Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Башкы прокуратура Бабановго каршы иш козгоду


Президенттикке талапкер болуп утулуп калган саясатчы Өмүрбек Бабанов эки оор берене менен айыпталууда.

Башкы прокуратура парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго жана башка адамдарга кылмыш ишин козгоду. Бабановдон башка дагы кайсы адамдарга иш козголгону азырынча белгисиз.

Аталган органдан билдиришкендей, Бабанов Кылмыш Кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренесинин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча айыпталууда.

"Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин натыйжасында Бабанов президенттик кызматка талапкер катары шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан учурда алардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жатканын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын, улуттук теңсиздик бардыгын айтып, буга каршы жигердүү күрөшүүгө чакырганы аныкталды", - деп белгиленген Башкы көзөмөл органы тараткан билдирүүдө.

Маалыматка караганда, комплекстүү филологиялык-саясий экспертиза Өмүрбек Бабановдун ачык билдирүүлөрү улут аралык кастыкты козутуу, элди провокацияга чакыруу, азыркы бийликке баш ийбөө жана кулатууга багытталганы аныкталган. Ошондой эле мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын бүтүмү депутаттын айткандары тууралуу интернетте жарыяланган маалыматтарда монтаж табылган эмес. Кылмыш иши УКМКга өткөрүлүп берилген.

Улуттук коопсуздук комитети парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишин тергөөнү баштады. Бул тууралуу атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Бабанов жана "Республика" партиясы бул маалыматка комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов 28-сентябрда Ошто негизинен өзбек тектүүлөр жашаган Амир-Темур (мурдагы Он-Адыр) конушунда эл менен жолуккан кезде шайлоо маалындагы укук бузууларга каршы турууга чакырган.

Анын сөзүнөн “чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы”, “ким, кайсы бир милиция өзбек калкына тийсе, ал кызматынан кетет. Мен сөз берем” сыяктуу жана башка жерлери ошол эле күнү кечинде интернетке тараган.

Бабановдун Он-Адырдагы сөзү. (Видео Өмүрбек Бабановдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы анын Ошто сүйлөгөндөрүн кимдир бирөөлөр монтаждап, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп билдирген болчу. Буга байланыштуу тартип коргоо органдарына арыз жолдонорун, “видеону монтаждап, жайылткан адамдар улут аралык кастыкты козутканы үчүн жоопко тартылышы керектигин” маалымдаган.

Мындан кийин Бабановдун Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы штабдарынын алдында ага каршы акциялар өткөн.

4-октябрда президенттик кызматка талапкерлердин теледебаты өтүп, анда Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышкан.

Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов
Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов

Ошол дебатта Сооронбай Жээнбеков:

- Сени мен балапан кезиңден 2005-жылдан баштап кандай болгонуңду билем. Коррупция менен күрөшпөйсүң дейсиң. Коррупция менен мен күрөшөм, сен күрөшө албайсың. Мен сенин эмнеге батканыңды жакшы билем. Менин сага 25 суроом бар. Эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм. 2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем. Өзүң баштадың, айтпайын дедим эле. Эл колдоп президент болуп калсам, ошол миллиарддарды бюджетке төктүрөм. Мугалимдин айлыгын ошол менен көтөрөм. Ошондой коррупционер деп эсептелген 35тей киши бар. Баарын фамилиясына чейин менен билем. Мен сага айттым 25 суроом бар деп, ошого айлап-жылдап жооп бересиң, - деген.

Буга Өмүрбек Бабанов:

- Кайдан байлык тапканыңызды сиз далилдеп бересиз. Экинчиден, мен дайыма бизнесте жүргөм. Мени Бакиев куугунтуктап, камай албаган. Жээнбековдор куугунтуктап, камай албайт. Менин аркамда элим бар. Коркутуп-үркүтө турган сиз эмессиз, - деп жооп кайтарды.

15-октябрда өткөн президенттик шайлоо өтүп анда Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан. Ага негизги аттандаш болгон Өмүрбек Бабанов добуш берүүнүн жыйынтыгы элдин тандоосун көрсөттү деп билдирген. Шайлоо атаандаштык шартта өткөнү менен талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн, административдик ресурс, каралоо, коркутуу, укук коргоо органдарынын кысымы өңдүү мыйзам бузуулар болгонун айткан:

- Мени 600 миңден ашык адам колдоду. Бул адамдар мамлекетте өзгөрүү, жаңылануу, алдыга жол болсун деп, административдик ресурстан, укук коргоо органдарынын кысымынан коркпой добуш берип, үнүн угузду. Биздин мамлекетибизде сөзсүз өзгөрүү болот. Урматтуу элим, ар кандай чагымга, ушактарга ишенбегиле. Мен эч качан бийликти басып алган эмесмин жана басып албайм дагы. Биз бул шайлоодо жеңдик, биздин жеңишибиз - элибиздин аң-сезимин өзгөрттүк.

Өмүрбек Бабанов мындан аркы кадамдары тууралуу суроолорго негизинен убакыт көрсөтөт деп учкай жооп берген. Премьер-министр Сапар Исаковдун кызматтан кетүүсүн талап кылуу боюнча талаптарынан баш тартпай турганын белгилеп, Кыргызстандан чыгып кетпей турганын убада кылган

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканына сыймыктана турганын кайталап, президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрүн, айткандарын "анын абийирине койдум" деп жооп берген.

16-октябрда Талас шаарында шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондордун митинги өткөн. Ага 700дөй адам катышкан.

Алар “Республика” партиясынын лидери, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун штабынын жанында чогулуп, андан соң Кыргызстандын желегин көтөрүп алып шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып чыгышкан. Бирок штаб өкүлдөрү бул жөө жүрүшкө тиешеси жок экенин билдирген.

18-октябрда президент Алмазбек Атамбаев жогорку окуу жайлардын алдыңкы студенттери менен жолугушуп, Таластагы элдин жыйыны тууралуу сөз кылды. Анда ал чогулгандарды Манас эпосун укпаганына нааразы болуп, "Абыке-Көбөштүн тукумдары" деп атаган. Бул сөздөн кийин Таласта президенттин сөзүнө нааразы болгондор 29-октябрда жана 3-ноябрда митинг өткөрүштү. Алар президенттен Талас элинен кечирим суроого чакырышкан.

Бирок президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов президент Алмазбек Атамбаев Манас жөнүндө туура айткан жана таластыктардын атын жамынган бир ууч топтон кечирим сурабасын билдирген.

- Бабановдун жактоочуларынын митингине катышкандар Манас бабабыздын Каныкей апабызга өлүм алдында айткан керээзин укпай ката кетиришкендерин моюнга алышы керек. Мусулмандар үчүн Куран ыйык. Эгерде облустун имамы эл алдына чыгып, Курандан сүрөө окуса, ал эми адамдар ышкырып, кыйкырышса, аларды өз динин сыйлабаган динсиздер дешмек да, туурабы? “Манасты” Абыке-Көбөштүн тукумдары гана уккусу келбейт. Президенттин митингчилердин ушул жоругун айыптаганы туура болгон. Бабановчулар сөз нугун башка жакка буруп, элди козутканды коюп, мындан туура жыйынтык чыгарышы керек.

Талас: Митингге чыккандар талаптарын кайталашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG