Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Ошто үгүтчүлөр коркутууга кабылды


Ош
Ош

Президенттикке ат салышып жаткан Өмүрбек Бабановдун Кара-Суу районундагы үгүтчүлөрү бийлик талапкеринин штабынын өкүлдөрү кысым көргөзүп жатканын билдиришти.

КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун облустагы штабы мындай дооматты куру жалаа деп төгүндөдү.

Кара-Суу районундагы Шарк айылынын 58 жаштагы тургуну Танзилия Орунбаева президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго үгүт жүргүзүп жаткан жыйырмадай адамдын башында турат.

Бул үчүн КСДП президенттикке сунуштаган Сооронбай Жээнбековдун штабындагылардан эскертүү алганын айтат:

- "Эже, азыр деле кеч эмес. Бардык командаңыз менен бизге өтүңүз. Элден ажырап калбагыла" деп айтышты. Аты-жөндөрүн билбейм. Үйүмө да келишти. Бирок мындай сунушту кабыл албаганым үчүн коркутууга кабылдым. 9-октябрь күнү кечке жуук үйдө отурсам, мени менен отурган төрт кыз көчөдөн чуркап киришти. "Артыбыздан бийликтин адамдары кууп келатат" дешти. Мен аларды ажатканага бекиттим. Артынан төрт эркек кирип келип, "башка талапкерге иштеп жатасыңар, токтоткула" деп эскертишти. Мени үгүт иштерине колдонуп жүргөн кагазга маңзат салып, милицияга карматып коёрун айтып коркутушту. Алар кеткенден кийин эки сааттай убакыт өткөндө кыздарды ажатканадан чыгарып, үйлөрүнө жөнөттүм.

Танзилия Орунбаева.
Танзилия Орунбаева.

Ошондой эле Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн атын атагысы келбеген тургуну Дыйкан-Кыштак айыл башчысы бийликтин талапкерин колдоону талап кылып жатат деп билдирди:

- Алты киши үйүмө келишиптир. Кызым жалгыз болчу. Аны опузалап, “апаң баскан кадамын билип жүрсүн” деп кетишиптир. Алардын мындай кылганга акысы жок. Анан өзүмө да айыл башчы Камалдин аке телефон чалып, жаман сөздөр менен тилдеди. Мен ашканада иштейм. Акча керек болгону үчүн үгүтчү болуп да иштеп жатам. Мыйзамды бузган жокмун. Мен кимди колдоп, кимге добуш береримди өзүм чечем. Бирок коркуп жатам. Эмнеге биздин жарандык укугубузду тепсешет? Айыл башчы опузалап "айыл өкмөттөн справка же башка кагаз алууга келерсин, ошондо көрөсүң" деп коркутуп жатат.

Төлөйкөндүк бул аял айыл башчынын телефон аркылуу опузасы деп, тасмага түшүрүлгөн үндү угузду.

Камалдин Мамиров
Камалдин Мамиров

Камалдин Мамиров бул аял менен телефондо сүйлөшкөнүн “Азаттык” радиосуна ырастап, бирок "опузалады" деген сөздү четке какты:

- Мен өкмөттүн адамы болом. Бирөөгө шайлоо боюнча көрсөтмө берүүгө акым жок. Бул куру доомат.

Опузага кабылдык деген эки үгүтчү “сөзүбүз өтпөйт, ошон үчүн күч органдарына арызданбайбыз” дешти. Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын өкүлү, КСДПнын Оштогу координатору Талипбек Козуев мындай көрүнүштөрдү атаандаштардын талапкерди каралоо аракети деп баалады:

- Бул маалыматты сизден угуп таң калып жатабыз. Мындай болбошу керек. Анткени биз таза шайлоо өткөрүүгө аракет кылып жүрөбүз. Муну башкалар атайын уюштурган болушу мүмкүн. Шайлоонун астында “өрдөк учурган” кеп-сөздөр чыга берет. Адамдардын көбү чындыкка маани бербейт, ушакты сүйлөсөң тез кабыл алышат.

Үгүт маалында талапкердин жактоочуларынын бири-бирине дооматтары, каралаган аудио, видеотасмалары байма-бай чыгып жатат. 10-сентябрда башталган үгүт кампаниясы 14-октябрда аяктайт. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Жарышка 11 талапкер катышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG