Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Өмүрбек Бабанов фракция лидерлигинен кетти


Өмүрбек Бабанов, 16-октябрь, 2017-жыл
Өмүрбек Бабанов, 16-октябрь, 2017-жыл

Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кетти.

Буга чейин саясий айдыңда "Бабанов фракция башчылыгынан кетет" деген сөздөр айтылып келген. Президенттик жарышта бийлик талапкери менен негизги атаандаш болгон саясатчы шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

"Республика-Ата Журт" партиясы “Бабанов фракциянын мыйзам долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашуусу жана социалдык-экономикалык саясатта мурдагыдан да бекем болуусу үчүн ушундай чечим кабыл алган. Бабановдун чечимин фракция мүчөлөрү бүгүнкү жыйында колдошту” – деген гана кыскача маалымат таратты.

"Өз каалоосу менен кетти"

Учурда парламентте депутаттардын саны боюнча бийлик партиясынан кийинки экинчи орунда турган "Республика-Ата Журт" фракциясынын мүчөлөрү лидеринин кетиши боюнча пикир айтуудан карманышууда. Болгону аталган фракциянын депутаты Бактыбек Райымкулов Бабанов өз каалоосу менен кеткенин кыскача маалымдады.

- Депутаттар муну күткөн эмес. Бирок ал киши өзүнүн түшүнүгү, ыктыяры менен фракциянын мындан аркы иши улана бериши үчүн ушундай чечим кабыл алса керек. Өзүм сүйлөшө алган жокмун, болгону арызын окуганда уктук.

Фракциянын жаңы лидерди тандоо маселеси кийинки жыйында каралат. Парламенттин иш тартиби боюнча фракция жыйындары адатта аптанын жума күнүндө өтөт.

Анткен менен буга чейин эле Өмүрбек Бабанов фракция лидерлигинен кетет деген сөздөр тараган. Серепчилер муну өткөн президенттик шайлоого байланыштырышкан. Саясат талдоочу Эмил Жураев буларды айтты:

- Бабановдун кетишинин себеби шайлоо жүрүшүндө өтө кескин оппозиция катары сыпатталып, бийлик үчүн, КСДП башкарган бийликке кабыл алынгыс позициядагы киши болуп калды.

Бирок КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Бабановдун бул саясий жүрүшүнө бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун белгилейт. Момбеков Бабановдун чечимин кубаттады.

- Бийликтин кысымы болду дегенге анча кошулбайм. Анткени Өмүрбек Токтогулович кандай гана кысым болбосун өзү антип жазмак эмес. Өзүнүн жан дүйнөсү тарабынан болгон кысым ушундай кадамга барууга аргасыз кылды го. Президенттик шайлоодон кийин фракция лидерлик кызматка келүү ал үчүн ыңгайсыздыкты жаратмак. Буга чейин аны кетирүүгө камылга болуп жатат экен деген сөздөр чыкпады беле, анан ошолордун баарын эске алып фракциядагы ынтымакты, биримдикти сактап калыш үчүн ушундай кадамга барды деген ойдомун.

"Ийкемдүү лидер изделет"

Учурда "Республика-Ата Журттун" фракция лидери ким болоору ар кандай божмолдонуп жатат. Ал эмес, айрым интернет сайттар талапкерлердин болжолдуу ысымдарын жарыялап жиберишти. Анда "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидеринин орун басары Талант Мамытов, депутаттар Курманкул Зулушев, Руслан Казакбаев аталууда. Бирок аты анча белгилүү эмес депутат шайланып калышы мүмкүн деген дагы божомол бар.

Саясий талдоочу Эмил Жураев канткен күндө дагы бийликке ийкемдүү лидер келет деп эсептейт.

- Бул фракция лидерлигине КСДП, бийлик менен иштеше ала турган киши келиши керек. Анан Бабанов менен жакыныраак кишилердин фракцияда салмагы азаят. Мында парламентте оппозиция болчу топ калабы же жокпу деген суроо туулат.

Бабанов дооматтарга жооп кайтарды

Бабанов дооматтарга жооп кайтарды

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов жакындарынын ишкерлик кызыкчылыктарына байланыштуу 11-апрелде жыйын өткөрдү.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековдон кийинки орунду ээлеп, 33 пайыз добуш алган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууга барып, мындан улам өлкөнүн ички ишине кийлигишүү маселесине байланыштуу Бишкек менен Астананын ортосундагы мамиле солгундап кеткен эле.

Бабанов Ош шаарындагы өзбек тектүү шайлоочулар жашаган Он-Адыр аймагына барган учурда сүйлөгөн сөздөрү интернетке тарап, айрымдар аны кайраштырган чагымчылдык катары кабыл алып, Бабановду жоопко тартууну талап кылышкан. Өмүрбек Бабанов өзү Он-Адырда сүйлөгөн сөзү интернетке монтаждалып, бурмаланып таратылган деп билдирген.

Чет өлкөдөн туруп жөнөткөн буга чейинки кайрылуусунда ал өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары кабыл алып, айыптоону ойдон чыгарылган, саясий мүнөздөгү иш деп белгилеген болчу.

Бабанов президенттик шайлоодон кийин, 16-октябрда тарапкерлерине колдоо көргөзгөнү үчүн ыраазы экенин айтып маалымат жыйынын өткөргөн жана 23-октябрда Бишкек-Москва аба каттамы боюнча өлкөдөн чыгып кеткен.

Фракциялаштары ал Орусияда дарыланып жүргөнүн жана Кыргызстанга качан келээри белгисиз экенин билдиришкен.

Өмүрбек Бабанов шайлоого өз баасын берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG