Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Атамбаев аймактагы элге эмне деди?


Ош шаары. 12-октябрь, 2017-жыл
Ош шаары. 12-октябрь, 2017-жыл

Президент Алмазбек Атамбаевдин жер-жерлердеги активдер менен жабык жолукканы, анда айтылган сөздөр кызуу талкууну, бир катар божомолдорду жаратты.

Президенттик аппарат жыйындар эмнеге жабык өткөнү, ага катышкандардын баарынын телефондору чогултулуп алганы, аудио-видео жазууга тыюу салынганы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Шайлоонун алдында президенттин жабык жыйын өткөргөнүн, анда көбүнесе шайлоого байланыштуу сөздөр басымдуу болуп жатканын сындагандар да жок эмес.

Социалдык тармактарда президент Алмазбек Атамбаевдин айрыкча Талас шаарында активдер менен жолугушуусу талкууга түштү. Анда Атамбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду жана аны колдогондорду сындады деген сөздөр тарады.

Биз президент менен жолугушууга катышкан Талас шаардык кеңештин төрагасы, Социал-демократтар партиясынын облустагы координатору Мирлан Эсенкулов менен байланыштык. Ал Алмазбек Атамбаев Бабанов тууралуу сөз кылганын, сын-пикир айтылганын бышыктады, бирок Бабановду колдогон Талас облусунун тургундарын Казакстанга көчүп кетүүгө чакырган деген мазмундагы сөздөр болбогонун айтты:

- Андай сөз болгон жок. Болгону Өмүрбек Токтогуловичтин (Бабанов) бир сыйра кыскача баяндамасын айтып кетти. Аны 2005-жылдан бери тааный турганын, кандай иштерди алып барганын, премьер-министр болгон деп ушунун тегерегинде эле сөз кылды. Болбосо ал кишини урушкан жок. Эми сындаган жагынан ал киши президенттикке талапкер экенин, убагында көптөгөн маселелер, көйгөйлөр болгонун, эми ал жагын өзү билет деп кыскача эле айтып койду. Шайлоо таза болот, көзөмөл чоң болот деп ошол жөнүндө айтты.

Талас драма театрынын имараты жаңырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

Алмазбек Атамбаев 12-октябрда Жалал-Абад шаарында аймактагы активисттер менен жолукту. Бул жыйынга катышкан айрым жарандар президент негизинен шайлоо тууралуу сөз кылганын ырастады.

Бабановдун үгүт учурунда улут аралык мамилеге байланыштуу иш-аракеттерин айыптап, өзүнүн кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен Социал-демократтар партиясынын президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен жакын мамиледе экенин белгилеген.

Биз бул жолугушуулар жана анда айтылган сөздөр, билдирүүлөр боюнча президенттик аппараттан комментарий алууга аракет жасадык. Аппарат башчысы Алмаз Үсөнов комментарий берүүнү убада кылган, бирок макала даярдалып жаткан маалда аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Атамбаев Чүй облусунда бардык райондордун активдери менен жолугуп чыкты. Өкмөттүн облустагы өкүлү Бактыбек Кудайбердиев "Азаттыкка" негизинен чарбага байланыштуу сөз болду деп билдирди:

- Чүйдө кандай проблемалуу маселелер бар, кайсы жерде кандай иштер бүтпөй калды, кайсы жерде суу жок, кайсы жерде мектеп жетишпейт деп, ошондой эле миграция маселелери көтөрүлдү. Спорт комплекс, айлык, пенсия боюнча сөз болду. Таза шайлоо өткөрүү керек, акчага сатылбагыла деп айтты. Ал жакта министрлер болгон жок, өзүнүн аппараты менен жүрдү. Эмнеге андай өткөнүн атайын кызматтардан сураш керек. Мен аны билбейт экем. Биз чарбага жооп беребиз да. Өзүбүзгө тиешелүү маселелердин бүткөндөрүн бүттүк дедик, бүтө электерине жардам бергиле дедик. Премьер-министр Сапар Исаковго кайрылган каттар болду. Премьер-министрге тиешелүүсүн ошол жакка кетиришти, өзүнө тиешелүүсүн аппаратына көзөмөлгө коюшту.

Кемел Ашыралиев
Кемел Ашыралиев

​Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев добуш берүүгө саналуу күндөр калганда президент Алмазбек Атамбаевдин аймактарды кыдырып, жабык жыйын өткөрүп жүргөнүн сынга алды жана бул күдүк ойлорду көбөйтөрүн белгиледи:

- Атамбаев өзү ачык-айкындыкты жаратып жатканын, башка мамлекеттин башчыларындай жашырбайм, ачык сүйлөйм деп айтып жүрбөйбү. Айрыкча чоң шайлоонун алдында, элдин тагдыры чечилээр убакта жашырынып алып, телефондорун алып салып, такыр эле абдан жашыруун болсун дегени туура эмес. Тескерисинче, кетер алдында, ушундай чоң кампаниянын алдында пикирин ачык билдирип, черин жазса болмок. Кыргызда "бир жерге кирерден мурун чыгарыңды эсте" деген лакап сөз бар. Бийликте алты жыл жүргөндөн кийин аягында жакшы кетиши керек. Ушундай татаал убакта кетип жаткан президент эмне деген сөздөрдү айтты деген күмөн ойлорго түртүп коюушу мүмкүн. Так ушул убакта ачыктык болушу керек. Жашыруун иш көп табышмакты пайда кылат.

Талдоочу Эркин Абдразаковдун пикиринде, президенттин жабык жолугушууларын административдик ресурс деп баалоого болот:

- Кетип жаткан президент "өзүмдүн мураскерим жок, эч кимди колдобойм" деп айтчу эле. Бирок эки сөздүн биринде эле кызуу кандуулукка алдырып айтып жиберип жатат. Эртең шайлоо болот дегенде активдерди ачыгын ачык, жабыгын жабык чогултуп жатканы бул административдик ресурстун туу чокусу десек болот. Элдин баарына бирдей мамиле кылышы керек. Булар бюджеттин кишилерин чогултуп алып эле күпүлдөп жатышат. Бул жакшылыкка алып барбайт. Акыркы күндөрү элди жөн коюшу керек эле. Муфтийлерден бери ээрчитип келип, ар бир мечитке, айылга казыларды дежур кылып коюп коюшкан. Мындайды мен өмүрүмдө көргөн да, уккан да эмесмин.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 1-декабрда аяктайт. Ал Кыргызстанда алты жыл башкарды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG