Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

ЕККУ байкоочулары шайлоо өнөктүгүнө УКМК кийлигишкенине көңүл бурду


ЕККУ уюмунун Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы, франциялык дипломат Александр Кельчевский бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйынында аларды президенттик шайлоого “терс баа” берүүгө мажбурлаган жагдайларга да көңүл бурду:

- Биздин миссия мамлекеттик ресурс кыянат пайдаланылган, шайлоочуларга кысым көргөзүлгөн, ага катар добуш сатылып алынды делген учурлар боюнча ишенимдүү маалыматтарды алды. Шайлоо күнүнө жакын биз шайлоо өнөктүгүнө Улуттук коопсуздук кызматы, башка институттар, бөлөк расмий өкүлдөр ачык кийлигишкенин байкадык,- деди Кельчевский.

Ал ошондой эле БШКнын мүчөлөрү белгилүү бир талапкерге жан тартып, “бейтараптуулукту көргөзө албаганын” да кошумчалады.

ЕККУ байкоочуларынын бүгүн жарыяланган баштапкы баяндамасында шайлоо атаандаштык шартында өткөнү, шайлоочуларда кеңири тандоо болгону, талапкерлердин өнөктүгү жалпысынан эркин өткөнү, бирок мамлекеттик ресурсту кыянат пайдалануу, шайлоочуларга басым жасоо, добуш сатып алуу тынчсыздануу жараткан маселе бойдон калганы көргөзүлгөн.(UE)

XS
SM
MD
LG