Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Каниметов: Бийликке жаккандар кызматка келди


Эмил Каниметов
Эмил Каниметов

Кыргыз өкмөтүндө орун которуштуруу болду. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев вице-премьерлик кызматка келди. Автокырсыктан каза болгон вице-премьер Темир Жумакадыровдун ордуна Дүйшөнбек Зилалиев которулууда. Ушуга байланыштуу “Азаттык” радиосу саясат талдоочу, окумуштуу Эмил Каниметовду кепке тартты.

“Азаттык”: Эмил мырза, Дайыр Кенекеевдин вице-премьерлик кызматка сунушталып, дайындалып калышынын себеби эмнеде? Таласта митингге келген элди сооротуп, тараткан салымы үчүн эле өлкө жетекчилиги тарабынан бааланып калабы? Бул чечим канчалык туура?

Эмил Каниметов: Бийлик албетте жаштарды кызматка тартып жатат, ал тургай өкмөт башчылык кызматка чейин көтөрдү. Жаштардын ичинде интеллектуалдык деңгээли бийик, акыл көрөңгөсү тунуктар көп. Азыркы сунушталып жаткандардан он, жыйырма эсе жогору, эл үчүн пайда алып келе тургандай кадрлар бар. Аларды деле алып чыкса болмок.

Азыркы тандоо көңүлгө, бийлик башында тургандардын ишенимине карата эле жүрүп жатат.

Президент азыр элдин көңүлүн таап, ишенимге кире турган жаштарды бийликке көтөрүп жатат десек болот.

Дайыр Кенекеевдин вице-премьерлик кызматка дайындалышы боюнча айтсам, бул ишенимден мурда азыркы кырдаалды эске алган саясат болду. Мунун артында таластыктардын көңүлүн алуу, президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун утулуп калганына байланыштуу аларды сооротуу аракети тургансыйт. Эми таластыктарды бийликке жакындата турган адамдар керек да.

Экинчи жагынан алганда таластыктардын Бабановду колдоп жатышы боюнча Атамбаевдин сыны менимче туура. “Олигархты, Казакстандын бийлиги менен ачык байланышып, алардын ишин кылып берем деген адамды эмес, керек болсо эр Манастай адамды колдош керек” дегени орундуу эле. Ар бир кыргыз жараны ошентип ойлойт. Бул жагынан алганда президент азыр элдин көңүлүн таап, ишенимге кире турган жаштарды бийликке көтөрүп жатат десек болот.

“Азаттык”: Өзүңүз билгендей, өкмөт башчы Сапар Исаковдун өзү да жаш кадр деп сунушталган эле. Кийинки вице-премьер, башка министрликтерге кадр тандоодо ушул жаштык критерийи алдыга чыккандай болду. Сиздин оюңузча жаш кадр деп эле сунушталганы туурабы же алардын тажрыйбасы да эске алынышы керекпи? Дегеле өкмөттүн учурдагы кадр саясатына кандай баа бересиз?

Биздин, азыркы кыргыз коомчулугунун алдыга койгон чоң максаттарынын бири - кадр тандоо саясатын жөнгө салуу.

Эмил Каниметов: Негизги коомдун өнүгүүсүнө, саясаттын мыйзамына карасак, элдин ичинен чыккан, демократиянын талабына жооп бере турган, чыгаан, интеллектуалдык деңгээли бийик, уюштургуч кадрларды кызматка коюш керек. Анүчүн аларды атайын даярдыктан өткөрүү зарыл. Бирок бизде азыр андай кадр саясаты жүргүзүлгөн жок.

Бийликтин эң бийик тепкичинде турган, президенттин, премьер-министрдин көңүлүн тапкан, ишенимине кирген кадрлар бийликке тартылып жатат.

Жаштар боюнча айтсак, алар кызматка койгон адамдын сөзүн угат да. Улгайып калгандарга караганда, жаштар жетекчисинин ишенимине бат кирет, милдетти так аткарууга аракет кылат. Элге кызмат кылайын десе деле байланып турууга аргасыз.

Биздин, азыркы кыргыз коомчулугунун алдыга койгон чоң максаттарынын бири - кадр тандоо саясатын жөнгө салуу. Чыныгы мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына туура келе тургандай, карысы же жашы болсун, батыштан окуп келген, чыгыштан окуп келген, чындап натыйжа бере турган кадрларды акырындап өстүрүп, бийликке алып келүү керек.

Исаев президенттин кадр саясатын сынга алды

Исаев президенттин кадр саясатын сынга алды

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев президент Алмазбек Атамбаевди кадр саясатына байланыштуу Баш мыйзамды бузуп жатат деп айыптады.

“Азаттык”: Эми азыр шайланган президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы айларда расмий түрдө ишке киришет. Андан ары жаңы президенттин жана өкмөттүн кадр саясаты кандай нукта жүрөт деп ойлойсуз? Дегеле чоң кызматтарга кадр дайындоо кандай жүрүшү керек деп эсептейсиз?

Эмил Каниметов: Мындан кийинки саясат деле ушул нукта жүрөт. Кимдин ишенимине кирген, кимдин жардамы менен бийликке келген болсо ошого жараша кадр саясаты жок дегенде эки-үч жылга уланат. Андан кийин ошол эле жаңы президенттин чөйрөсү балким түздөп, мажбурлап андан ары алып кеткенге мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн.

Кандай болгон күндө да элге кызмат кылган таланттуу, интеллектуалдык деңгээли бийик, ишбилги жаштарды алып келүү коомдун талабы.

"Азаттыктын" архиви: Кадыры жок кадрлар. 30-ноябрь, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG