргызстан сөз эркиндиги бооюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан жакшы абалда экенин белгилеп, бул боюнча сындар негизсиз деп кошумчалады.

Ошондой эле баш прокурордун орун басары Людмила Усманова өлкөдө жарандык коом жана ар кыл азчылыктардын укуктары мыйзам менен корголгонун белгиледи:

- Мыйзамдарды даярдоодо бейөкмөт уюмдардын, юридикалык коомчулуктун пикири эске алынды. Ошондой эле ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын кеңештерине маани берилген. Учурда жарандардын өз пикирин билдирүү үчүн кандай гана чөйрө болбосун колдонуу укугуна ээ.

Варшавадагы ЕККУ жыйыны башталар алдында Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча ассоциация атайын билдирүү таратып, Кыргызстанда президенттик шайлоо алдында маалымат каражаттарына чектөө күчөп жатканын билдирген. Анда президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп журналисттерге карата доолор, оппозициячыл «Сентябрь» каналына тыюу салынышы мисал келтирилген.

Быйыл жазында Башкы прокуротура Zanoza.kg сайтына чыккан "айрым материалдар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз өндүрүү боюнча беш арыз берген.

Бишкектин Октябрь райондук соту бул иш боюнча "Адилет" укук клиникасынын директору Чолпон Жакупова 3 млн сом, "ПроМедиа" коомдук фонду 3 млн сом, анын түзүүчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслова 3 млн сомдон төлөсүн” деген чечим чыгарган.

Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган болчу.

Муну журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү сөз эркиндигине басым катары баалап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG