Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Президенттик шайлоого берилген баалар


Бишкектеги добушкана.
Бишкектеги добушкана.

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого өлкөнүн ичинде да, сыртында да баалар бериле баштады.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштар саналууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, добуш берүүгө 1 миллион 690 миңден ашуун шайлоочу келди. Шайлоого катышуу 55,93 пайызды түздү.

Акыркы алдын ала эсептер боюнча талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Ага шайлоого катышкан элдин 917 миңден ашууну добуш берген, бул 54 пайыздан ашык көрсөткүч.

Сооронбай Жээнбеков баскан жол
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Ал 564 миңден ашуун добуш топтоп, 33 пайыздан ашуун добушка ээ болду.​

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда.

Улукбек Кочкоровго берилген добуштар 0, 55% же 8 миңден ашканы Боршайкомдун сайтындагы электрондук эсепте көрсөтүлүп турат.

Азимбек Бекназаровго 0.16%, Арстанбек Абдылдаев 0.12%, Арсланбек Малиев 0.1%, Эрнис Зарлыков 0.09%, Токтайым Үмөталиева 0.09% добуш алса, шайлоочулардын 0.69 пайызы баарына каршы болгон.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Биринчи турда жеңип чыгуу үчүн талапкер шайлоого катышкан элдин 50 пайыздан ашыгынын добушун алышы керек.

Шайлоого берилген баалар

15-октябрда өткөн шайлоого өлкөнүн ичинде да, сыртында баалар бериле баштады.

КМШ байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо дээрлик таза өттү деген баасын бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Байкоочулар Кыргызстандагы шайлоодо жылыш болгонун, КМШ өлкөлөрүндө жок шайлоо технологиялары ишке киргенин өзгөчө баалашты.

Президенттик шайлоо учурунда добуш берип жаткан аял.
Президенттик шайлоо учурунда добуш берип жаткан аял.

КМШ байкоочулар миссиясынын төрагасы Сергей Лебедев ошол эле учурда айрым кемчиликтер болгонун кошумчалады:

- Биздин байкоочулар айрым участоктордо электрондук эсептөөчү үкөкчөлөр иштебей калганына күбө болду. Бирок техникалык бузулуулар ошол замат оңдолуп жатты. Төрт участокто электрондук үкөк иштебей калгандыктан жөнөкөй үкөктөр коюлду.

КМШ байкоочулар миссиясы айрым шайлоочулар өзүн тизмеден таппай калган көрүнүштөрдү да шайлоо уюштуруудагы кемчилик катары сыпаттаганы менен ал эл аралык шайлоо тажрыйбасында нормалдуу көрүнүш экенин айтышты.

Ал эми шайлоочулардын 55 пайызы добуш берүүгө келгенин жогорку көрсөткүч деп эсептөөгө боло турганын кошумчалашты.

Кыргызстандагы “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” бейөкмөт уюму болсо, бул жолку президенттик шайлоодо мамлекет башчынын бир талапкерди колдоп чыкканы башкалардын атаандаштыгын чектеди деп эсептейт. Уюмдун башчысы Азамат Адилов бүгүнкү маалымат жыйынында үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлерди тартуу орун алганын, “кара пиар” активдүү жүргөнүн жана административдик ресурс колдонулганын белгиледи:

- Дин өкүлдөрү мыйзамда тыюу салынганына карабай, активдүү катышты. Биздин уюмдун тажрыйбасында быйыл биринчи жолу байкоо жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болду. Байкоочулардын айрым укуктары чектелди.

Ал эми Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгы административдик ресурстан көз каранды болду деген пикирде:

- Жээнбековдун харизмасы аз жана кандайдыр бир стратегиялык көз караштары менен айырмаланбаганына карабай, шайлоону утуп чыгышында административдик ресурс чоң роль ойногону талашсыз. Айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жээнбековдун жеңип чыгышы үчүн аракет көрүшкөнүн медиа каражаттарындагы маалыматтардан билебиз.

Эрикак Марат.
Эрикак Марат.

Кыргыз-казак чек арасындагы кризис жана шайлоо

Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгына жакынкы өлкөлөрдүн бийлик адамдары да пикирлерин билдире баштады. Казак парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаев “Твиттердеги” баракчасына:

- Боордош Кыргызстандын президенти болуп Казакстан менен ар тараптуу кызматташуунун маанисин түшүнгөн тажрыйбалуу саясатчы С.Жээнбеков шайланды, - деп жазды.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо Бишкек менен Астананын ортосунда чыңалуу күчөп, кыргыз-казак чек арасынан адамдардын жана автоунаалардын өтүүсү казак чек арачыларынын демилгеси менен оор болуп жаткан кезде өттү. Чек ара кызматынын 16-октябрда “Азаттык” үналгысына билдиргенине караганда, ушул тапта Чүйдөгү “Ак-Тилек” бекетинин жанында 300дөй жана Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде 300дөй жеңил жана жүк ташуучу унаа казак тарапка өтө албай турат.

Казакстан тарапка жарандардын жана автоунаанын өтүүсү 10-октябрдан бери кыйындаган. Анын алдында президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого кийлигишип жатат деп казак бийлигин жана президен Нурсултан Назарбаевди сындап сүйлөгөн. Ал 15-октябрда добуш бергенден кийин да журналисттер менен жолугушуу учурунда Астананы сындап өттү.

Алдын ала эсептер боюнча 50 пайыздан көп добуш алганы белгилүү болгондон кийинки маалымат жыйынында бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамилесине байланыштуу буларга токтолду:

- Ар бир мамлекет кандай болбосун бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылышы керек. Ошондо көп нерсе чечилет. Биз ошондой мамиле жасап келгенбиз, мындан ары аны улантабыз. Бул (жагдай) убактылуу нерсе. Бул дагы чечилет.

Жээнбеков: Шайлоо акыйкат өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Ал эми бийликтеги КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон, шайлоодо 33 пайыздан көп добуш алган Өмүрбек Бабанов бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоодон кийинки алгачкы пикирин билдирди.

"Шайлоодо мага берилген добуштарга ылайык ордумду ээледим" деген Өмүрбек Бабанов "Шайлоонун жыйынтыгын тааныйсызбы же жокпу?" деген суроого так жооп берген жок.

Бабанов "Кыргызстанда президенттик шайлоо биринчи жолу атаандаштыкта өттү, бирок бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок" деген пикирин билдирип, тарапкерлерине, үгүтчүлөрүнө "административдик басым, тартип коргоо органдарынын коркутууларына карабастан" аны колдогону үчүн ыраазылыгын айтты жана чагымдарга алдырбоого, көчөгө нааразылыкка чыкпоого үндөдү.

Өмүрбек Бабанов шайлоого өз баасын берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG