Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:44

12-ноябрда Бишкек шаарындагы жыйында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, пикир айтуу укугуна байланыштуу соңку жагдайлар талкууланды. Чогулгандар массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге жана укук коргоочуларга карата соттук доолорду айыпташты. Иш-чарага депутаттар, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, эксперттер катышты. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму 2017-жылдагы сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстанды 85-позициядан 89-позицияга жылдырып, сөз эркиндигинин абалы начарлаганын белгилеген. Мунун себебин эл аралык уюм өткөн жылы Кыргызстанда медиа каражаттарына карата соттук доолор көбөйгөнү менен байланыштырган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG