Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:41

Апта: Жээнбековдун жеңиши, чек ара кризиси


Социал демократтар партиясынын талапкери, шайлоодо 54,74% добуш алган Сооронбай Жээнбеков тарапкерлери менен жолугушуу учурунда.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Президенттик шайлоодо башкаруучу Социал демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков жеңди. Борбордук шайлоо комиссиясы берген алдын ала жыйынтыкка ылайык, Сооронбай Жээнбеков 54,74%, Өмүрбек Бабанов 33,7% добушка ээ болгон. 15-октябрда өткөн шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93% түздү.

Шайлоодо жеңген бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгы чыккандан кийин шайлоо таза, акыйкат өткөнүн айтып, "буга чейинки алты жылдагы жетишкендиктерди бекемдеп, башталган реформаларды аягына чыгаруу" жоопкерчилиги турганына токтолду.

Жээнбековдун башкы атаандашы, Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодо жеңилип калган себебин талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй калганынан көрөт. Жаңы шайланган президенттин мойнунда чоң жоопкерчилик турганын белгилеп, саясий атаандашын башка талапкерге иштегендерди, үгүттөгөндөрдү куугунтуктабоону суранды.

"Шайлоодо мага берилген добуштарга ылайык ордумду ээледим" деген Бабанов кандайдыр бир башаламандык уюштуруп, бийликти басып алууга ою жоктугун да кошумчалады.

Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

16-октябрда Таласта 500дөй адам шаардын борборуна чыгып, шайлоо таза өтпөгөнүн айтып нааразылык билдиришти.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5% ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты. Оппозициялык саясатчы маалымат жыйынын уюштуруп, президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады.

Шайлоого катышкан талапкерлердин үн катпай жатканын кескин сындап, бийликке, системага макул эместерди биригип, күрөшүүгө чакырды. “Макул эмесмин” аттуу кыймыл түзүү планын ортого салды.

Мадумаров: Талапкерлер башын катып жатканы өкүндүрөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

«Ак шумкар» партиясынын жетекчиси Темир Сариев 3% жакын добуш менен төртүнчү сапта турат. Шайлоого биринчи ирет катышкан Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда. Улукбек Кочкоров, Азимбек Бекназаров, Арстанбек Абдылдаев, Арсланбек Малиев, Эрнис Зарлыков, Токтайым Үмөталиева 1% жетпеген добуш топтошту.

БШКнын маалыматы боюнча талапкерлердин ар бири шайлоого 1 миллион сомдон 200 миллион сомго чейин акча коротту. Эң көп каражат сарптаган биринчи үчилтикке Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Темир Сариев кирди. Ал эми эң аз акча коротуп, бирок марага үчүнчү келген талапкер Адахан Мадумаров болду.

Бабанов шайлоо фондуна 200 миллион сомдон ашык акча салып, үгүт иштерине анын 197 миллионун жумшаган. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков 103 миллион сомдун 98 миллионун, Темир Сариев 40 миллиондун 39 миллионун үгүт иштерине салган. Калган талапкерлер 1 млн сомдон 7 млн сомго чейин гана коротушту.

15-октябрда Москва шаарында иштеп, жашаган 300 миңдей мигранттын ичинен 1252 кыргызстандык гана добуш берди. Добуш бере албай калган 500-600дөй мигрант Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына чогулуп, нааразычылык билдиришти. Алардын көбү биометрикалык маалымат тапшырбай, консулдук каттоодон өткөн эмес.

Мигранттар: шайлоо укугубуз тебеленди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

Орусияда акыркы маалыматтар боюнча 620 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. БШКнын маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө жалпысынан 18,5 миң жаран шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алган. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда катталган болчу.

Добуш берүүгө укуктуу, бирок биометрикасын тапшырбаган 800 миң жарандын көпчүлүгү чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар деп эсептелинет. ​

Кыргызстандын сыртында 37 жерде добуш берүү тилкеси уюштурулду.

Байкоочулардын эки ачакей баасы

Кыргыз шайлоосуна 800гө чукул эл аралык байкоочулар көз салды. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен келген байкоочулар шайлоо дээрлик таза өттү деп, айрым техникалык кемчиликтерди белгиледи.

Ушундай мүнөздөгү бааны Шанхай кызматташтык уюму жана Түрк парламенттик ассамблеясынын байкоочулары да айтышты.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы өлкөдө бийлик тынч алмашканын кубаттаганы менен шайлоодо административдик ресурстун колдонулушуна, добуштарды сатып алуу маселесине тынчсыздануусун билдиришти.

ЕККУ уюмунун Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы, франциялык дипломат Александр Кельчевский "добуш берүүгө жакын шайлоо өнөктүгүнө Улуттук коопсуздук кызматы, башка институттар, бөлөк расмий өкүлдөр ачык кийлигишкенин байкадык" - деди Бишкекте өткөн маалымат жыйынында. Ал ошондой эле БШКнын мүчөлөрү белгилүү бир талапкерге жан тартып, “бейтараптуулукту көргөзө албаганын” да белгиледи.

Шайлоолорго такай көз салып жүргөн жергиликтүү “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” уюму үгүт өнөктүгүндө мамлекет башчынын бир талапкерди колдоп чыкканы башкалардын атаандаштыгын чектеди деп эсептейт. Уюмдун башчысы Азамат Адилов мамлекеттик кызматкерлер үгүткө тартылып, “кара пиар” активдүү жүргөнүнө жана административдик ресурс колдонулганына токтолду. "Дин өкүлдөрү мыйзамда тыюу салынганына карабай, активдүү катышты" - деген уюмдун жетекчисинин айтканы боюнча, алар байкоо жүргүзүүдө тоскоолдуктарга туш болушкан.

16-октаябрда президент Алмазбек Атамбаев эл аралык байкоочулардын жоон тобу менен жолугушту. «Таза шайлоолор – өлкөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги» экенин белгилеген Атамбаев “эми мен Кыргызстан үчүн санаам тынч. Мындан кийинкиси мындан дагы таза болот" деп миссиялардын өкүлдөрүн ишендирди.

Кыргыз президенти ЕККУ, Европарламент, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы өңдүү уюмдардын айткан сын пикирлерине макул эмес экенин айтып, "бизге кош стандарттулуктун кереги жок» деди.

Президент Атамбаев 15-октябрь күнү добуш берүүгө жубайы Раиса менен келди.
Президент Атамбаев 15-октябрь күнү добуш берүүгө жубайы Раиса менен келди.

Эксперттей белгилегендей, атаандаштык күч болгон жарышта ким жеңээри добуштардын алгачкы жыйынтыгына чейин белгисиз болгону кыргыз шайлоосунун интригасын күчөттү.

Экс-президент Роза Отунбаева шайлоодон кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген көлөмдүү маегинде «атаандаштык күч шайлоо аркылуу бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү – биздин аймак үчүн феномен” деп баалады. “Шайланган президент парламентаризмге карай жолду улап, Конституцияны өзгөртөм дебейт, бул болсо менин жүрөгүмдү жылытты” – дейт Отунбаева.

Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин изилдөөчүсү Эрика Марат "Казакстан да, балким Кремл да Жээнбековду Атамбаевдин ишин уланткан киши катары кабыл алышат" деген пикирде.

​Казакстандык саясат талдоочу Расул Жумалы кыргыз шайлоосу прогрессивдүү, эркин, атаандаштык шартта өткөнүн белгиледи. Кыргыз президентинин "Сооронбай Жээнбековду шайлоо алдында сүрөп, үгүттөгөнү байкалды. Анын ичинде кандайдыр бир терс аракеттер, асыресе Казакстанга сын айтканы болду" - деп өз байкоосу менен бөлүштү.

Дүйнөлүк медианын көпчүлүгү буга чейин эки ыңкылапты баштан кечирген өлкөдө бийлик тынч жол менен алмашып жатканына көңүл бурушса, айрымдары мамлекет башчы таптаган «мураскер» утту деп жазып чыгышты.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезити автократтар башкарган башка Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кыргызстанда "кээде жетекчиликтин башаламан алмашуусун жараткан оолукма демократия бар» десе, британиялык “Гардиан” басылмасы “Кыргызстан бурмаланган шайлоолор жагынан Борбор Азиядагы өнөкөткө каршы чыкты” деген макала жарыялады. Француздардын "Ле Монд" гезити "кызматтан кетип жаткан президент авторитаризмге ыктаганына карабай, бул мамлекет Борбор Азиядагы мурдагы советтик өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат" - деп мүнөздөдү.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму «Кыргызстан: шайланган президент адам укуктарына артыкчылык бериши керек» деген аталыштагы билдирүү жарыялады. Жээнбековдун администрациясы президенттик шайлоо алдындагы «айларда күчөгөн адам укуктарынын бузулушун оңдоп, эркин медианын маанисин бекемдеп, көз карандысыз топтор менен активисттердин ролун арттырышы керек” деген сунушун Кыргызстандын жаңы президентине жолдоду.

Кыргызстандын эгемен тарыхында төртүнчү президент шайланып, мамлекеттик бийликтин башына келет. 1991, 1995 жана 2000-жылдары өткөн шайлоолордо Аскар Акаев, 2005 жана 2009-жылдары Курманбек Бакиев, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президенттикке шайланган. Мамлекеттин үчүнчү жетекчиси Роза Отунбаева референдум аркылуу 2010-жылы бийлик башына келип, 1 жыл 7 ай башкарган.

Кыргыз-казак чек арасындагы кризис

10-октябрдан тарта Казакстан коңшу Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Чек арадагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган. Бишкектен 25 чакырым жердеги "Ак жол" жана "Кордай" өткөрмө пункту эки өлкөнү байланыштырган негизги бекет. Ал аркылуу күнүнө 25 миңдей адам жана эки миңдей автоунаа өтөт.

Күчөтүлгөн текшерүүлөрдөн улам Чүйдөгү «Ак жол» бекетинде жүздөгөн адамдар сааттап кезек күтүп, Таластагы “Чоң-Капка” жана Чүйдөгү «Ак тилек» көзөмөл пункттарында жүк ташыган унаалар күндөп-түндөп туруп калганын Кыргызстандын чек ара кызматы бышыктаган. 13-октябрда “Ак тилек” өткөрмө бекетинде 70 жаштагы казакстандык аял чек арада бир нече саат туруп каза тапты.

Чек арадагы кризис президент Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрда шайлоого байланыштуу казак бийлигинин дарегине айткан cөзүн расмий Астана саясий максатты көздөгөн “чагым” деп атагандан кийинки маалга туш келди.

18-октябрда Атамбаев чек арадагы көйгөй боюнча пикирин айтып жатып, "Кыргызстанды Орусиядан бөлүп жатышат" деген. Кыргызстан “өз товарын өткөрүүдө башка жолдорду, башка базарларды издеши керектигине” токтолгон.

"Президент Назарбаевдин айланасында олигархтар, казак миллиардерлери" отурат деген Кыргызстандын мамлекет башчысы «Назарбаев тууралуу эмоция менен айтып туура эмес кылдым окшойт» деген оюн билдирген.

Ушул эле күнү Кыргыстандын Айыл жана суу чарба министрлиги Талас облусундагы Киров суу сактагычынын плотинасын оңдоо жана бекемдөө максатында суу агызыла баштарын билдирди. Советтик доордо курулган бул жайдагы суунун 12% гана Кыргызстан пайдаланат, калганы Казакстандын түштүк аймагына берилет.

Киров суу сактагычы.
Киров суу сактагычы.

Академик Жамин Акималиев "казак туугандар сегиз күндөн бери чек арасын жаап коюп бизге экономикалык блокада кылып" жатат деп айыптады. Айыл чарбасын ийне-жибине чейин билген окумуштуу Казакстандын Жамбыл облусундагы жүз миңдеген гектар жер Киров суу сактагычынан барган суу менен сугарыларын эске салды.

Казакстандын Суу чарба министрлиги болсо суу сактагычты оңдоо боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүү чек арада маселе чыга электе башталганын, Кировдон суунун агызылышына даярдыгын билдирди.

Чек арадагы кырдаал 18-октябрда Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков Астанага барып, казак бийлиги менен сүйлөшүп келгиче өзгөрүүсүз турду.

Премьер баштаган делегация коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуп, атайын келишимге кол койду. Келишимде чек ара бекеттериндеги жөө жүргүнчүлөрдү, жеңил жана эл ташыган унааларды биринчи кезекте өткөрүү каралган.

Жүк ташыган оор унааларды өткөрүүдөгү көзөмөлдү жеңилдетүү боюнча эки өлкө ортосунда биринчи вице-премьер министрлер жетектеген жумушчу топ түзүлдү. Бул топко беш күндүн ичинде чек арадагы бардык маселелерди чечүүнүн жол картасын иштеп чыгуу тапшырылды.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов 19-декабрда атайын топтун иши башталганын “Азаттык” радиосуна бышыктаган.

Ошол эле маалда Астана Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатканын билдирип чыкты. Бул маселе эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда каралганын казак премьери Бахытжан Сагинтаевдин билдирүүсүнөн белгилүү болду.

"Кыргызстандык соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу транзит менен алып өтүүчү товарлары туура эмес декларацияланганы аныкталууда" деген Сагинтаев мындан Казакстандын экономикасы "түздөн-түз чыгымга учурап жатканын" айтты. Казак өкмөт башчынын айтканы боюнча кыргыз тарап да аны мойнуна алган.

Чек арада адам тыгыны азайды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн 22-октябрда түш ченде берген маалыматына караганда, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө бекетинде 100гө жакын адам турат. Ошондой эле 40тай автоунаа топтолгон. Маалыматка караганда, чек арадан 10-15 мүнөттө 20-25 адам жана 10дой машине өткөрүлүп жатат.

Эки өлкө ортосундагы "Ак тилек" көзөмөл-өткөрүү бекетинде болсо, 420 жүк ташуучу автоунаа чогулуп калганы, казак тарап бир саат аралыгында алты машинени өткөрүп жатканы кабарланды.

Ал эми "Чоң-Капка", "Чалдыбар" бекеттеринде автоунаа жана киши тыгыны жок.

Кыргызстандык ишкерлердин чек арадагы кырдаалдан улам тарткан чыгымы расмий эсептелине элек. Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев «чек аранын жабылышы эркин соодага кедергесин тийгизип, коңшу өлкөгө дагы терс таасири болгонун» "Азаттыкка" берген комментарийинде айтты.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев чек арада зыян тарткан ишкерлерге жана дыйкандарга кенемте төлөп берүү үчүн атайын комиссия түзүүнү өкмөткө сунуштады.

Президенттик шайлоодо жеңген Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды "убактылуу нерсе" деп сыпаттап, "ар бир мамлекет кандай болбосун бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылышы керек" деп "Азаттыктын" журналистинин суроосуна жооп берди.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн Евразиялык экономикалык биримдиктин комиссиясына, Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, негизги макулдашуу бузулуп жатканын көтөргөн.

Ракка "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотулду

17-октябрда Сириянын Ракка шаары “Ислам мамлекети” радикал тобунун экстремисттеринен толук бошотулду. АКШ колдогон Сирия демократиялык күчтөрү террордук топтун борбору саналган Ракка шаарынын ал-Наим аянтында жеңиштин желегин шейшембиде желбиретти.

Байыркы Ракка шаарын бошотуу операциясы 2016-жылдын 5-ноябрында башталган. Ага Сирия демократиялык күчтөрү, күрт кошуундары тартылган.

"Биз өзүбүз жана дүйнө үчүн тарыхый учурларды баштан кечирип жатабыз. “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөшүү биз алган тарыхый милдет болчу, бүгүн анын жыйынтыгы чыгып, Ракка шаары бошотулганына күбө болуудабыз" - деди кабарчыларга Сирия демократиялык күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Жихан Ахмед.

Сирия.
Сирия.

Ракканы бошоткон Сирия демократиялык күчтөрү жана жергиликтүү күрт, араб кошуундарынын бирикмеси расмий Дамаск менен кызматташпайт. Раккага туз чабуул ушул жылдын 6-июнунда башталган.

Айлап созулган операция учурунда Сириянын демократиялык күчтөрүнө абадан колдоо көргөзүп келген АКШ армиясы Ракканын 90% ээленгенин ырастады.

АКШ баштаган эл аралык коалициянын басма сөз өкүлү, полковник Раян Диллондун маалыматына караганда, Ирак менен Сирияда алты жарым миңдин тегерегинде “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери бар. ​

Ал эми Ракканын өзүндө дагы жүздөй жоочу жүрүшү мүмкүн. Ал жердеги террордук топтордун очоктору талкалангандан кийин шаарды калыбына келтирүү иштери башталат.

Эл аралык коалиция эң маанилүү иштердин бири деп Ракканы жарылуучу заттардын калдыктарынан тазалоону белгилейт.

Август айында америкалыктар “Ислам мамлекети” тобунун Раккадагы согушкерлеринин саны 2000дин тегерегинде деп болжолдошкон.

Сириядагы согушка башынан байкоо салып келген уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын эсебинде Ракка үчүн соңку төрт айдагы уруштарда 3250дөй адамдын өмүрү кыйылды. Алардын дээрлик үчтөн бири жайкын тургундар.

Кыйраган шаарды калыбына келтире турган Жарандык кеңештин жетекчилеринин бири Ибрахим Хассандын айтымында, согушта Ракканын инфраструктурасы толук кыйраган, бир да кызмат иштебей калган.

Сириянын түндүк-чыгышындагы Ракканы “Ислам мамлекети” тобу 2014-жылдын январь айында ээлеп алган. Евфрат шаарынын сол жээгиндеги байыркы тарыхый калаа халифатчылардын көзөмөлүнө өткөн биринчи чоң шаар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG