Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Шиш такачан "Казакиге" каршылык


"Казаки" тобунун Бишкектеги жарнамасы.18-октябрь, 2014-жыл.
"Казаки" тобунун Бишкектеги жарнамасы.18-октябрь, 2014-жыл.

Бишкекте “Казаки” тобунун концерти каршылыкка кабылды. Шиш така кийип, аялдарга окшоп бийлеген бул топту жергиликтүү активисттер кумсалыкты пропаганда кылат деп айыпташууда.

17-октябрь түнү Бишкектеги клубдардын бирине "Калыс" кыймылы баштаган жаштар уюмдарынын жүздөн ашык мүчөсү келип, “Казаки” тобунун концертин токтотууну талап кылышкан. Алар бул музыкалык топ кумсаларды пропагандалап, улуттук баалуулуктарга каршы келерин айтышкан. Аталган концерт өтпөй калгандыктан уюштуруучулар чыгымга учурады.

Концерт башталаар алдында “кыргызда гей болгон эмес жана болбойт дагы” деп жаалданган жүздөн ашык жаштар клубга кирүүгө аракет кылган. Милиция ортого түшүп, “Казаки” бий кечесин токтотууга аргасыз болгон. Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов эки тараптын чатагын алдын алуу үчүн концерт токтотулганын билдирди:

- Дин жолундагы кыргыз жигиттери чогулган экен. Биз чыр-чатакты алдын алуу үчүн эки тарапты сүйлөштүрдүк. Жыйынтыгында клубдун ээлери концертти токтотту. Милиция түнү менен ал жерде болуп коопсуздукту көзөмөлдөп турду.

Украиналык бий тобу Кыргызстанга Guns’n’Roses түнкү клубунун чакыруусу менен келген. Учурда алар Алматыга кеткени белгилүү болду. Өзүн Нурлан деп тааныштырган уюштуруучулардын бири “Азаттыкка” телефон аркылуу буларды айтты:

- Азыр “Казаки” тобу, уюштуруучулар, клубдун жетекчилери Алматыга кетишкен. Биз эртең өзүбүз чогулуп сүйлөшөбүз. Балким журналисттерге маалымат жыйын беребиз. Азыр билетти сатып алгандарга акчасын кайрып бергени турабыз. Биз абдан көп чыгымга учурадык, аларды биз чакырып келгенбиз.

Айрым интернет сайттарда клуб жетекчилиги жыйырма миң доллардай чыгым тартканын, концертке каршы чогулгандарды милиция тарата албай койгонуна нааразы болгонун жазышты. Анда уюштуруучуларга “Казаки” тобунун өкүлдөрү: “Бишкектеги өтпөй калган концертибизге анча таарынбайбыз, мындай окуя биринчи жолу болгон жок, биз чуулгандуубуз” деген.

Концертке каршы болгондордун башында турган "Калыс" кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов “Казаки” бий тобунун чыгармачылыгы кыргыздын улуттук баалуулуктарына туура келбейт жана жаштарга терс тарбия берет деп эсептейт:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

- Эми бул топтун роликтерин көргөнбүз. Алар көптөгөн өлкөлөрдө ызы-чуу менен коштолгон концерт өткөрүп жүрөт. Алар биздин каада-салтка каршы, башка тарбияны көздөгөн топ катары белгилүү.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу аталган топтун кечесин өткөрбөөнү суранып, Бишкек шаардык мэриясына кат жолдогону белгилүү болду.

“Казаки” бий тобунун кечеси үзгүлтүккө учураганы социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Концерттин өтпөй калганына нааразы тарап, каршылаштарынын аракетин түркөйлүк катары баалады.

“Бир Дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, шаардыктарга өнөр тартуулоо үчүн келген “Казаки” бий тобун кумсалар деп кодулоо адам укугуна шек келтирет:

- Эми ушул кантип болсун, калпак кийип алып кыргызбыз деп ар кайсы ишке аралаша берген. Бул деген өнөр, искусство аны ар ким ар кандай кабыл алат. Анын дагы угуучулары, көрүүчүлөрү бар. Мен биздин балдардын кылыгы үчүн аябай уялып жатам.

“Казаки” Украинада түзүлгөн музыкалык топ. Төрт жигиттен турган топ мүчөлөрү шиш така кийип, аялдарды туурап, ар кыл бийлерди аткарышат.

Акыркы учурда Кыргызстанда сексуалдык азчылыктарга каршы пикирлер көбүрөөк айтылып келет. Апта башында Жогорку Кеңеш гей-пропагандага каршы мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырган эле. Ал мыйзамга каршы укук коргоочулар маалымат жыйын өткөргөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG