Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Мураскер операциясы жана оолукма демократия


Добуш берүүгө келген жоокерлер
Добуш берүүгө келген жоокерлер

Дүйнөлүк медианын көпчүлүгү элдик толкундоолорду баштан өткөргөн Кыргызстанда бийлик тынч жол менен алмашып жатканын баса белгилешсе, айрымдары азыркы лидер таптаган адам шайлоону утканын кабарлашты. Орус медиа каражаттарынын ичинде “Кыргызстанда мураскер операциясы өттү” деп билдиргендер болду.

Дүйнөлүк медианын басымдуу бөлүгү Кыргызстанда демократиялык жол менен шайланган президент мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин биринчи жолу кызматын тапшырып жатканына көңүл бурушту.

Эл аралык “Блумберг” басылмасы авторитардык мамлекеттер менен курчалган Кыргызстанда бийлик алгач ирет демократиялык жол менен алмашып жатканын жазды.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезити Рейтер агенттигинин макаласын жарыялап, Кыргызстандын кызматтан кетип жаткан орусиячыл лидери сүрөөнгө алган адам экинчи тур болот деген жоромолго карабастан көпчүлүктү таң калтырып жекшембидеги шайлоону жеңгенин кабарлады.

- Автократтар башкарган башка Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кыргызстанда кээде жетекчиликтин башаламан алмашуусун жараткан оолукма демократия бар, - деп жазылат макалада.

“Вашингтон Пост” жана “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги да бийликтеги партиянын талапкери шайлоону утканын белгиледи.

Британиялык Би-Би-Си корпорациясы бул шайлоону “тарыхый” деп атаса, “Гардиан” басылмасы “Кыргызстан бурмаланган шайлоолор тууралуу Борбор Азиядагы трендге каршы чыкты” деген макаласын жарыялады.

Франциянын "Ле Монд" басылмасы кыргыз шайлоосунда өкмөтчүл талапкер биринчи турда эле жеңгенин, сурамжылоолор алдыңкы эки талапкер ортосундагы ажырым мындан аз болорун көрсөткөнүн, шайлоонун аягы бейстабилдүүлүккө алып келбейби деген кооптонуулар айтылганын жазды.

- Кызматтан кетип жаткан президенттин авторитаризмге ыктаганына карабай, бул өлкө Борбор Азиядагы мурдагы советтик өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат,-деп жазылат макалада.

“Франс-пресс” агенттиги болсо өз макаласында бул шайлоодо Орусияда иштеген жүз миңдеген кыргызстандыктар каттоого турбаганы үчүн добуш бере албай калганын жазды. Ошондой эле орус президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду куттуктаганын, ал талапкерди Бишкек менен Москваны жакындаткан учурдагы президент таптаганын билдирди.

Германиянын “Дойче веле” медиа уюму Кыргызстанда кызматтагы президент өз ыктыяры менен кетип жатканын, Сооронбай Жээнбеков менен талапкер Өмүрбек Бабанов топтогон добуштардын ортосунда айырма күтүлгөндөн көп болгонун жазды.

- Өткөн жылы аткаруу бийлигин бекемдей алган Атамбаев бийликте калуудан карманды жана анын ордуна жакын өнөктөшүн жана тажрыйбалуу бюрократты колдоду, - деп жазылат “Дойче веле” жарыялаган маалыматта.

Орусиянын мамлекеттик телеканалдарына негизинен Кыргызстандагы шайлоого оң баа берген пикирлер айтылып жатты.

Ошентсе да "Коммерсантъ" басылмасы “Кыргызстандын бийлиги мураскер операциясын өткөрдү” деген макаласын жарыялады. Анда Жээнбеков Атамбаевдин жакын тарапкери экени, кызматтагы президент ал тууралуу шайлоо өнөктүгү маалында бир нече ирет оюн билдиргени айтылган.

“Эхо Москвы” радиосу “Кыргызстанда президенттик шайлоонун экинчи туру болбойт” деген макаласын жарыялады. Анда Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Кыргызстанда азыркы лидердин кишисинин президент болушу Евразиялык экономикалык биримдикке чоң маселе жаратышы мүмкүндүгүн, Жээнбековдун жеңишинде чоң административдик ресурс колдонулганын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG