Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:03

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат "Азаттыкка" маек курду.

«Азаттык»: Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Кыргызстандын жаңы президенти бир тур менен аныкталып олтурат. Бийликтеги партиянын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыгып, 54 пайыздан көп добуш алды. Жээнбековдун жеңишине жана шайлоодогу фавориттердин бири саналган Өмүрбек Бабановдун жеңилишине эмне себеп болду?

Эрика Марат: Биринчиден, Бабановдун өзү президенттик үчүн күчтүү талапкер болгон жок. Бирок, менимче, админресурс башкы критерий болду. Бул шайлоону административдик ресурс чечти. Президенттикке талапкерлерди каттоодон тарта бүгүнкү добуш берүүгө чейин админресурс байкалып жатты. Кээ бир талапкерлер катыштырылган жок. Президенттин билдирүүлөрүндө башка талапкерлерге каршы активдүү сын болуп жатты. Добуш берүү күнү да жергиликтүү бийликтин же добушканалардын өкүлдөрү журналисттерге бөгөт коюуга аракет кылганы тууралуу кабарлар болду.

“Азаттык”: Мындай учурлар байкалса да, добушту эл берип, элдин тандоосу болду да. Кандай ойлойсуз?

Эрика Марат: Мен сизге кошулам. Мен түшүнгөндөн элдин катышы төмөн болду. Бул жерде эки жагдай бар. Биринчиден, чет өлкөдөгү абдан көп мигранттар ар кыл себептерден, анын ичинде биометрикадан улам добуш бере албай калышты. Экинчиден, албетте, эл чечет. Бирок Жээнбековдун харизмасы аз жана кандайдыр бир стратегиялык көз караштары менен айырмаланбаганына карабай, шайлоону утуп чыгышында административдик ресурс чоң роль ойногону талашсыз. Айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жээнбековдун жеңип чыгышы үчүн аракет көрүшкөнүн медиа каражаттарындагы маалыматтардан билебиз.

“Азаттык”: Деген менен көптөгөн эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар Кыргызстандагы шайлоону атаандаштык курч жана жыйынтыгын алдын ала айтуу мүмкүн болбогон шайлоо катары мүнөздөп келишти. Алар Кыргызстанды региондо бийлик шайлоо жолу менен алмашкан сейрек өлкө деп мүнөздөштү. Сиздин байкооңуз боюнча, бул шайлоо өнөктүгү демократиялык талаптарга канчалык туура келди?

Эрика Марат: Менимче, чет өлкөлүк маалымат каражаттары жана Кыргызстанда болгон эл аралык байкоочулар өздөрү байкабастан пайда келтиребиз деп жатып Кыргызстанга туура эмес кылып алышты. Борбор Азияда демократиялык процесс жана жыйынтыгын жоромолдоп болбос шайлоо эмне экени жөнүндө “планка” ушунчалык ылдый болгондуктан, медиа каражаттарынын жана эксперттердин жоромолдору бийликтин пайдасына иштеди.

Себеби админресурс башкы ролду ойноду. Эгер эл аралык уюмдар, байкоочулар Кыргызстанга сынчылыраак көз караш менен карашканда алар жыйынтыгы белгисиз шайлоолор кандай өтөөрү тууралуу бийигирээк “планканы” коюшмак. Админресурска көбүрөөк көңүл бурушмак.

Менимче, тарыхый жана жыйынтыгы жоромолдонбогон шайлоолор 2010-жылы, 2011-жылы, 2015-жылы болгон. Анда Кыргызстан жаңыдан гана саясий динамизмге, өз ара атаандашкан ар кыл саясий күчтөргө көнүшүп келаткан. Бул жолу КСДП өз талапкерин тандаганда алар аны бардык ыкмалар менен алдыга сүрөөрү дээрлик белгилүү болуп калган.

“Азаттык”: Кантсе да эл Жээнбековго добуш беришти. Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков кызматтык мөөнөтү аяктап бара жаткан президент Атамбаевдин ишин уланта турганын белгилеп келет. Жээнбековдун президенттиги тушунда Кыргызстан кандай өзгөрөт?

Эрика Марат: Шайлоо алдындагы теледебаттарда Жээнбеков өзүн кандай алып жүрөөрүн көрдүк. Кандайдыр бир авторитардык, кескин билдирүүлөргө таянган адам катары көрсөттү. Менимче, ал мындай күчтүү эмес мандат менен өз бийлигине карата сынды чектөөгө аракет кылышы мүмкүн. Себеби Жээнбеков кандайдыр бир демократиялык билдирүүлөрү менен эмес, оппоненттерине каршы кескин билдирүүлөрү менен айырмаланды.

“Азаттык”: Талапкер Өмүрбек Бабанов казак лидери Нурсултан Назарбаев менен жолуккандан кийин Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык кайым айтышуу болду. Эми эки өлкөнүн алакасы кандай өзгөрүшү мүмкүн?

Эрика Марат: Жээнбеков кемчиликтерди оңдогонго, Казакстан менен мамилени дипломатия жолу менен калыбына келтиргенге аракет кылат деп ойлойм. Ошентсе да Казакстан да, балким Кремл да Жээнбековду Атамбаевдин ишин уланткан киши катары кабыл алууну улантышат деген пикирдемин.

Кыргыз-казак чек арасында топтолгон унаалар.
Кыргыз-казак чек арасында топтолгон унаалар.

“Азаттык”: Шайлоодон кийин башка талапкерлер утулганын мойнуна алган маданият орнойт деп күтүүгө болобу?

Эрика Марат: Азыр Бабанов шайлоонун жыйынтыгын кандай кабыл алаарын карап көрүү керек. Менимче, Жээнбековдун мандаты алсыз. Эгер добуш берүү учурунда олуттуу мыйзам бузуулар аныкталса, балким оппозиция добуштарды кайра саноону талап кылышы мүмкүн.

Ошол эле учурда оппозиция да, бийлик да өлкөдөгү кырдаалды курчутууну каалашпайт. Себеби андан эч ким утпайт, баары утулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG