Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:35

Миллиондук доолор: президенттин кадыры адам өмүрүнөн кымбат


Саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүш, 18-март, 2017-жыл

Бишкектеги жыйында бир катар укук коргоочулар жана саясатчылар Кыргызстандагы сөз эркиндиги “ыйлай турган абалга жеткенин” айтып чыгышты. Алар буга былтыр журналисттерге коюлган миллиондук доолорду мисал тартып, бул көрүнүш келерки жылдары уланат деп эскертишти. Бирок мындай пикирге кошулбагандар да бар.

“Өлүмдөн бийик бааланган кадыр-барк”

Кыргызстандагы сөз эркиндигин талкууга алган Бишкектеги жыйында алгач “Адилет” укуктук клиникасы менен “Медиа Полиси” институту журналисттерге жана массалык маалымат каражаттарына коюлган соттук доолор боюнча отчетту жарыялашты. Анда алар негизинен президенттердин кадыр-баркын коргоо үчүн берилген арыздардын мыйзамга туура келбеген жактарын жана доолордун кесепеттерин талдоого алышкан.

“Адилет” укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов алардын негизгилерине токтолду:

- Биздин уюм, “Медиа Полиси” институтунун юристтери менен чогуу журналисттерге карата соттордо адвокаттык кылып жатып, аларда өтө көп процессуалдык жана материалдык нормалар бузулганын аныктадык. Анын эң одоно катасы катары президенттин атынан Башкы прокуратуранын сотко кайрылганын атайбыз. Мыйзам боюнча эгер сотко арыз жазса анда президент же өзү же анын ишенимдүү адамы бериши керек эле. Бирок андай болгон эмес. Ошол эле кезде мыйзамга ылайык эгер кимдир бирөө президенттин баркына доо кетирсе, Башкы прокуратура биринчи эскертүү бериш керек болчу, бирок бир да жолу андай кылышкан эмес. Андан сырткары доолордун биринде да мыйзамда көрсөтүлгөндөй президент кайсы сөзгө кемсингени жазылган эмес. Анда жалпы текстке, абзацка, сарказмга, же какшык сөзгө деле капа болгондору гана жазылган.

Бишкекте сөз эркиндигинин абалы талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

“Адилет” укуктук клиникасы менен “Медиа Полиси” институту жарыялаган отчетте алты жыл ичинде Башкы прокуратура баш болуп, депутаттар, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана бийликтеги аткаминерлер маалымат каражаттарына каршы 25 арыз жазышканы баяндалган. Аларга койгон доонун жалпы суммасы 80 миллион сомго чукулдаган.

Былтыр Алмазбек Атамбаев президент учурунда "анын кадыр-баркына доо кетирилген" деген айып менен "Zanoza.kg" сайтынын журналисттери Нарын Айыпка, Дина Масловага жана белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакуповага коюлган 30 миллион сомдук доолор “логикага сыйгыс” экени айтылды. Юристтер адам өлтүрүү боюнча айыпталган адамдарга да соттор мынчалык көп доо койбогонун белгилешти.

Мисалы, Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Ш.К.И. аттуу жаранды адам өлтүрүү боюнча айыптуу деп таап (11-май, 2017), маркумдун жакындарына болгону 200 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Ошондой эле Биринчи май райондук соту Т.Ж.Т жана С.Б.К аттуу тургундарды адам өлтүргөн деп таап (4-октябрь, 2017), маркумдун туугандарына болгону 100 миң сом өндүрүп бергенин айтышты. Ал эми адам өлтүргөндүгү үчүн Ленин райондук соту К.Г.К аттуу жаранга 100 миң сом айып салганы (27-март, 2017) да айтылды. Кепти кайрадан Тимур Султановго берели:

- Кыргызстандын Конституциясынын преамбуласында адам, адамдын өмүрү жана анын ден соолугу башкы баалуулук катары бекитилген. Ал эми практика көрсөткөндөй адамдын өмүрү жана ден соолугу, адамдын ар-намысы менен кадыр баркынан да төмөн бааланып жатат. Биз Бишкек шаары менен Чүй облусунун соттору 2017-жылы чыгарган гана өкүмдөрүн мисал тарттык. Ал эми башка жылдардагы, башка аймактарды соттордун өкүмүн карасак эң оор кылмыш – адам өлтүрүү боюнча айыпталган жарандар 50 миң сом компенсация төлөгөндөрү да бар. Башкача айтканда алар моралдык зыян келтирген адамдарга караганда аз компенсация төлөшкөн,-деди “Адилет” укуктук клиникасынын өкүлү Тимур Султанов.

"Журналисттерге куугунтук дагы уланат"

Аталган эки уюмдун адистери "жалган маалымат таратканы" үчүн моралдык кенемтенин өлчөмүн көбөйтүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сунуштаган мыйзамды да талдоого алып, аны “чийки" мыйзам катары сүрөттөштү. Алар ошондой эле ушул сыяктуу мыйзамдардын демилгеленип жатышы “2018-жылы да журналисттерге көп куугунтук болорунан кабар берет” дешти.

​Ал эми жыйында сөз алган журналист Кабай Карабеков быйылкы эле жыл эмес, жаңы президенттин алты жылдык мөөнөтү да “сөз эркиндиги үчүн оор болорун” боолголоду. Карабеков анын өзүн жана "24.kg" агенттигин президент Сооронбай Жээнбеков 10 млн сом доого жыкканын "куугунтуктун жаңы темпте башталышы" деди:

- Азыр бир эле массалык маалымат каражаттарына эмес, бардык жарандык коомго басым жасаган мамлекеттик саясат жүрүп жатат. Соттук доолор бул ошол саясаттын “өндүрүштүк механизми”. Конституция бизге оюбузду эркин айтуу укугубузду камсыз кылып берет, бирок журналисттерге каршы соңку процесттерде соттор муну таптакыр эске албай жатат. Ушул кетиш менен биз сөз эркиндиги боюнча Түркмөнстандын деңгээлине чейин түшөбүз. Келерки алты жылда да соттор акыйкат болоорунан үмүт кылбашыбыз керек.

Жыйынга чогулган бир катар укук коргоочулар жана коомдук ишмерлер чоң суммадагы соттук доолорду бийликтегилердин элдин эсебинен баюуга болгон аракети катары мүнөздөштү. Анткени эми эки президентти туурап, майда аткаминерлер да миллион сом талап кылып, медиа кызматкерлерин сотко бере баштаган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов азыркы сөз эркиндигин адам ыйлаарлык деп баалады:

- Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында эки кадам алдыга, бир кадам артка таштап жатат. Бирок эгер акыркы 25-30 жылды жыйынтыктап туруп айта турган болсок, азыркы сөз эркиндиги ыйлай турган абалда болуп калды. Сөз эркиндиги бул адам укуктарынын фундаменталдык укуктарына кирет. Дагы эки эркиндик - жүрүштөргө, митингге чыгуу эркиндиги жана дин тутуу эркиндиги бар. Бул үчилтик (триада) эркиндиктин негизин түзөт. Эгер мамлекет ушул үч фундаменталдык эркиндиктин бирине гана кол салса, анда ал мамлекеттин келечеги болбойт.

Сөз эркиндигинин азыркы жагдайын талкуулаган Бишкектеги жыйында легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мурдагы жана азыркы президенттерге ачык кайрылып, журналисттерге койгон арыз-дооматынан баш тартуусун суранды. Ал эми укук коргоочу, “Прецедент” уюмунун жетекчиси Нурбек Токтакунов “соттук доолор көбөйгөн сайын, аны менен күрөш да күчөйт” деген оюн билдирди.

"Сөз эркиндиги ыйлай турган абалга жетти"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Ошол эле кезде Кыргызстандагы сөз эркиндигин салыштырмалуу канааттандырарлык деп баалагандар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков журналисттерге соттор чоң доо койгонуна макул эмес экенин айтып, бирок буга журналисттердин өзүн да айыптады:

- Сөз эркиндигинин рейтингинин төмөндөп кетишине эки тараптын тең айыбы бар. Соттордун да ашыкча эле чоң суммага айыпка жыгып жатканы жосунсуз нерсе. Бирок ошол эле кезде кээ бир журналисттер да сөз эркиндигин сөз мейкиндиги катары кабыл алышып, адамдын аброюна, ар-намысына шек келтирген учурлар көп эле. Анан такталбаган маалыматтарды көп таратып, анын кесепетин тартып, кайра аны саясат кылган кесиптештер да арбын.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму 2017-жылдагы сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстанды 85-позициядан 89-позицияга жылдырып, сөз эркиндигинин абалы начарлаганын белгилеген. Мунун себебин эл аралык уюм өткөн жылы Кыргызстанда медиа каражаттарына карата соттук доолор көбөйгөнү менен байланыштырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG