Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:02

Басма сөз: Жарым-жартылай бойго бүтүүгө мүмкүн эмес


Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган. 07.3.2011.

2010-жылдагы Экинчи элдик ыңкылаптын 8 жылдыгына байланыштуу сунушталган бул серепте Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин көйгөйлөрү талкууланат.

Кыргызстан үчүн XXI кылымдын алгачкы он жылдыгынын эң олуттуу жыйынтыгы — 2010-жылдын чын куран (апрел) айынын 7синдеги экинчи элдик ыңкылаптын жеңиши болгондугу чын.

Муну “талашсыз чындык” деп айтчулар бар, “кайдагы ыңкылап, кайрадан эле акаевчилер менен бакиевчилер жайнап чыкты го! Мына, Малеваная менен бирге басма сөз эркиндигин муунткандар азыр деле ар кыл жетекчилик кызматтарда отурушат, Максим Бакиев менен жүргөн жигит өкмөттү жетектеп жатат”, — деп айтчулар да чыгат.

Ар кимдин чындыгы бар, бирок, биздин жеке пикирибизде, дал ошол 8 жыл мурдагы чын курандын 7синде, “Ала-Тоо” аянтындагы кан төгүүлөргө карабастан, карапайым калайык бакиевдик режимди ойрон кылгандыгы — жөн гана бир күндүн эпизоду эмес, жаңы доорго багыттаган өтө олуттуу бурулуштун башаты болду.

Эми азыркы бийлик парламенттик демократияга багыт алдык деп курулай жарыялоо менен чектелбестен, бийликтин бардык бутактарын камтыган реформаларды чындап жүргүзүшү, анын ичинде сот реформасын чечкиндүү жүзөгө ашыруусу абзел.

Жаңыртылган баш мыйзамдын ар бир тамгасы бийлик өкүлдөрү үчүн эмес, калайык үчүн иштөөсү керек. Ага мүмкүнчүлүк жаратчу башкы демократиялык каражаттардын бири — сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги. Демек, жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркин иш алып барышы, ар кандай саясий себептер менен соттук (каржылык ж.б.) жазаларга кириптер болбошу — Кыргызстанда демократиялык реформа багытында өзгөрүү иш жүзүндө болгон-болбогонун айгинелетчү “бейтарап лакмус кагазы” болуп саналат.

Баш мыйзамыбызда “Кыргызстандын эли — эгемендиктин ээси” деп таасын жазылган. Президент, мурдагы президент, Жогорку Кеңеш, сот бийлиги, өкмөт эмес — ЭЛ гана эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы (2-берене). Атуулдарга ой-пикирин эркин айтууга да эч чектөө жоктугу (20-берене, 5:4) бул баш мыйзамда көрсөтүлгөн. Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ экендиги да баш мыйзамда тастыкталган (33-берене, 1).

Булар — жалпы жарыяланган (декларацияланган) өзөккү жоболор. Эми аларды жүзөгө ашыруу гана керек.

Эсимде, экинчи ыңкылаптан соң куралган Убактылуу Өкмөттүн конституциялык реформаларга түздөн-түз тийешеси бар мүчөсүнө 2010-жылдын чын куранында, “Ата-Бейитте” куран окутулган соң кайрылып:

“Мурдагы авторитардык бийликтин жолоюна түшпөйүн десеңиздер, КТРды (кийин — КТРК) жана Эл-ТРди гана эмес, бардык облустук сыналгы компанияларын, өкмөт менен жергиликтүү бийликтер каржылаган жумурияттык жана башка аймактык гезиттерди толук эркиндикке чыгаруу керек”, — деп айткан элем.

Жаңы эле бакиевдик режимден кутулган, өзү бир күн-түнгө болсо да абакта жатып чыккан ал инсандын жообу мени айран-таң калтырган:

“Бизге жарым жыл бергиле, анан четинен басма сөз каражаттарын эркиндикке чыгара баштайбыз!” (мында, жөнөкөй сөз менен айтканда, “бизге авторитардык усулду пайдаланууга жарым жылга ыракым этиңиздер!” делип жатат).

Менимче, ыңкылаптан кийинки өзгөрүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн чоң мүчүлүштүгү дал ушунда — жарым-жартылай чараларда болду: басма сөз каражаттарына “биздики жана биздин душмандардыкы” деп бөлүп-жиктеп мамиле кылуу жана эски механизмдерди сактап калуу менен алар акырындап өздөрү каалаган реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон коомдук колдоо каражатынан дээрлик кол жууп калышты.

Мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир даары бир беткей маалымат берген ЖМКлардын адилетсиз чабуулунун, каралоолорунун бутасына кайрадан айланып, бармактарын тиштеген учурлар көз алдыбызда болду.

Маселен, КТРКнын саясий өңүттөгү сыналгы берүүлөрүн Ак Үйдөн тескеген өзүнчө эле тымызын редакторлор кайра пайда болду. Ал эми мурда эле Бакиевдин режимине ак кызмат кылган Илим Карыпбеков сыяктуу инсандар муну эскиче түшүнүп, маалыматтарды бир беткей сунуштоо өнөкөтүн жандантышты. Оппозициядагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге байланыштуу бир беткей маалыматтар КТРК тарабынан обого байма-бай чыкты. КТРКнын Байкоочу Кеңешинин бул сыяктуу жосунсуз жоруктарга байланыштуу эскертүүлөрү жана сындары КТРК жетекчилиги тарабынан кулак сыртынан кетирилип жатты.

Карыпбеков: баарыңарга жагайын деп жүрөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Бул — биздин гана жеке пикирибиз эмес. Бул кемчиликтер тууралуу Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин тийешелүү комитети да бир нече ирет сын пикирин билдирген (андай жыйындардын айрымдарына КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мурдагы курамынын мүчөсү катары биз да катышып калдык).

КТРКнын редакциялык саясатынын мүчүлүштүктөрү жөнүндө анын Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү парламенттин төрагасына да баяндашкан жана КТРК менен Эл-ТРды бирдей коомдук көзөмөлдөгөн Бирдиктүү байкоочу кеңеш түзүү идеясын айтышкан.

КТРКнын мындай бир тараптуу берүүлөрүн “сигнал” катары кабыл алып, бүжөттөн каржыланган башка маалымат каражаттары да элге эмес, аткаруу бийлигинин конкреттүү өкүлдөрүнө жаккандай ички цензураны акырындап кайра жандантышканы байкалбай койгон жок.

Бир катар европалык элдерде “жарым-жартылай берик болууга мүмкүн эмес”, “жарым-жартылай бойго бүтүүгө болбойт” (англисче “You can't be half pregnant”) деген сыяктуу макалдар айтылат. Анын мааниси — бир ишти баштайсыңбы, демек, аны сөзсүз аткаруу керек. Бул — демократияга чакырып жатып, авторитардык жолойго түшпө, дегендик.

Ала-Тоодо парламенттик демократияга чакырык жасаган күчтөр бир эле учурда басма сөз эркиндигин чындап жүзөгө ашырууга тийиш деп ойлойм. Азыркы тапта да өкмөткө каржылык жактан байланып жаткан бардык сыналгы компанияларын, өкмөт менен жергиликтүү бийликтер каржылаган жумурияттык жана башка аймактык ЖМКларды толук эркиндикке чыгаруу зарылчылыгы турат.

Улуттук-маданий баалуулугу айкын болгон “Ала-Тоо” журналы, “Кыргыз маданияты” гезити сыяктуу басылмаларга ж.б. дотациялык көмөк көрсөтүлүшү мүмкүн; ал эми КТРК менен Эл-ТРдин өкмөттөн көз карандысыз каржылык абалын камсыздоо үчүн абоненттик төлөмдөр сыяктуу аргаларды колдонууга болот; бирок алардын ички редакциялык саясатын Ак Үй да, Көк Үй (Өкмөт) да багыттабашы керек. Алар өздөрүнүн жобосунда (“устав”) тастыкталган коомдук милдеттерин кыйшаюусуз аткаруусу керек.

2017-жылы режиссёр Стивен Спилберг тарткан “Жашыруун сыр камтылган кагаздарды жарыялоо” (англисче “The Post” — “Жарыкка чыгаруу”, “Кабардоо”) көркөм тасмасы чыкты. Анда 1971-жылы АКШда болгон окуя чагылдырылган. Президент Никсондун тушунда “Нью-Йорк Таймз” жана “Вашингтон Пост” гезиттери Вьетнамдагы согуш майнапсыз аяктаарын Вашингтондогу расмий Ак Үй алдын-ала билсе да, калайыктан жашырып келгенин ачыктап салышат.

АКШнын Жогорку соту болсо бул гезиттерди “өкмөттүк жашырын сырларды жарыялагандыгы” үчүн деген өкмөттүк доо боюнча жазаламак тургай, тескерисинче, бул гезиттердин көз карандысыздыгын тастыктаган токтомду чыгарып, АКШдагы басма сөз эркиндигин колдоого алат.

Президенттин чөйрөсүнүн шайлоо өнөктүгү маалындагы жосунсуз жоруктарын (“Уотергейт” чатагын) ырааттуу чагылдырган эркин маалымат каражаттарынын кудурети менен президент Никсон өзү да 1974-жылы бийликтен эрте кетүүгө мажбур болгондугу маалым.

Түштүк Кореяда мурдагы президент Пак Кын Хе айымга жемкорлук доосу боюнча 2016-жылы парламент тарабынан импичмент жарыяланышы, Конституциялык сот тарабынан бул жазанын 2017-жылы тастыкталышы, жана андан соң, 2018-жылы, бул айымдын узак мөөнөттүк абакка кесилиши да Чыгыш Азиядагы бул мамлекетте сөз эркиндиги жана басма сөз эркиндиги бар экенин, ошондой эле, сот бийлигинин көз карандысыздыгын айгинеледи.

Ушул жерде 2015-жылы жарык көргөн бир макаламдан үзүндү келтирүүнү эп көрдүм:

"Сот бийлиги толук реформаланып бүтө элек жагдайда калайыкта “таш менен кушту урсаң да куш өлөт, куш менен ташты урсаң да куш өлөт” деген макалдагыдай пикир жаралып, баары бир азыркы сот Ак үй тымызын ишаара кылган багытта чечим чыгарат ко деген санааркоолорду жаратууда.

2010-жылкы элдик ыңкылаптын рухун жана илебин сыйлоо менен бийлик өкүлдөрү бул сот жүрүмдөрүн өздөрүнүн саясий эркин таасын көрсөтүү аркылуу ар бир мүнөттө токтото алаары да шексиз.

Бийликтеги замандаштарды журналисттерге каршы доолор жаатындагы сот жүрүмдөрүн чукул арада бир тараптуу токтотууга чакыраар элем (мында мен ар кандай чарбалык доолор тууралуу сөз кылган жокмун). Эгерде тигил же бул инсанга карата бир беткей, жалган жана жалаа түрүндөгү сын айтчулар болсо, Кыргызстанда эл өзү басма сөздөгү кеңири айкындуулук шартында мындай сынчыларга моралдык баа бере алат".

Кылым башында кош ыңкылапты баштан кечирген Кыргызстан — парламенттик демократия нугун жарыялоо аркылуу КМШдагы башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп чыккан жумурият.

Демек, Кыргызстан үчүн өрнөк — КМШдагы авторитардык жана жарым авторитардык мамлекеттер эмес, Ыраакы Чыгыштагы Түштүк Корея, пост-коммунисттик Монголия, Европадагы Чехия, Германия сыяктуу жумурияттар.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG