Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

УКМК кумсаларга арналган теманы териштирди


Кумсалар темасын чагылдырган КТРКнын “Ой-Ордо” телеберүүсү.
Кумсалар темасын чагылдырган КТРКнын “Ой-Ордо” телеберүүсү.

Кумсалар боюнча теманы чагылдырган Kloop.kg порталынын жана КТРКнын журналисттери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакыртылды.

Анда кумсалар темасы КТРКнын “Ой-Ордо” телеберүүсүндө кантип даярдалганы жана анда көтөрүлгөн маселелерди кийин Kloop.kg порталы жазып чыккан жагдайлар териштирилген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чекисттери бул телеберүүнү уюштурууга кимдер буйрутма бергенине жана анын эфирдик акысына кызыгышкан.

КТРК кызматкерлери түшүнүк кат жазып беришти

Коомдук биринчи каналдын “Ой-Ордо” телеберүүсүнүн редактору менен продюсери УКМКга чакыртылып, кумсаларга арналган телеберүүнүн мурдагы чыгарылышы тууралуу түшүндүрмө беришти. Бул тууралуу билдирген телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков чекисттер телеберүүнүн ошол чыгарылышына кимдер демөөрчүлүк кылганын сурашканын айтты. Ошондой эле аңгемелешүү учурунда ал теманы талкууга алып чыгууга кандай зарылдык болгону териштирилген.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков бул маселеде телеканалдын же журналисттердин тымызын коммерциялык кызыкчылыгы болгон эмес дейт:

- Бул теманы талкуулаган телеберүүнүн эфирдик убактысы үчүн акча төлөнгөн эмес. Бул көйгөй коомчулукта кызуу талкууну жарата турган тема болгондуктан аны акысыз эле талкууга алып чыгышкан. Бул жерде тымызын дагы акча алынган эмес. Биздин кызматкерлер ошол талкууну уюштуруу үчүн акча алды деген дооматты жоопкерчилик менен четке кага алам. Андай тымызын акча алып, анан бирөөнүн кызыкчылыгын чагылдырган терс көрүнүштөр КТРКда жок. Биз мындай нерселер менен катуу күрөшүп келе жатабыз. Ошондуктан андай болушу мүмкүн эмес.

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

“Жаңы муун” кыймылы арызданганда

КТРКнын журналисттерин УКМКга чакырууга “Ой-Ордо” телеберүүсүндө кумсаларга арналган талкуу уюштурууга каршы чыккан айрым жарандардын арызы негиз болду. “Жаңы муун” жаштар кыймылынын төрагасы Мавлян Аскарбеков ага чейин КТРКнын Байкоочу кеңешине кайрылып, аталган телеберүүдө кумсаларга арналган талкуу уюштуруунун таржымалын иликтеп чыгууну сураган. Мавлян Аскарбеков ал турсун байкоочу кеңештин жыйынына катышып, телеберүүнү уюштургандарга карата чара көрүүнү талап кылган болчу:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, үрп-адатка, динибизге жана маданиятыбызга каршы келген телеберүүлөр КТРКдан көрсөтүлбөшү керек. “Ой-Ордо” телеберүүсүнүн орусча чыгарылышынын алып баруучусу Айгүл Курманова жана продюсери Көкүл Арипова тез арада жумуштан четтетилсин. Бул берүүнү эфирге чыгаруу себептери иликтенип, айтылып жаткан 300 миң сом өлчөмүндө пара алуу болгон деген факты такталып, коомчулукка жарыялансын.

Ошол эле кезде КТРКнын Байкоочу кеңеши кумсалар темасын талкуулоо мыйзамга каршы келеби же болбосо талкуулоого жатпай турган маселе катары ага расмий түрдө тыюу салынганбы деген суроону жоопсуз калтырды.

Кумсалар көйгөйүн чагылдыруу кылмышпы?

КТРКнын “Ой-Ордо” телеберүүсүндө кумсаларга арналган талкуунун мазмунун кийин Kloop.kg интернет порталы толук жазып чыккан болчу. Буга байланыштуу аталган интернет порталдын башкы редактору Элдияр Арыкбаев да УКМКга аңгемелешүүгө чакыртылып, түшүнүк кат жазып берди. Элдияр Арыкбаев ага карата мындан ары аталган темада макала жазбоо сунушу болгонун айтты:

- Оперативдүү кызматкерлердин бири мага бул темада жазбашымды өтүнгөндө биз буга окшогон темадагы макалалар жазыла бере турганын айттык. Ал анда бул жактан дагы көп кездеше турганыбызды эскертти. Анан биз өз ара мунасага келүүнүн жолун издедик. Мен муну бизди коркутуу актысы деп ойлобойм. Аңгемелешүү учурунда профилиактикалык иш болду окшойт. Бул эми мына ошондой арыз болсо, ага карата эреже боюнча жөнөкөй эле териштирүү жүрөт да. Анткени кумсалар темасы аябай курч болуп, аны колдоочулар менен каршы тараптын ортосунда чоң тирешти жаратып жатпайбы.

"Жаңы муун" кыймылы телеберүүгө каршы акция да өткөргөн
"Жаңы муун" кыймылы телеберүүгө каршы акция да өткөргөн

Журналист Элдияр Арыкбаев 14-июнь күнү УКМКда жалпысынан эки жарым сааттай убактысын өткөргөн. Ал кумсалар темасынын улуттук коопсуздук менен кандай байланышы бар экенине түшүнбөй калганын билдирди. Анын айтымында, терроризм, экстремизм коркунучунун алдын алуу сыяктуу чоң иштер турганына карабастан, чекисттер кумсалар сыяктуу маселени териштиргенге бир топ убактысын коротконуна таң калуусун жазып чыкты. УКМКнын басма сөз кызматынан бул тууралуу расмий комментарий алууга мүмкүн болбоду.

XS
SM
MD
LG