Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Ош: үгүтчүлөр акча таратпаганын айтып чыкты


Ошто добуш сатып алууга шектелип кармалган үгүтчүлөр милициянын мажбурлоосу менен көрсөтмө бергенин айтып чыгышты.

Ошто президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынан добуш сатып алууга аракет кылды деген негиз менен эки киши кармалды. Бирок колго түшкөндөр муну атайын уюштурулган чагым деп жатат. Бабановдун штабы Башкы прокуратурага кайрылды.

10-октябрда интернетке тараган видеотасмада президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаардык штабында иштеген эки үгүтчүнү күч кызматкерлери суракка алып жатканын көрүүгө болот. Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, алар алдыдагы президенттик шайлоодо жарандардын добушун сатып алуу максатында акча таратып жатат деген негизде 185 миң сом менен колго түшкөн.

Үгүтчүлөрдүн бири 58 жаштагы Сабыржан Алимов “акча шайлоочулардын добушун сатып алууга багытталган” деп көрсөтмө берген. Сабыржан Алимов 11-октябрда “Азаттык” радиосуна комментарий берип, жанындагы акча 37 үгүтчүнүн эмгек акысы болгонун, бирок милиционерлердин мажбурлоосу менен жалган көрсөтмө бергенин билдирди:

- Мен жалган көрсөтмө бердим. Анткени мени уруп коркутушту, машинаңызга бир нерсе таштап коебуз дешти. Мен буга чейин күч кызматтарына кармалган эмесмин, нес болуп калдым. Чынында бул акча үгүтчүлөрдүн маянасы болчу.

Сабыржан Алимов менен чогуу кармалган Тахир Касымов окуя тууралуу буларды айтты:

- Кечээ саат бир жарымда биз үгүтчүлөрдүн маянасын алып баратсак Он-Адырдын жолунда МАИ тосту. Документтерди текшерип жаткан учурда жарандык формачан эки адам келип, бизди ШИИБиге алып жөнөштү. Ал жерден акча тууралуу сурашканда, айлык акы экенин айткам. Мени түн жарымга чейин кармап отурушту.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков добуш сатып алуу боюнча маалымат түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери барып, шектүүлөрдү Садриддин Айни көчөсүнөн кармашканын билдирди:

- Шектүүлөр Он-Адыр конушуна бараткан жерден кармалышкан. Милиционерлер аларды текшерген учурда биринин чөнтөгүнөн 100 миң сом, экинчисинен 85 миң сом чыккан. Акчаны шайлоочуларды сатып алуу максатында алып жүрүшкөнүн айтышкан. Милициялар коркутканы тууралуу айткан кептери чындыкка дал келбейт. Табылган акча боюнча иш сотко өткөрүлдү, өздөрү болсо коё берилген.

Ош шаары
Ош шаары

Талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы ИИМдин добуш сатып алуу фактысы катталды деген билдирүүсүн четке кагып, милиция кызматкерлери соттун уруксатысыз аңдуу жүргүзүп, мыйзам бузуп жатат деп жарыялады. Ошто менчик автоунаа себепсиз токтотулуп, аны текшерүү мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн, андагы кутулар мыйзамдуу түрдө үгүт иштерине багытталганын, айдоочу менен үгүтчүгө кысым көрсөтүлүп алар жалган көрсөтмө бергенин билдирди. Талапкердин штабы милициянын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылуу жолдой турган болууда.

Ал арада оштук журналист Шахрух Саипов өздөрүн президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүтчүлөрүбүз деген кишилер шайлоочуларга акча сунуштап жатканын айтып чыкты. Ал 10-октябрь күнү өз үйүнө бир добушка 1000 сомдон акча сунуштап келгендерди видеого тартып алган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG