Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:40

15-октябрда өткөн президенттик шайлоо эң кымбат шайлоо кампанияларынын бири деп бааланды.

БШКнын маалыматы боюнча талапкерлердин ар бири шайлоого 1 миллион сомдон 200 миллион сомго чейин каражат коротту. Эң көп акча каражат сарптаган биринчи үчилтикке Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Темир Сариев кирди. Ал эми эң аз акча коротуп, бирок марага үчүнчү келген талапкер Адахан Мадумаров болду.

Негизи эле Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү кымбатка түшөрү коомчулукка белгилүү. Талапкердин жеңишке жетүүсү анын короткон акчасына көз каранды деген пикир бар.

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоону серепчилер өлкө тарыхындагы эң кымбат шайлоо кампаниясы деп баалаган. Анда эң көп чыгым кетирген партия 100 млн сомдон ашыгыраак жумшаган эле. Бирок быйылкы президенттик шайлоодо бир талапкер короткон сумма андан эки эсе ашып түштү.

Шайлоонун PR иштеринде катышып жүргөн журналист Болот Темиров үгүткө сарпталган чыгым талапкер көрсөткөн расмий сандан алда канча жогору болот дейт.

- Чынында эң кымбат шайлоо болду окшойт. Расмий көрсөтүлгөн сандан бир топ жогору акча кетти. Биринчиден, расмий көрсөтүлгөн сан телеканал, радио сыяктуу пиарлоого кетет. Экинчиси - бейрасмий булар көптөгөн үгүтчүлөр, добуш сатып алууга кетти. Бизде ушундай бир ай ичинде партия же талапкер өзүн көрсөтүү үчүн чоң каражат сарптайт. Мисалы, АКШда бир жылдай шайлоо өтөт, талапкер программасын кенен тааныштырып алат.

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин шайлоо фонду тууралуу тараткан маалыматы боюнча эң көп каражатты Өмүрбек Бабанов сарптады. Бабанов 9-октябрга карата фондуна 200 миллион сомдон ашык акча салып, үгүт иштерине анын 197 миллионун жумшаган. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков 103 миллион сомдун 98 миллионун, Темир Сариев 40 миллиондун 39 миллионун үгүт иштерине сарптаган. Калган талапкерлер 7 млн сомдон 1 млн сомго чейин гана коротушту.

Кызык жагдай шайлоо фондуна эң аз акча которгон талапкерлердин бири Адахан Мадумаров алдын ала жыйынтык боюнча үчүнчү орунга илинди. Мадумаров болгону үгүт иштерине 1 млн сомдой короткон.

Жарандык активист Динара Ошурахунова мындай көрсөткүчтөр айрымдардын шайлоодо каражат гана чечет деген пикирин азайтат деди:

- Акчага эмес, лидерлик сапаты, программасы, дебаттарда өзүн көрсөткөнүнө карашат. Бизде эки-үч эле талапкер көп акча сарптады. Эмнеге ал талапкер акча коротту? Себеби ал административдик ресурсту каражат менен басууга аракет кылды.

Адистердин пикиринде, президенттикке караганда парламенттик шайлоодо талапкерлер көбүрөөк акча сарпташат. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо бейрасмий эсептер боюнча айрым ири партиялар он миллион доллардан ашуун каражат жумшаганы айтылып жүрөт.

PR адис Азим Азимовдун пикиринде каражат сарптоо жагынан акыркы президенттик жана парламенттик шайлоо бирдей эле болду. Негизи шайлоо өнөктүгүндө миллиондорду чачуу жылдан жылга кадыресе көрүнүшкө айланып баратат деп, анын төмөнкүдөй себептерин атады:

- Албетте шайлоо кымбат болду. Шайлоолор арзан болбой калды. Буга бир нече факторлор себеп: быйыл теле, радио, гезиттерге маалымат жайгаштыруу эки-үч эсе кымбаттады. Бирок шайлоодо эки-үч талапкер гана эң көп акча коротту. Ал эми 2015-жылы болсо 7-8 партия бирдей эле чоң акча чачкан. Андыктан кымбат шайлоо ошондо болгон.

Байкоочулар мындай ири чыгымдарды талап кылган саясий өнөктүктөрдө адатта талапкерлерди капчыктуу ишкерлер каржылайт дешет. Айрым талдоочулардын баамында, каражаттардын кайсы бир бөлүгү сырттан да келет жана мындай колдоо адатта Кыргызстанда кызыкчылыгы бар чет элдик олигархтар тарабынан болот.

Өзгөргөн шайлоо мыйзамы боюнча президенттикке талапкердин фондуна салчу каражаты бир миллион сомдон кем болбошу керек. Ошол эле учурда талапкердин шайлоого коротуучу каражатына чек коюлган эмес. 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого 11 талапкер ат салышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG