Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

Ракка шаары согушкерлерден тазаланууда


Сириядагы демократиялык күчтөрдүн жоокерлери. 8-октябрь, 2017-жыл
Сириядагы демократиялык күчтөрдүн жоокерлери. 8-октябрь, 2017-жыл

Сириянын Ракка шаары ИМ тобунун согушкерлеринен тазаланып, бошотулганы тууралуу маалымат бүгүн-эртең жарыяланат. Бул тууралуу 14-октябрь күнү Күрт коргонуу күчтөрүнүн өкүлү билдирди.

Булар АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөрдүн колдоосунда сириялык оппозициянын отряддары менен чогуу Ракканы алуу үчүн күрөшүп жатат.

14-октябрда коалициянын өкүлдөрү жихадчылар менен келишимге жетишкени тууралуу Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө борборуна шилтеме кылган маалыматтар пайда болду. Ага ылайык, согушкерлер шаардан чыгып кетүүгө макул болгон. Коалициянын өкүлдөрү жүздөн ашуун согушкер багынып бергенин жана шаардан чыгарылганын маалымдады.

Укук коргоочулар согушкерлердин бардыгы Раккадан чыгып кеткенин маалымдашууда. Азырынча алардын кайда кеткени тууралуу маалымат жок.

Сириядагы демократиялык күчтөр - күрттөрдүн жана арабдардын биргелешкен отряддары.

Ракка шаарын ИМ тобунун согушкерлери өздөрүнүн борбору атап алышкан эле. Шаардын алынышы менен ИМ тобунун колунда Сирия менен Ирактын чек арасындагы чакан аймак гана калат.

XS
SM
MD
LG