Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Президенттин шайлоо алдындагы убадасы


Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдык күч алды. Аймактарга бюллетендер жеткирилип, талапкерлер болсо үгүт өнөктүгүнүн алкагында соңку жолугушууларын өткөрүп жатат.

Шайлоо темасына Ошто сапарда жүргөн президент Алмазбек Атамбаев да кайрылып, өлкө башчылыкка талапкерлер саясий жарыштын аягына чейин катышат деген ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жума соңундагы шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүүгө убада берип, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөрүн кошумчалады.

Президент БШКнын каттоосунан өткөн бардык талапкерлер добуш берүү күнүнө чейин катышарын, атүгүл бул боюнча өз аппаратына тапшырма да бергенин ачыкка чыгарды:

- Кандай болсо да шайлоону өткөрөбүз. Мен 10 күн мурда эле өзүмдүн администрацияма БШКнын ар бир мүчөсү менен сүйлөшүп, эч кимди жарыштан четтетпөөнү суранышын тапшыргам. Кыргызстандын эли татыктуу президентти тандап алат. Шайлоого үч күн гана калды. Мен өз элиме ишенем.

Президенттин бул сөзү шайлоонун босогосунда талапкерлердин бирине үчүнчү ирет эскертүү берген учурга туш келди.

10-октябрда үгүт өнөктүгү учурунда мыйзам бузганы үчүн талапкер Өмүрбек Бабановго үчүнчү ирет эскертүү берилген эле. Бул эскертүү Бабановду шайлоодон четтетүүгө негиз болбойбу деген суроолор жүрүп жаткан.

Өмүрбек Бабановдун штабы шайлоо мыйзамына шилтеме берип, добуш берүүгө беш күн калганда талапкерди шайлоодон четтетүүгө болбой турганын айтып келишкен. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү мыйзамдын мындай жобосу үгүт өнөктүгү учурунда мыйзам бузганы үчүн бир нече жолу эскертүү берилсе, иштебей турганын белгилеп, билдирүү тараткан.

Башкача айтканда, БШК Бабановдун талапкерлигин алуу боюнча маселе дале болсо ачык калганын ишара кылган эле.

Эми президент Атамбаев талапкерлерди шайлоодон четтетүүгө кызыкдар эмес экенин билдиргендей болду. Бирок өлкө башчысынын БШК мүчөлөрү менен сүйлөшүү тууралуу тапшырмасы бул органдын ишине кийлигишүү катары саналбайбы деген талкууларды жаратты.

БШКнын мүчөсү Назарали Арипов президенттик аппарат тарабынан мындай суранычтар болгону тууралуу кабары жоктугун билдирди:

- Бул сөздү биринчи жолу угуп жатам. БШК көз карандысыз мамлекеттик орган. Биз өзүбүз ишибизди Конституция жана мыйзамдарга ылайык алып барабыз. Бизге бирөөлөр тарабынан айтып, суранганы туура келбейт. Көз карандысыздыкты сакташыбыз керек. Эч кандай сураныч алганым жок.

Президенттик аппараттан мындай кийлигишүү болбогонун БШКнын башка мүчөлөрү да кошумчалашты.

Анткен менен өлкө башчысынын мындай билдирүүсүн шайлоо органынын ишине кийлигишүү катары санагандар да бар. Маселен, БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев:

- Эми бул түздөн-түз кийлигишүү болуп калды. Президент өз иш-аракетине жооп бериши керек. Эч кимди шайлоодон албагыла деген мыйзамдын талаптарына туура келбейт. Мыйзамда талапкердин шайлоого чейин же кийин шайланууга укугу жок болсо, пассивдүү укугу жок болсо бардык учурда шайлоодон четтетилет. Мына ушуларды эске алуу керек.

Ал ортодо президенттик шайлоого акыры даярдык өз тартиби менен жүрүүдө. Боршайкомдон билдиришкендей, учурда бюллетендер аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жеткирилүүдө.

Бюллетенге БШКдан алгач каттоодон өткөрүлгөн он үч талапкердин аты-жөнү киргизилген. Алардын арасынан Сооронбай Жээнбековдун пайдасына шайлоодон четтеген Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп талапкерлигин алган Бакыт Төрөбаевдин аты-жөнү бюллетенден калем менен сызылат. Ал эми талапкерлер болсо үгүт өнөктүгүнүн алкагында соңку жолугушууларын өткөрүп жатат.

Мыйзамдарга ылайык, 14-октябрь күнү үгүт токтотулуп, жымжыртык күнү башталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG