Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Куликов компаниясы менен блогер Айтилек Орозбеков бири-бирин кечиргенин жарыялашты


Айтилек Орозбеков
Айтилек Орозбеков

Тил маселеси боюнча чырдашып, соттошуп келген Куликов кондитер үйү менен блогер Айтилек Орозбеков бири-бирин кечиришти. Бул тууралуу блогер 15-январда журналисттерге билдирди. Анын сөзүнө караганда, ишкана сотко берген арызын алган:

"Мени өздөрү бул жакка чакырышты. Бири-бирибизди кечириштик. Мен компаниядан эмес, кыздардын өздөрүнөн кечирим сурадым. Куликов компаниясы менден кечирим сурады. Тирешип тура бергенде эч нерсе чыкпайт деп, кечириштик. Куликов жакшы кадамга барды деп ойлойм", - деди блогер.

Айтилек Орозбеков ишкана өкүлдөрү менен такташып, сүйлөшүп, чечишип алганын белгиледи.

Блогердин сөзүн Куликов компаниясынын өзүн Мирлан Айдаралиев деп тааныштырган өкүлү ырастады:

"Мындан ары Куликов компаниясынын Айтилек мырзага эч кандай дообуз жок. Биздин кызматкерлерибиз арыздарын алышты. Бири-бирибизди кечириштик. Мындан ары тынчтык, аманчылык болсун! Биздин компания кыргыз тилин дайыма колдойт. Бардык жазуулар эки тилде жазылган, кыргыз тилине карата чоң иштер болуп келе жатат, мындан ары да боло берет", - деди компаниянын өкүлү.

Блогер менен Куликов компаниясынын кызматкерлеринин сотко чейин жеткен чыры коомчулукта кызуу талкууланып жаткан. Соцтармактарда айрымдар блогердин кыргыз тилине күйүп, соттолуп жатканын, бул эне тилге мамиленин төмөндөп кеткенин көрсөтүп турганын белгилеп, компаниянын таттууларын бойкоттоого чакырышкан. Айрым адамдар муну компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы атайын аракет деп сыпатташкан. (DSh/ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG