Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:56

Байкоочулар шайлоодогу админресурсту баса белгилешти


Шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар алгачкы жыйынтыктарын жарыялашты.

КМШнын атынан келишкен байкоочулар миссиясы 15-октябрда 1200 шайлоо участогун кыдырып, байкоо жүргүзүштү. Миссиянын башчысы Сергей Лебедев президенттик шайлоо дээрлик таза өттү деп, айрым кемчиликтерди белгиледи:

- Биометрика технологияларын иштетүүнүн артында чоң тобокелчиликтер турду. Айрым участоктордо техника иштебей калган учурларды кездештирдик. Төрт участокто электрондук урна иштебей, кадимки урнаны коюуга туура келди. Бирок көпчүлүк учурда техника иштен чыкса операторлор дароо оңдогонго жетишип жатты.

Лебедевдин билдиргенине караганда, Кыргызстанда шайлоону уюштуруунун технологиясы жагынан КМШнын бир топ өлкөлөрүнөн алдыга кеткен.

КМШнын байкоочулар миссиясы
КМШнын байкоочулар миссиясы

Ал эми Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин байкоочулары Бишкекте 45 шайлоо участогуна көз салып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттарга өзгөчө маани берди. Түрк кеңешинин башкы катчысы Рамиль Гасанов байкоолордун негизинде эске ала турган өңүттөрдү бийликке сунуштады:

- Кээ бир добушканаларда шайлоочуларга бюллетень жетпей калды. Ошондой эле биздин миссия айрым участоктордо электрондук урналар иштебей калганын көрдү. Бирок бул жагдайлардын бардыгы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизбейт. Эң негизгиси шайлоо тынч өткөнү өзгөчө жетишкендик болду.

Ушундай эле бааны Шанхай кызматташтык уюму жана Түрк парламенттик ассамблеясынын байкоочулары да беришти.

ЕККУнун жыйынтыгы Атамбаевди ачуулантты

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы берген баада Кыргызстандагы атаандаштык шартында өткөн шайлоону, бийликти тынч өткөрүп берүүгө түзүлгөн шартты башкаларга үлгү боло ала турган көрүнүш катары баалады.

Ошол эле учурда европалык байкоочулар кемчиликтерге көбүрөөк көңүл бурушту. Миссиясынын байкоосуна караганда шайлоодо административдик ресурс, кээ бир шайлоочуларга басым болду. ЕККУнун парламенттер ассамблеясынын вице-президенти Азай Гулиев Боршайкомдун нейтралдуулугу көп суроону жаратып, айрым талапкерлерге артыкчылык берилгени билинди деди:

- Биометрикалык маалыматтарды тапшырбагандын айынан көптөгөн Кыргызстандын жарандары шайлоо укуктарынан ажырады. Талапкерлерге арыздануулар көп түшкөнү менен БШК бейтарап болгон жок. Ошондой эле айрым ММКларга бийлик тарабынан доо арыздар болгондуктан, сөз эркиндигинде цензура коштолду.

Президент Атамбаев эл аралык байкоочулар менен
Президент Атамбаев эл аралык байкоочулар менен

ЕККУ, Европарламент, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы өңдүү уюмдардын шайлоого байкоо учурунда айтылган сын пикирлерине президент Алмазбек Атамбаев макул болгон жок. Эл аралык байкоочулардын жетекчилери менен Ак үйдө жолуккан Атамбаев Европа уюмдары кош стандарттуу мамиле жасап жатканын айтып ачууланды.

- Сиздер цензура тууралуу айтып жатасыздар. Бирок “Сентябрь” каналы кантип жабылып калганын билип алышыңар керек. Бул канал улут аралык кастыкты өз эфиринде козуткан. Мен бир нече ММКга арыз бергем. Анткени алар мени улут аралык чатакты тутанткан деп айтып чыгышкан. Батышта деле адамды жөн жерде караласа сотко берип жатпайсыңарбы, биз деле ошондой кылып жатабыз. Бизге кош стандарттулуктун кереги жок.

Ошол эле учурда добуш сатып алуу өңдүү терс көрүнүштөргө президент Атамбаев да макул болуп, бул кемчиликти тыюуга азырынча мамлекеттин алы келбей жатканын билдирди.

Эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу акыркы баяндаманы шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин жарыялап, сунуш-пикирлерди өлкө бийлигине жөнөтөт.

БШКнын маалыматы боюнча 15-октябрдагы президенттик шайлоого 58 өлкөдөн жана 56 эл аралык уюмдан баш-аягы 771 эл аралык байкоочу катышты. Андан сырткары 11 өлкөнүн маалымат каражаттары Кыргызстандагы шайлоого көз салды.

Жарандык коом: шайлоо ойдогудай өткөн жок

Шайлоого жергиликтүү байкоочулар да өз баасын беришти. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок десе, “Жарандык платформа” коомдук уюму шайлоочулардын аз келгенине көңүл бурду.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” бейөкмөт уюму бул жолку президенттик шайлоодо мамлекет башчынын бир талапкерди колдоп чыкканы башкалардын мүмкүнчүлүгүн чектеди деп эсептейт.

Уюмдун башчысы Азамат Адилов бул жолку шайлоодо деле добуш сатып алуу, үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлерди тартуу, административдик ресурс колдонуу сыяктуу көрүнүштөр кайталанганын белгиледи. Уюмдун байкоосунда үгүт мезгилинде ушак-айыңдарга негизделген “кара пиар” көп болгон жана жиберилген арыздарга БШК чара көргөн эмес.

- Диний өкүлдөр мыйзамда тыюу салынганына карабай активдүү катышты. Биздин уюмдун тажрыйбасында быйыл биринчи жолу байкоо жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болду. Байкоочулардын айрым укуктары чектелди.

Ошондой эле “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” бул жолку шайлоодо байкоочуларга тоскоолдуктар көп болгон, добуш берүүнүн жүрүшүн анализдөөгө жакшы шарт түзүлгөн жок деген баасын берди. Шайлоого бул уюмдун миңден ашуун байкоочусу көз салган.

Ал эми “Жарандык платформа” коомдук уюму президенттик шайлоо жалпы жонунан таза өттү деп эсептеди. Аталган уюмдун өкүлү Алмаз Абдыкадыров 16-октябрдагы маалымат жыйында жарандар добуш берүүгө аз келгенине көңүл бурду.

- Бул жарандардын азыркы саясий-экономикалык кырдаалдын мүмкүнчүлүктөрүнө ишенбегенине байланыштуу деп ойлойбуз. Бул шайлоо жарандардын укуктук маданиятынын төмөндүгүн көрсөттү. Себеби админресурс колдонуу, добуш сатып алуу фактылары тууралуу ачык айткандар аз болду.

Бул уюмдун пикиринде добуш берүү күнү мыйзам бузуу жөнүндө жарандардын ачык айтпаганы, укук коргоо органдарынын аларды аныктап, чара көрүү аракети байкалган жок. “Жарандык платформа” уюмунун 500 байкоочусу өлкөнүн 12 шаарында шайлоого көз салган.

Турат Акимов
Турат Акимов

Жалпы жонунан президенттик шайлоо боюнча жергиликтүү байкоочулар бирдей эле баа берди. Кыргызстандын акыркы шайлоолорунда кездешкен шайлоочулардын өзүн тизмеден таппай калганы, техникалардын бузулушу сыяктуу көйгөйлөр, айрым талапкерлер тарабынан добуш сатып алуу, админресурс колдонуу көрүнүштөрү азайган жок. Мунун себебин саясий серепчи Турат Акимов бийлик байкоочулардын шайлоодон кийинки сунуштарын эске албаганында дейт.

- Эч бир бийлик өзүнүн бийлигин жоготкусу келбейт. Бардык мүмкүнчүлүгү болсо административдик ресурсту колдонот. Муну жеңиш үчүн калктын мүнөзү өзгөрүшү керек. Ага жараша талапкер болушу керек. Өзгөчө үгүт, жаңы сунуш, башкача системаны сунуштаган адам керек. Болбосо бул системаны жеңиш кыйын. Бул шайлоо деле башкалардан эч бир айырмаланган жок.

Жогорудагы жергиликтүү байкоочулардан сырткары быйылкы президенттик шайлоо алдында экс-президент Роза Отунбаева баш болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмерлер түзгөн "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы үгүт иштери одоно мыйзам бузуу менен коштолгонун билдирди. Кыймыл тараткан маалыматта: “Үгүт маалында коомчулук административдик ресурстун өтө көп колдонулушуна, мамлекеттик телерадиоканалдардын бийлик көрсөткөн талапкердин атаандаштарын күнү-түнү каралоосуна, президент Алмазбек Атамбаевдин жана башка жетекчилердин талапкерлердин үгүт иштериние кийлигишүүсүнө күбө болду. Жогорку Кеңеш жоопкерчиликтен качты. Шайлоо күнү интернеттеги социалдык түйүндөрдө журналисттерге жана шайлоочуларга жасалган басым, коркутуп-үркүтүү, добуш сатып алуу тууралуу маалыматтар тарап жатты" деп жазылат.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо акыйкат өткөнүн маалымдап, добуш берүү маалындагы техникалык каталар жана арыз даттануулар жалпы жыйынтыкка таасир берген жок деп билдирген. Мыйзам бузуулар боюнча БШКга отуздан ашык арыз түшкөнү маалымдалды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Самат Жумакадыров

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG