Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Таза шайлоого чакырган жарандык кыймыл түзүлдү


"Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталган жарандык кыймылдын башында турган саясатчылар, коомдук ишмерлер.
"Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталган жарандык кыймылдын башында турган саясатчылар, коомдук ишмерлер.

Кыргызстанда "Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталган жарандык кыймыл түзүү боюнча меморандум кабыл алынды. Кыймылды уюштуруу жыйынына тажрыйбалуу саясатчылар, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер катышты.

"Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталган жарандык кыймыл түзүү боюнча меморандумга экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер кол коюшту.

Аталган кыймыл алдыдагы президенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылууга, бийликти тынч өткөрүп берүү салтын бекемдөөгө, шайлоо өнөктүгү жана анын жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде өлкөдө туруктуулукту жана биримдикти сактоого кол кабыш кылууну максат кылат.

Буга ылайык, жаңы түзүлүп жаткан кыймыл бийликтерди шайлоо жүрүшүнө жана жыйынтыктарына, Боршайкомду, укук коргоо органдарын, сотторду талапкерлердин саясий атаандаштык жарышына кийлигишпөөгө, тигил же бул талапкердин кызыкчылыгы үчүн элге басым жасабоого чакырууда. Ал эми Жогорку Кеңешти шайлоону демократиялык маанайда, таза өткөрүү боюнча Конституцияда аныкталган милдеттерди так аткарууга, жоопкерчиликтен качпоого үндөйт.

"Таза шайлоосуз таза коом жок" кыймылынын башында тургандардын бири Равшан Жээнбеков кыймылдын түзүлүшүнө шайлоонун акыйкат өтүшүнө күмөн саната турган тобокелчиликтер себеп болуп жатат деп билдирди:​

- Азыркы күндөгү бийликтин, бийлик колдогон партиялардын басымы күчөп келе жатат. Азыр бийлик өкүлдөрү мамлекеттин, кандайдыр бир коррупциялык механизмдердин эсебинен кайсы бир талапкерди колдоп, айыл-айылда чектен чыккан иштерди жасай баштады. Бул таза шайлоого эч кандай түрткү бербейт. Бизде шайлоону таза өткөрүүгө коркунучтар, тобокелчиликтер пайда болуп жатат деп айтып жатканыбыз ошондон.

Кыймылды түзүүчүлөр.
Кыймылды түзүүчүлөр.

Ал эми меморандумга биринчилерден болуп кол койгон экс-президент Роза Отунбаева кыймылдын түзүлүшүн шайлоодогу түрдүү процесстерге, ар кандай мыйзам бузууларга коомчулуктун кийлигишүүсү зарыл экендиги менен түшүндүрдү:

- Бир тараптуу болбосун, баары тең, мыйзамдуу болсун деп, көп шайлоодон өткөн, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөгө салым кошкон адамдар кайдыгер болуп үйдө байкоочу болуп отуруп албай, көмөк көрсөтөлү, колубуздан келсе, күч берели деп чыктык.

Жыйында бул өңдүү кыймылдар шайлоодогу адилетсиздикке каршы ачык күрөш жүргүзүүгө кудуретсиз деген көз караштар да айтылды. БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин белгилешинче, кыймыл укуктук эч кандай күчкө ээ боло албайт:

- Мен башка жолдорун айттым. Эгер кыймыл түзүүчүлөр коркпой-үркпөй мыйзамдарды сактап калалы десе, шайлоонун таза өтүүсүн кааласа, анда коомдук уюм түзсө болот. Ага ар бир катышкан киши кол коюп, келишим түзүп иштесе, анда ал кыймыл кандайдыр бир деңгээлде шайлоо процессине катыша алат. Азыркы бул макамында бул кыймыл саясий билдирүү жасагандан башка эч кандай күчкө ээ болбойт.

Анткен менен кыймылдын демилгечилери президенттик шайлоону утурлай, Кыргызстанда административдик ресурстарды колдонууга, шайлоочулардын добушун сатып алууга, бурмалоолорго жана адилетсиздикке каршы калыс сөзүн айтууга кудуреттүү уюм түзүлгөнүн айтып жатышат.

Муну белгилеген Равшан Жээнбеков "Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталган кыймылдын башка да аракеттери болорун "Азаттыкка" билдирди:

- Биз жакынкы күндөрү иш-пландарыбызды иштеп чыгабыз. Анда билдирүүдөн баштап, бардык эл аралык коомчулукка чейин кайрылуу жасоо, аймактарды кыдырып, элди акылмандыкка, тынчтыкка жана адилеттикке чакыруу максаттарыбыз бар.

"Таза шайлоосуз таза коом жок" кыймылы түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00

Аталган кыймылды түзүүчүлөрдүн ишендиргенине караганда, алар кайсы бир талапкерди колдобойт.

Президенттик шайлоону утурлай буга чейин тигил же бул талапкердин кызыкчылыгын көздөгөн саясий топтор, кыймылдар түзүлүп, айрымдары тарап кеткен учурлар да катталууда. ​

Ошол эле учурда президент жана өкмөт баштаган бийлик бутактары шайлоо таза жана калыс өтөөрүнө ишендирүүдө. Президент башында турган Коопсуздук кеңеши 11-сентябрда шайлоого даярдыктарды талкуулаган. Анда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кыргыз өкмөтү шайлоону таза уюштуруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтып баяндама жасады. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев шайлоо камылгалары боюнча буларга токтолду:

- Өткөн парламенттик шайлоодо деле ызы-чууларды көргөм. Керек болсо шайлоо күнү кээ бир телеканалдар мындай жаман, ыплас парламенттик шайлоо өткөн эмес деп бакылдагандарын көргөм. Андайды эл өзү чечет. Шайлоо таза, жакшы өтсө, эл кабыл алат. Шайлоо таза өтпөсө, эл кабыл албайт. Ошондуктан шайлоо таза өтүшү керек.

Коопсуздук кеңеши шайлоо маселесин талкуулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага БШКнын каттоосунан өткөн 13 талапкер катышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG