Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:44

Кыргыз телерадиокорпорациясынын “коомдук” деп статус алып иштеп жатканына беш жыл болсо да коомчулуктун катуу сынына кабылып келет.

КТРдин коомдук боло албай жатканына эмне себеп? Коомдук телерадионун редакциялык саясаты жана мыйзамдык талаптар эмне үчүн сакталбайт? Коомдук статусун бекемдөө үчүн эмне кылуу керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна Кыргыз телерадиокорпорациясынын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Абды Сатаров жана медиа эксперт Бурул Усманалиева катышты.

“Азаттык”: Бурул айым, медиа серепчи катары Кыргыз телерадиокорпорациясынын коомдук деп статус алгандан берки беш жыл аралыкта андагы өзгөрүүлөргө, реформаларга баа берүүгө убакыт жетиштүү болду го дейм. КТР эмнеге жетишти, эмнеден өксүдү?

Бурул Усманалиева: КТР 2010-жылы коомдук статуска ээ болду. “Коомдук” деген түшүнүк, сөз өтө маанилүү. Бул бийликтики эмес деген сөз, коомдун бардык катмарларынын кызыкчылыгын чагылдырат деген кеп.

Президент бул жакка барды, Жогорку Кеңеш мындай чечим кабыл алды дей бербей, жөнөкөй адамдардын пикирлерине да орун берилиши шарт деген сөз. Мисалы, Би-Би-Си - коомдук канал, жеке менчик эмес, коомдун кызыкчылыгын көздөйт.

"Кара жашик" кайттыбы?

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети 26-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын Коомдук биринчи канал боюнча арызын карады.

2010-жылга чейин "бийликтин бир кнопкасы" болуп келген КТР коомдук канал болуп өзгөргөнү чоң жетишкендик болгон. Бир топ олку-солкулуктар болгон, мамлекеттик боюнча эле калсын деп талаш-тартыштар болгон. Акыры көпчүлүктүн тилеги орундалып, КТР коомдук болуп, мыйзамдар кабыл алынып, иштей баштады.

Жалпысынан көп жетишкендиктер болду, депутаттар, журналисттер, жетекчилер чет өлкөлөргө көп барып окуп, тажрыйба алып келишти. Кыргызстандагы бир топ эл аралык уюмдар коомдук каналды колдошту, көп жардамдарды беришти. Байкоочу кеңештин түзүлүшү да чоң жетишкендик болду. Андан бери телерадио жабдуулар жакшырды. КТРдин интернет сайты да заманбап болду.

Ошондой болуп жатса да “КТР эмне үчүн коомдук боло албай жатат?” деген суроо курч коюлуп келатат. Мен эксперт катары, жөн эле көрөрман катары айтсам, “коомдук” деген сөздү коомчулук да, бийлик да түшүнбөй жатат. Бийлик дагы эле КТРди мурдагыдай эле мыйзамдуу кнопкасы катары көрөт. Жетекчиликти шайлоодо да алар расмий эмес кийлигишүүлөрдү, кысымдарды улантып келишет. Саясий оппозицияга алар орун беришпейт.

“Азаттык”: Абды мырза, КТРдеги реформаларды жасоодо Байкоочулар кеңеши өз ыйгарым укуктарын толук пайдалана алдыбы, көз каранды эмес саясат жасай алдыбы? Анткени сиздердин органга да олуттуу сындар айтылып келатат.

Абды Сатаров: 2010-жылга чейин КТРК бийликтин гана кылычы болуп келгени белгилүү. Коомдук болуп өзгөргөндөгү башкы жетишкендик - башкаруу системасынын өзгөргөнү болду. КТРКнын жетекчисин мурдагыдай президент дайындабастан, 15 адамдан турган Байкоочу кеңеш добуш берүү аркылуу, атаандаштык негизде шайлоого жетиштик. Эгерде ушул убакыттын ичинде КТРКда реформалык ийгиликтер болсо, анда Байкоочу кеңештин да салымы бар.

Азыркы Байкоочу кеңеш жакшы иштеди деп эсептейм. Алардын көпчүлүгү КТРКнын телерадиосун ичинен билген адамдар. Байкоочу кеңеш көз каранды эмес иштеп келатат деп ойлойм. Мен төрага болуп турганда бир дагы жолу Ак үйдөн кийлигишкен учурду көргөн да, байкаган да жокмун, өзүм дагы Ак үйгө барган жокмун.

“Азаттык”: КТРКнын ишине Ак үй, өзгөчө президенттик аппарат түздөн-түз кийлигишет, ошол жактан башкарылат деп айтылат. Анын канчалык чындыгы бар?

Жогорудан келген тапшырмаларды аткарууга мажбур болушуп, бийликтин микрофонуна айланууда.
Бурул Усманалиева

Абды Сатаров: Мен өзүмө байланыштуу айтсам андай нерсени байкаган жокмун. Ал эми КТРКнын жетекчилиги менен кандай болорун айта албайм. Байкоочу кеңеш жетекчиликтин кемчилигин дайыма бетине айтып, талкуулап, фактылар келтирген учурлар көп эле болгон. Ошонун айынан КТРКнын жетекчилиги менен Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда тирешкен карама-каршылыктар бар. Бүгүнкү күнү да ошондой кырдаал бар, “айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” болууда.

“Азаттык”: Коомдук каналдын редакциялык саясатында "КТРКнын журналисттери калыстык принцибин бекем карманышат" деп жазылганына карабай аны бузуп жатышат деген сындар айтылат. Ага эмне себеп болууда, журналисттердин кенебестигиби, сабатсыздыгыбы же бийликтин сырттан кийлигишүүсүбү?

Бурул Усманалиева: Менин жекече байкоомдо КТРКнын Байкоочу кеңеши өзүнчө, КТРКнын жетекчилиги өз алдынча жашап жатат. КТРКнын стандарттары, принциптери деп жазылып бир жерде жатат. Ал эми КТРКнын чыныгы ашканасынын өзү башка жактан, сырттан билинбеген нерселер менен башкарылып турат.

Жогорудан келген тапшырмаларды аткарууга мажбур болушуп, бийликтин микрофонуна айланууда. Бир жагынан коомдун мүчөсү биз дагы буга күнөөлүүбүз, башка тескери жакка бурулуп кетсе макул болуп отура беребиз, талап кылбайбыз. Коомдо болуп жаткан көп окуялар боюнча КТРК бир тараптуу берип жатканына күбөбүз. Бир тарапты берсең, экинчи тараптын үнүн угузуп кой, баланс сакта деген талаптар аткарылбайт.

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG