Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Бабанов саясаттан кетерин жарыялады


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырат. Бул тууралуу саясатчы бүгүн, 30-декабрда билдирүү таратты.

Анда Бабанов шайлоодо жеңишке жетишпесе, саясаттан кетүү жөнүндө сөз бергенин белгилеп, убадасына турганын жарыялаган.

- Мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан жалгыз туура чечим болду деп эсептейм. Ошондой эле, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат, - деген Өмүрбек Бабанов.

Бабанов «быйылкы президенттик шайлоо демократиянын жана атаандаштыктын негизинде өткөнүн, мында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң болгонун" да белгилеген.

Шайлоочуларынан кечирим сурап, бул кадамына тарых өз баасын берет деген. Мындан ары өлкөгө кызмат кыла берерин билдирип, бирок ишмердүүлүгүн кайсы багытта улантарын ачык айткан эмес.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов партия лидеринин саясаттан кетүү чечимин кубаттады. Райымкулов Бабанов жаңы саясий маданиятты калыптандырып, өлкөнүн тынчтыгы үчүн туура чечим кабыл алды деп эсептейт.

- Жаңы саясий маданиятты калыптандыруу аракети болуп жатат. Кыргызстанда Өмүрбек Бабановдон башка саясий күрөшкө чыккан лидер болсо, сөзсүз башаламандык уюштурмак. Бул айкөлдүк көрсөттү.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын дагы бир депутаты Максат Сабиров жогорудагы кесиптешинин пикирине кошулат. Сабиров Өмүрбек Бабанов мындан ары ишкердик жаатында өлкөгө салымын кошот деген ишенимин билдирди.

- Менин оюмча бизнес жаатында иштейт. Мамлекетибизге жакшы иштерди кылып, экономикага салым кошот.

Президенттик жарышта бийлик талапкеринин негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдун саясаттан кетүү чечими саясий айдыңда кызуу талкууланып жаткан чагы.

Бир чети анын кадамы кейиштүү, анткени командасын таштап кетип жатат. Экинчиден, бул күтүлгөн эле окуя болчу. Өмүрбек Бабанов саясатта утулду.
Жеңиш Молдокматов

Шайлоодо Сооронбай Жээнбековдин командасында иштеген “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов саясатчынын мындай кадамын сынга алды. Ал партия лидери шайлоочуларынын, тарапташтарынын ишеничин актаган жок деди:

- Өмүрбек Токтогулович элдин алдына чыгып “чөгөлөп тургуча, туруп күрөшкөн жакшы, аягына чейин барыш керек, жеңебиз” деген. Буга чейин дагы “саясатта аягына чейин турам, күрөшөм” деп айтып келген. Бир чети анын кадамы кейиштүү, анткени командасын таштап кетип жатат. Экинчиден, бул күтүлгөн эле окуя болчу. Мен канчадан бери соодагерлер саясатта болбошу керек деп айтып келем. Өмүрбек Бабанов саясатта утулду.

Саясий талдоочу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, Өмүрбек Бабановдун кадамы туура эле. "Кандайдыр бир саясий жүрүштөр үчүн Бабановдун жолу тарып бараткан", - дейт ал.

- Азыркы жагдайды түшүнсө болот. Кылмыш иши ачылып турат. Эски да, жаңы да президент өз пикирин айтты. Артка кайтчу жолуң жок дегендей кылышты. Бизнесмен болгондон кийин кандай жоготуулар болот, кайсыларды сактап калам деп санап жатат да. Менин оюмча, Бабановдун алдыдагы алты жылда саясатка келүүчү мүмкүнчүлүгү бүттү.

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

Алмазбек Акматалиев Бабанов менен кошо башка олигархтардын иши кыйындайт деген оюн кошумчалады:

- Бабанов менен кошо кыргыз саясатындагы олигархтардын доору бүтүп баратат окшойт. Алардын саясатта болбошу керектигин Орусия жана башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөтүп жатат. Бизнесмен саясатта кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга бара албайт. Анткени жоготчу бир нерсеси болот.

Буга чейин президенттикке ат салышкан талапкерлер Адахан Мадумаров менен Темир Сариев "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнөн Өмүрбек Бабанов сөзсүз саясатка кайтып келиши керектигин айтышкан эле. ​

Анткен менен Өмүрбек Бабановдун бир канча убакыттан кийин кайрадан саясатка кайтып келерине ишенгендер да жок эмес.

Алтынай Өмүрбекова: Бабанов сакайса келет. 12-ноябрь, 2017-жыл
Өмүрбекова: Бабанов сакайса келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:55 0:00

Президенттик жарышта бийлик талапкери менен негизги атаандаш болгон "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин 23-октябрда Бишкек-Москва авиа каттамы боюнча өлкөдөн чыгып кеткен.

"Республика-Ата-Журт" фракциясынын башчысынын орун басары Руслан Казакбаев фракция лидери шайлоодон кийин эс алып, дарылануу үчүн он күнгө Орусияга кеткенин билдирген болчу.

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда Өмүрбек Бабанов алгач Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууга барып, мындан улам өлкөнүн ички ишине кийлигишүү маселесине байланыштуу расмий Бишкек менен Астананын ортосундагы мамиле бузулган эле.

Андан соң ал Ош шаарындагы өзбек тектүү шайлоочулар жашаган Он-Адыр аймагына барган учурда сүйлөгөн сөздөрү интернетке тарап, айрым жарандар аны кайраштырган чагымчылдык катары кабыл алып, Бабановду жоопко тартуу талап кылышкан.

Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабановдун мына ошол үгүт маалында сүйлөгөн сөзүн лингвистикалык экспертизадан өткөрүп, анда конституциялык түзүлүштү алмаштырууга жана улуттар аралык кастыкты козутууга чакырыктар бар деп тапкан. Атайын кызмат иликтеп чыгып, кылмыш ишин козгоо үчүн иштин материалдарын Башкы прокуратурага өткөрүп берген эле.

Өмүрбек Бабанов 47 жашта. Саясий ишмердигин 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуудан баштаган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда биринчи вице-премьер-министрдин кызматын аркалаган. Бийлик алмашкандан кийин кыска убакыт ичинде «Республика» партиясын түзүп, аны парламентке алып өтүүгө жетишти. 2011-жылы өкмөт башчылыкка жетишип, бирок ал кызматта болгону тогуз ай гана иштеди.

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев Бабановду Islander One деген англис породасындагы күлүк атты түрк ишкеринен парага алган деп айыптап чыккан. 2015-жылы Бабанов парламенттик шайлоо алдында бириккен "Республика-Ата Журт" партиясын парламентке алып келди. Ушул жылы президенттикке ат салышып, Сооронбай Жээнбековдон кийинки эң көп добуш алган талапкер болгон.

"Азаттыктын" архиви: Өмүрбек Бабанов шайлоого өз баасын берди. 16-ноябрь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG