Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Бишкекте сөз эркиндигине арналган жыйын өттү


Бишкекте сөз эркиндигин жана өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулаган жыйында президент Алмазбек Атамбаевге оозеки кайрылуу жолдонду.

Жыйынга катышкан легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов жана мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Атамбаевди саясий туткундарга кечирим берүүгө жана ЖМКларга карата соттук доолорду кайра чакыртып алууга үндөштү.

“Сөз эркиндигин коргоо” комитети өткөргөн форумда сөз эркиндиги, саясий куугунтукту токтотуу, тынч митингге чогулуу укуктарынын корголушу деген үч негизги багытта талкуу жүрдү.

“Саясий туткундарды коргоо комитети” уюмунун төрагасы Сапар Аргымбаев учурда Кыргызстанда 25 саясий туткун камакта деп маалымдады.

Буга чейин президенттин ар-намысына шек келтирди деген айып менен “Заноза” сайты жабылган.

Жакында эле оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалы соттун чечими менен ишин токтотту.

27-июлдан 20-октябрга чейин Бишкекте тынч жыйын, митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Бийлик өкүлдөрү болсо Кыргызстанда куугунтук жок деп эсептешет.

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Анвар Артыков соттолуп жаткан оппозиционерлерди саясий куугунтукка кабылды деп айтуу туура эмес деп эсептерин "Азаттыкка" 2-августта билдирген. Депутат мурдагы бийликтердин тушундагы оппозициялык саясатчыларга жасалган мамилени эскерип "​Азыр эч кандай куугунтук жок" деп айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG