Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Орусия: мигранттардын көбү добуш бере алган жок


Мигранттар: шайлоо укугубуз тебеленди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

Мигранттар: шайлоо укугубуз тебеленди

15-октябрдагы президенттик шайлоодо Москва шаарында иштеп, жашаган үч жүз миңдей мигранттын ичинен 1252 кыргызстандык гана добуш берди.

Шайлоо күнү добуш бере албай калган 500-600дөй мигрант Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына чогулуп, нааразычылык билдиришти. Алардын көбү биометрикалык маалымат тапшырбай, консулдук каттоодон өткөн эмес. Кээ бири мигранттарга жетиштүү маалымат берилбегенин айтышса, айрымдары өздөрүн тизмеден таппай калышкан.

Москвадагы добуш бере албаган мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Москвадагы кыргыз элчилигинде жайгашкан шайлоо комиссиянын төрагасы Мырзапаяс Карагулов чет өлкөдөгү жарандар добуш берүү үчүн биометрикадан тышкары консулдук каттоого турушун мыйзам талап кыларын белгиледи:

- Өкмөттүк расмий маалымат каражаттар бар, атайын сайттары бар. Ал жакта бардык маалыматтар чыккан. Чет жактагы жарандардан шайлоого катышуу үчүн консулдук каттоого туруусу мурунтан эле талап кылынып келет. Биометриканы бардык жарандар тапшырып жатат. Конституциябыз боюнча ар бир 18ге чыккан жараныбыз, мындайча айтканда орто билими бар, окуганды билишет. Биз биометрика чогултуп, консулдук каттоого алып, болгон тизмени БШКдан тактадык. Бүгүн Москвадагы тизмеден чыкпай калгандарды ошол жактан такташ керек.

Орусияда шайлоо тилкелери Москвадан тышкары кошумча беш шаардагы өкүлчүлүктөрдө ачылган. Маселен, Красноярскта 507, Санкт-Петербургда 276, Екатеринбургда 260, Новосибирскте 222 жана Владивостокто 91 кыргызстандык добуш берди. ​Екатеринбург шаарында жашаган ​Урмат Курбанбаев:

- Нааразычылык билдиргендер бизде деле болду. Биз эки ай мурун жарандарыбызга маалымат баракчаларын таркатып, шайлоо жөнүндө кабарлаганбыз. Башкы консулдукка көмөктөшүп диаспора өкүлдөрү базарларга чейин барып маалымат бергенбиз. Бирок, шайлоо күнү үч жүздөй жараныбыз келип, маалымат алган эмеспиз деп капаланышты. Жарандарыбызда деле жоопкерчилик болуш керек да, - деди.

Москвадагы добуш берүү.
Москвадагы добуш берүү.

Санкт-Петербургда 276​ адам добуш берген. Бул шаардагы шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кочкорбай Кутунаев:

- Шайлоочулардын тизмесинде 1116 адам болгон. Алардын 276сы добушун берип кетишти. Мурунтан биометрика тапшырбай, консулдук каттоого турбаган жүздөй адам келип, нааразычылыгын айтып, эмоцияга алдыргандар дагы чыкты. Мигранттарга маалымат жетпей калды деген да болбойт. Мүмкүн болушунча баарына айтылган.

Ал эми Красноярсктагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Назгүл Батаева өзүн тизмеден таппай калган адамдар болгонун билдирди:

- 1300дон ашык шайлоочу катталган тизмеде, жарымы добуш беришти. Москвадагыдай эле биометрикасы жок, өздөрүн тизмеден таппай капалангандар чыкты. Бирок мыйзам бузуу, добушун акчага сатуу сыяктуу көрүнүштөр болгон жок.

Орусияда акыркы маалыматтар боюнча 620 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Борбордук шайлоо комитети чет өлкөлөрдө жалпысынан 18,5 миң жаран шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алганын маалымдашкан. Чет жактагы шайлоочулардын басымдуулугу Орусияда катталган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG