Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Талас: УКМКнын назары түшкөн активисттер


Таластагы митинг. 3-ноябрь, 2017-жыл
Таластагы митинг. 3-ноябрь, 2017-жыл

Талас шаарында нааразылык акциясы өттү. Ал арада митинг уюштурууга тиешеси бар делип үч активист УКМКга чакыртылган.

"Жаңы муун" жаштар кыймылынын мүчөсү Төрөкан Жунусбаевдин айтымында, 3-ноябрда Талас шаарында өткөн акцияга 2 миңге жакын киши чогулду.

- Бакай-Ата, Кара-Буура, Талас райондорунан 2 миңге жакын адам чогулду. Эл “Атамбаев кечирим сурасын” деген талапка “чек арадагы абал жөнгө салынсын” деген маселени кошуп айтып жатышат. Уюштуруу комитети мына ушул талаптарды эми жалпы Кыргызстан боюнча элдик курултайда талкуулоо сунушун айтты. Датасын 9-13-ноябрь деп пландап жатабыз.

Жунусбаев акцияны жарандык активисттер тобу уюштурганын кошумчалады.

Ал эми чогулгандарга көз салган күч түзүмдөрү бүгүнкү иш-чарага 450-600 адам катышканын “Азаттык” радиосуна билдиришти. Акция тынч, эч кандай мыйзам бузууларсыз өттү. ​

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн милдетин убактылуу аткаруучу Чолпон Төрөкулов президент Атамбаевдин кечирим сурашын талап кылуу маселеси боюнча комментарий бере албасын айтты. Ал эми чек арадагы абалдын кесепеттерин алдын алуу аракети көрүлүп, негизги азык-түлүккө бааны туруктуу кармап туруу камсыз кылынганын белгилеп өттү.

Таласта 29-октябрда митинг өтүп, президенттин билдирүүсүнө нааразылык айтылган, катышуучулар Атамбаев элден кечирим сурасын деген талап коюшкан. Президенттик аппарат буга жооп кайтарып, мамлекет башчынын сөздөрүн туура кабыл алууга чакырган. Бүгүнкү акцияда да ушул талап айтылды.

Президент Атамбаев 18-октябрда мыкты окуган студенттерге стипендия тапшырып жатып Таласта шайлоодон кийин өткөн митингди сынга алган. Акция катышуучулары “Манас” эпосунан үзүндү окуп берейин деген мурдагы облус башчы Дайыр Кенекеевди сүйлөтпөй койгонун айтып, муну "Манасты сыйлабастык" деп атаган.

Атамбаев: Таластыктар, мени укпасаңар да, Манасты уккула
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов болсо "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, Таластагы митингдин артында парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери турат деп эсептерин айтты.

Үсөнов "президент Алмазбек Атамбаев Манас жөнүндө туура айткан жана таластыктардын атын жамынган бир ууч топтон кечирим сурабайт" деп белгиледи:

- Бабановдун жактоочуларынын митингине катышкандар Манас бабабыздын Каныкей апабызга өлүм алдында айткан керээзин укпай ката кетиргендерин моюнга алышы керек. “Манасты” Абыке-Көбөштүн тукумдары гана уккусу келбейт. Президенттин митингчилердин ушул жоругун айыптаганы туура болгон. Бабановчулар сөз нугун башка жакка буруп, элди козутканды токтотуп, туура жыйынтык чыгарышы керек.

Ал эми Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

УКМК чакырган активисттер

2-ноябрь күнү "Жаңы муун" жаштар кыймылынын үч мүчөсү Айбек Бузурманкулов, Төрөкан Жунусбаев жана Аманбек Бабакулов улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкектеги борбордук кеңсесине чакыртылган.​

Алар сурак берип чыкканын айтышып, муну Баш мыйзамда көрсөтүлгөн тынч чогулуу укугун басмырлоо катары кабыл алышкан.

Суракка чакырык катты активисттер Фейсбук баракчасына жайгаштарышты. Андагы атайын кызматтын тергөөчүсүнүн чакыруусунда жарандык активисттердин кайсы иш боюнча жана кандай макамда суракка чакыртылганы көрсөтүлгөн эмес.

Таластагы митинг. 3-ноябрь, 2017
Таластагы митинг. 3-ноябрь, 2017

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коомчулук менен байланыш бөлүмү үч жаран массалык башаламандык боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында гана чакыртылганын билдирди.

Сурак берип чыккан жарандык активисттердин бири Айбек Бузурманкуловдун айтымында, анда сөз Таласта 3-ноябрга белгиленген митинг тууралуу болгонун айтып, андагы коопсуздук үчүн жоопкерчилик маселеси каралган:

- Менден мына ошо Таластагы митинг боюнча эле сурашты. Аны кимдер уюштуруп жатканына кызыгышты. Анан эскертүү берген сыяктуу коопсуздук чараларын уюштуруучу тарап өзүнө алышы керек деген маселе коюлду. Биз митингдин коопсуздугуна мыйзам боюнча укук коргоо органдары жооп бере турганын айттык. Анткени митинг тууралуу жергиликтүү бийликке кабарландыруу берилген. Баш мыйзамда жарандар топтолуп, тынч митинг уюштурууга укугу бар экенин белгиледим. Анан кандайдыр бир чагымга жол бербөө жана коопсуздукту камсыздоого укук коргоо органдары милдеттүү экенин айттык.

Суракка чакыртылгандардын бири Аманбек Бабакулов кеңесеге адвокаты жок барып алгандыктан берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартканын айткан.

"Тынч чогулуу укугун басмырлоо"

Ошол эле кезде сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчилеринин бири Адил Турдукулов улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет муну менен жарандардын тынч чогулуу жана оюн эркин билдирүү укугун басмырлап, коомдук активисттерге кысым көрсөтүп жатат деп белгиледи.

Анын айтымында, жарандык активисттерди Таластагы митингди уюштуруу боюнча суракка чакыртып, аларга эскертүү берүүгө негиз болгон эмес. Адил Турдукулов мындай аракет саясий куугунтук катары каралышы мүмкүн экенин билдирди:

- УКМК мына ошол жигиттерди чакыртып, эскертүү берип, анан митингди болтурбоо үчүн алдын ала басым көрсөткөнү мыйзамсыз. Чагым уюштуруп, мына ошол жарандык активисттерге саясий куугунтук болбошу керек. Алар өздөрүнүн ой-пикирлерин эркин айтуу үчүн гана тынч чогулуп жатышат.

Анткен менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коомчулук менен байланыш бөлүмү аталган үч жарандык активист массалык башаламандык уюштурууга даярдык боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында чакыртылып, мына ошого байланыштуу тергөөгө күбө катары көрсөтмө бергенин белгилеген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов жарандык активисттер кеңсеге чакыртылганын ырастап, анын максаты тууралуу төмөндөгүдөй комментарий берүү менен гана чектелди:

- Буга чейин массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мына ошол мурда козголгон кылмыш ишинин материалдарынын негизинде аталган жарандар чакыртылып, бул боюнча аларга тергөөчүлөр айрым суроолорун берип, жооп алышкан.

Буга чейин бул жарандык активисттердин айрымдары 29-октябрда Талас шаарында өткөн саясий акцияга катышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG