Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Сөз эркиндигин коргоо комитети: Оппозицияны бир жактуу каралоо токтотулсун


Кыргызстандагы бир катар маалымат каражаттарынын Башкы прокуратура жана бийлик өкүлдөрү тарабынан сотко берилип, жоопкерчиликке тартылып жатканы кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы жана мамлекеттүүлүккө коркунуч келтирет.

Бул тууралуу "Сөз эркиндигин коргоо" комитети тараткан билдирүүдө айтылган. Аталган комитеттин мүчөсү Адил Турдукулов "соттордун мыйзамсыз чечимдери" өлкөдө сөз эркиндигин чектөө болуп саналарын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бишкек шаар соту Zanoza.kg. сайтына чыгарылган мурдагы чечимдерди күчүндө калтырды. 5-октябрда Свердлов райондук соту 24.kg сайты менен журналист Кабай Карабековду ар бирөөсүн президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго 5 млн сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Дача-СУда жетимишке жакын кишинин өмүрүн алган учактагы жүктүн кимге таандык экенин билгиси келгени үчүн "бийликти басып алууга чакырган" деген иш боюнча соттолуп жатат. Мындай аракеттери менен бийлик коомчулукту чыңалууга түртүп жатат.

Турдукуловдун айтуусунда, комитет УКМК, Башкы прокуратура жана сот органдарын оппозициячыл саясатчыларды негизсиз айыптап, камоону, ал эми мамлекеттен каржыланган маалымат каражаттары аларды бир тараптуу каралоону токтотуусун талап кылууда.

Айрым байкоочулар Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелбегенин, мындан ашепке пайдаланган кээ бир маалымат каражаттары чындыкка негизделбеген маалыматтарды таратууга ыктап кетишкенин белгилеп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG