Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Байкоочу кеңеш КТРКнын ишине нааразы


Коомдук биринчи каналдын имараты.
Коомдук биринчи каналдын имараты.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү канал жетекчилигинин ишин сындап чыгышты. Мындай кайрылууну алар парламент төрагасына жолдошкон. Нааразы тарап канал жетекчилиги редакциялык саясатта кемчилик кетирип жатканын белгилеген. Бирок коомдук каналдын жетекчилиги андай дооматтарды четке кагууда.

Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү телеканалдын жетекчилиги боюнча катты Жогорку Кеңешке өткөн аптада тапшырган.

Анда каналда даярдалган көрсөтүүлөрдүн мазмуну начар болуп, бирок жетекчилик аны жоюуга жетиштүү аракет көрбөй жатканы айтылган.

Катка кол койгон Байкоочу кеңештин мүчөсү Сабыр Мукамбетовдун айтуусунда, каналдагы кемчиликтерди атайын комиссия аныктаган:

- Байкоочу кеңеш контенттин сапаты боюнча атайын комиссия түзгөнбүз. Анан алар талдап чыгып, кемчиликтер боюнча атайын справка даярдашыптыр. Аны менен таанышып чыгып, Байкоочу кеңештин 12 мүчөсү чындыгында эле андай кемчиликтер кетип жатканы анык деп кол коюп бергенбиз.

Сабыр Мукамбетовдун ырасташынча, аталган кат Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго тапшырылган. Анда коомдук телеканал даярдаган көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар камтылган.

Мукамбетов Байкоочу кеңештин мүчөлөрү мындай кадамга Коомдук каналдын дарегине айтылган сын-пикирлер негиз болгонун кошумчалады:

- “Белизгейт” чатагына чейин эле биз Коомдук телеканалда жалган материалдар кеткенине байланыштуу башкы директор Илим Карыпбековго сөгүш бергенбиз. Эми элдин баары эле айтып жатат, элдин айткан сынына “жок, КТРК жакшынакай, коомдук телеканал болуп калды” деп жооп бере албайм. Себеби, өч алуунун, бирөөнү каралоонун куралына айланып жатат деген элдин сынына кошулам. Биз ал маселени көтөрөбүз. Учурда деле айтып жатабыз.

Сабыр Мукамбетов Коомдук телеканалдагы акыркы абалды Байкоочу кеңеш жакын арада карашы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Акыркы учурда саясий талкуулар күчөгөнү Коомдук каналдын дарегине бир катар сындар айтылган. Анда оппозиция бийлик бул канал аркылуу бир тараптуу каралаган материалдарды кетирип жатканын айтып, КТРКнын жетекчилигин жоопкерчиликке чакырган. Айрыкча Коомдук каналдын “Белизгейт” жаңжалы боюнча көрсөтүүлөрү бир катар талкууларды жараткан.

Ал эми КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Байкоочу кеңештин сынына жооп берүүгө даярдыгын айтууда:

- Байкоочу кеңештин мүчөлөрү спикер менен өзүнчө барып жолугушуптур. Бизге билдиришкен жок, бизди чакырышкан жок. Катта айтылган сындарды расмий түрдө алган соң жооп беребиз. Ал эми Белиз боюнча абдан көп жаңылыктар чыкты. Чыккан ар бир жаңылыкка мыйзам чегинде жооп берүүгө даярбыз.

Азырынча Жогорку Кеңештин жетекчилиги Байкоочу кеңештин кайрылуусуна кандай жооп кайтарары белгисиз. Бирок Байкоочу кеңеш мүчөлөрү мында КТРКны туура жолго багыттоо максаты гана жатканын айтышууда.

Бул тууралуу Байкоочу кеңештин дагы бир мүчөсү Абды Сатаров төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Эң негизги нерсе, айрым адамдар Байкоочу кеңештин айткан пикирлерин өзүнө катуу кабыл алып жатат. Мындай болбошу керек. Байкоочу кеңештин максаты каналды туура иш алып барышын гана камсыз кылуу.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң Мамлекеттик телеканалга коомдук деген макам берилген. Бул каналдын бейтарап иш алып баруусуна шарт түзүү максатын көздөгөн.

Буга байланыштуу каналдагы редакциялык саясатты көзөмөлдөө үчүн Байкоочу кеңеш түзүлгөн. Кеңештин курамын Жогорку Кеңештеги фракциялар сунуштап, депутаттар бекитет.

Бирок бул мезгилге чейин Байкоочу кеңеш каналдын бейтарап иш алып барышын камсыз кыла албай келет деген сындар арбын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG