Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

КТРК каражатын эңшерген кыскартуу


Коомдук биринчи каналдын имараты.
Коомдук биринчи каналдын имараты.

Каржы министрлиги коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбековдун дооматына жооп кайтарды.

Анда бюджет боюнча чечимдин баары өкмөттө тиешелүү министрлик-мекемелер менен макулдашылып гана кабыл алынары эскертилген.

Мунун алдында Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу каржы министри Адылбек Касымалиевге ачык кат жолдогон. Карыпбеков Коомдук телерадио корпорацияга быйылкы жылга деп бөлүнгөн каражаттын 39 миллион сому негизсиз кыскарганын, министр менен үч айдан бери жолугушуу аракетинен майнап чыкпай жатканын, ошондуктан социалдык тармак аркылуу кайрылууга аргасыз болгонун билдирген.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, бюджеттеги тартыштыкты жабуу тууралуу өкмөт август айында токтом кабыл алган. Министрликтин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Түгөлбаеванын билдиришинче, анда мамлекеттик мекемелер, органдарга бөлүнгөн каражаттын кайсы бир бөлүгүн кыскартуу, үнөмдөлгөн каражаттарды кайтарып алуу тууралуу тапшырма берилген:

- Өкмөт бул – коллегиялуу орган жана бардык чечимдер макулдашылып, жол-жобонун негизинде ишке ашырылат. Каржы министрлигинин кызматкерлери өзүн-өзү билип же эч ким менен сүйлөшпөй туруп мамлекеттик чыгаша-кирешелерди кыскартуу боюнча кыскартууга бара албайт. Илим Карыпбековдун сын-пикирлерин биз жүйөсүз деп таптык.

Гүлмира Түгөлбаева министр Адылбек Касымалиев менен Илим Карыпбеков үч айдан бери иш жадыбалдары туура келбей жолугуша албай жатканын кошумчалады:

- Илим Карыпбеков министрдин кабылдамасына эки-үч жолу чалган. Анын жардамчысы 11-октябрда жолугушуунун мөөнөтүн, убактысын тактоо үчүн телефон чалган. Министр өз жадыбалына жараша жолугушуунун убактысын айткан. Бирок Коомдук каналдын жетекчисинин жардамчысы Илим Карыпбеков ал убакта бошой албасын билдирген. Бири-биринин жадыбалдары туура келбей ушундай болуп калды. Эгер алдын ала сүйлөшүп, жолугушуунун убактысы такталса, министр ар дайым жолугушууга даярмын деди.

Мунун алдында коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу каржы министрине кайрылган. Анда бюджеттен КТРКга бөлүнгөн жалпы каражаттын 10 пайызы, тактап айтканда, 39 миллион сом кыскартылганын билдирген. Бул биринчи жолу болуп жатканын жана каналдын жалпы ишине кесепети тиерин эскерткен.

Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов быйыл мамлекеттин киреше бөлүгүн толтура албай калгандыктан кыскартууга барып жатканын айтты:

- Мына биз кечээ комитетте бюджетти карап жатканда министр быйыл киреше жагынан төрт миллиардга жакын сом түшпөй калат деген божомол бар экенин маалымдады. Эми жылдын аякташына бир эле ай калды, ошондуктан бул боло турган эле тартыштык. Бул деген чоң эле акча. Ошондуктан анын кесепети КТРК, дагы башкаларга тийиши мүмкүн. Мунун баары эле Евразиялык экономикалык биримдикке жакшы даяр болбой калганыбыздан болду. Ошондуктан бажыдан, салыктан биз күткөн акча түшпөй калбады. Бул бюджетке оорчулугун келтирди.

Маалымат майданындагы маанай

Маалымат майданындагы маанай

Кыргызстанда саясий кырдаал курчуганы маалымат каражаттары аркылуу “маалыматтык тиреш” күч алууда. Оппозициячыл саясатчылар бийлик мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу негизсиз каралап жатканын айтып чыгышты. Ал эми Коомдук телеканал болсо мындай айыптоолорду четке кагып, бейтарап маалымат берип жатканын ырастайт.

Экономист Азамат Акелеевдин пикиринде, азыркыдай абалда мамлекет кошумча киреше булактарын табууга аракет кылышы керек:

- Биздин өкмөттө керексиз чыгымдар көп эле. Ошол эле убакта бюджеттик эмес кирешелерди да көбөйтсө болот. Ошол эле мамлекеттин эсебинде иштебей турган же начар иштеген мекемелерди сатып бюджетти толуктаса болмок.

Азамат Акелеев Коомдук биринчи каналды мамлекеттен эсебинен бакпай өзүн өзү каржылоого өткөрүү керек деп эсептейт:

- Мамлекет азыр бул телеканалды, айрыкча азыр саясий курал катары колдонуп жатат. Минтип курал катары колдонгондун ордуна чыныгы коомдук канал катары каржы жагынан өз алдынча кое берсе, өзүн-өзү багып эле кетет. Ошондой мүмкүнчүлүктөрү бар. Анан КТРК өзүн-өзү оптималдаштырып, өзүнүн ичиндеги керексиз чыгашаларды жойсо, корпоративдик башкаруу киргизсе, бул каналга мамлекеттен акча деле коромок эмес.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алты айында киреше 80,5 миллиард, ал эми чыгаша дээрлик 100 миллиарддай сомго жакындады. Тартыштыкты жабуу булактары жалпысынан 24 миллард сомдон ашат жана анын теңинен көбү ички булактардын эсебинен, тактап айтканда, кыскартуу, үнөмдөө аркылуу жабылары белгиленген.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG