Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Мадумаров: Бабанов келбесе саясий ордун биротоло жоготот


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келбесе өзүнүн саясаттагы ордун жоготот. Мындай пикирин “Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө сүйлөп жатып “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди:

- Эгерде "Кыргызстандын бүтүндөй жүгүн көтөрүүгө даярмын" деген азамат болуп туруп азыр келбей койсо, анда саясий инсан катарында өзүнүн ордун биротоло жоготот, - деди Мадумаров.

Көрсөтүүгө катышкан “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев да бул боюнча пикирин билдирип, “Бабанов президенттик шайлоодо үгүт маалында айткандарын далилдеши керек” деди:

- Ал үгүт учурунда айтылган сөздөрүн далилдеп бериши керек. Эч качан чөгөлөп турбаш керек. Экинчиден, ал фракция лидерлигинен кетүүгө мажбур болду. Бизге жеткен маалымат боюнча, "Республика Ата-Журт" фракциясынын ичинде 20га жакын депутат өзүнүн лидерине каршы чыгышты. Бабанов жанагы кылмыш иши боюнча келип, далилдеп бериши керек, - деди Сариев.

Быйылкы президенттик жарышта бийлик талапкери менен негизги атаандаш болгон "Республика Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага Башкы прокуратура 4-ноябрда "конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу” деген беренелердин негизинде кылмыш иш козгогон.

13-ноябрда Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери кызматынан кеткендиги жарыяланган. Буга түшүндүрмө берген НТС телеканалындагы кайрылууда Бабанов ушу тапта чет мамлекетте ден соолугун чыңдап жатканын айткан, бирок кайсы өлкөдө экенин тактаган эмес. (ECh)

XS
SM
MD
LG