Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:36

Прокуратура Бабановго олуттуу айып такты


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

"Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, президенттик шайлоодо экинчи келген талапкер Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголду, Башкы прокуратура ага "шайлоо маалында сүйлөгөн сөзүндө конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасаган жана улут аралык кастыкты козуткан" деген айып тагууда. Өмүрбек Бабанов бул айыптоолорго мурдатан эле жооп берип, эч бир кылмышы жок экенин айтып келген.

Башкы прокуратура парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго жана башка адамдарга кылмыш ишин козгогонун ишемби күнү жарыялады.

Өмүрбек Бабановдун жакын санаалаштары депутат шайлоодон кийин саламаттыгын чыңдап Орусияда жүргөнүн "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Алар Бабанов Орусияга качан кеткен жана Кыргызстанга кайтабы же жокпу деген суроолорго жооп айтышкан жок.

Башкы көзөмөл органдын маалымат катчысы Алмамбет Абдрамановдун айтымында, саясатчыга карата Кылмыш кодексинин 297-беренеси (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренеси (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча айыптар тагылууда:

- Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин натыйжасында Бабанов президенттик кызматка талапкер катары шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан учурда алардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жатканын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын, улуттук теңсиздик бардыгын айтып, буга каршы жигердүү күрөшүүгө чакырганы аныкталды.

Маалыматка караганда, кылмыш иштин алкагында филологиялык-саясий экспертиза жүргүзүлгөн. Анда Өмүрбек Бабановдун ачык билдирүүлөрү улут аралык кастыкты козутуу, элди чагымга чакыруу, азыркы бийликке баш ийбөө жана кулатууга багытталганы аныкталган.

Ошондой эле мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат депутаттын айткандары тууралуу интернетте жарыяланган маалыматтар монтаждалган эмес деген жыйынтыкка келген. Прокуратура Бабанов менен кошо башка дагы кайсы адамдарга иш козгогонун ачык жарыялаган жок.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитети болсо тергөө башталганын билдирди. Ал арада парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов өзүнө карата кылмыш ишинин козголушу боюнча жазуу жүзүндө билдирүү таратты.

- Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясий кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүмбилемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби-кечпи белгилүү болот. Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм. Бийлик куру саясат менен эмес, элибиздин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши зарыл. Ар бир адилетсиз иш аягы жакшы бүтпөйт, - деген Бабанов эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга бийликти чакырган.

"Болбосо өлкөдө көп жылдар бою биз кутулууга аракет кылып келген автократия кайрадан орнойт", - деп белгилеген.

Сөздөн чалынган турбайбы?

"Республика-Ата-Журт" фракциясынан парламент депутаты Максат Сабиров тагылган айыптар боюнча Бабанов бир нече жолу жооп берип, негизсиз экенин билдиргенин "Азаттыкка" айтып берди:

- Азыр эч нерсени айта албайбыз. Фракция бул маселе боюнча чогула элек. Эс алууга кеткенбиз. Прокуратура сүйлөнгөн сөз тууралуу экспертизага берилди деп өткөндө эле айткан. Ошол тартипте мыйзам чегинде каралса керек. Ал эми айыптын негизсиз экенин өзү деле түшүндүрүп айтып жаткан болчу.

Өмүрбек Бабанов 28-сентябрда Ошто негизинен өзбек тектүүлөр жашаган Амир-Темур (мурдагы Он-Адыр) конушунда эл менен жолуккан кезде шайлоо маалындагы укук бузууларга каршы турууга чакырган.

Анын “чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы”, “ким, кайсы бир милиция өзбек калкына тийсе, ал кызматынан кетет. Мен сөз берем” сыяктуу сөздөрүн камтыган видео ошол эле күнү кечинде интернетке тараган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев "Азаттык" радиосуна берген маегинде саясатчынын сөзүнөн элди козута турган эч нерсе көрбөгөнүн айткан.

- Талапкердин кечээги жолугушуусунан алынган кыска видеону көрүп, бүгүн эртең менен мен дагы айрым маселелер орунсуз айтылып калган окшойт деп ойлогом. Бирок чынында ал видеону атайын кесип берип коюптур. Мен видеонун толук версиясын көрүп чыгып, анда жалпы Бабановдун эл алдында сүйлөгөн сөзүнөн улуттар аралык маселени козута турган сөздөрдү таба алган жокмун. Ал киши өзбек тектүү тургундар менен жолугуп жатканы үчүн “өзбек элим” деп кайрылып аткандай эле сезилди, бирок андан башкача терс чакырыктарды көргөн жокмун.

Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы анын Ошто сүйлөгөндөрүн кимдир бирөөлөр монтаждап, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп билдирген болчу.

Бабанов өзү да Он-Адырдагы сөзүндө эч кандай мыйзам бузуу жок экенин бир нече жолу билдирген болчу:

- Менин сүйлөгөн сөзүмдү ортосунан жулуп алып туруп, монтаж кылышкан. Ким монтаж кылганы боюнча УКМК иш козгобой туруп, Бабанов эки улут ортосуна от жакты деп айтып жатат. Алмаз Шаршенович инагурация учурунда биздин эл эркин эл, эгемендикти сакташыбыз керек деген мааниде айткан. Мен ал сөздү милициялар, спортсмендер түнү менен элди коркутуп, чөгөлөсөңөр да мени менен жолугушууга барбагыла дегенде "чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы" деп айткам.

Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иш козголушу мүмкүн экени бир топ убакыттан бери айтылып келген. Шайлоо өнөктүгүнүн алкагында талапкерлердин теледебатында бийлик талапкери Сооронбай Жээнбеков президенттикке келсе коррупция менен күрөштү Бабановдон баштарын билдирген эле.

Мөөнөтү аяктап жаткан президент Алмазбек Атамбаев да акыркы убакта Бабановдун дарегине бир нече жолу ачуу сын айткан. Мына ушундай кырдаалда шайлоодо бийлик талапкеринин негизги атаандашына карата кылмыш иши козголуп жатат.

Кырдаалга баа

Бул окуя өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасирин тийгизет деген суроо жаралууда.

Эмилбек Жороев
Эмилбек Жороев

Саясий эксперт Эмилбек Жороев кылмыш иши Бабановдун тарапкерлеринин нааразылыгын жаратарын белгиледи:

- Менимче саясий кырдаалга, негизи эле саясаттын кайсы нукта кетип жатканына терс таасирин тийгизет. Эгер бул кылмыш иш акырына чейин барып, ушул нукта кетсе буга чейин болуп келген саясий өңүттөгү иштердин катарына кошулат. Айырмасы, бийликтин бир колдон экинчи колго өтүп жатканында, жаңы президент келип жатканында туура эмес кадам болуп калчудай.

Акыркы күндөрү Талас шаарында эки ирет нааразылык акциясы өткөрүлгөн. Анда акциялар президент Алмазбек Атамбаевдин таластыктарга айткан билдирүүсүнө нааразылык иретинде өткөнү айтылган. Ал эми президенттик аппарат бул акциялардын артында Бабанов турганын айтып келген.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

Саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев башкы "республикачыга" кылмыш ишинин козголгону күтүлгөн окуя болгонун, бирок саясий абалга таасирин тийгизе албасын айтууда:

- Бабановдун колдоочуларынын арасында аттуу-баштуу катары жүргөн Бабырбек Жээнбеков сыяктууларды эч ким ээрчибесе керек. Акча берип, митинг уюштурушу мүмкүн. Бирок анын олуттуу нааразылык жаратарын билбейм. Буга чейинки президент жана бийликтин айткандарын эске алганда бул күтүлүп жаткан болчу.

Негизи эле шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Бабановго байланыштуу бир нече чыр чыккан. Анын коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу бийлик менен мамилесин начарлатып, эки өлкө ортосундагы чек ара жаңжалынын жаралышына да таасирин тийгизгенин эксперттер белгилешет.

Ошондой эле Оштун Он-Адырындагы сөзү болсо Бабановдун шайлоо кампаниясындагы эң талаштуу темага айланып, атаандаштары ага каршы колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бабановго иштин козголушу менен учурдагы парламенттеги алты фракциянын ичинен үчүнчү фракция лидерине кылмыш иш козголуп отурат.

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал эми президент шайлоо учурунда Бабановдун негизги колдоочуларынын бири болгон "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канат Исаевге өткөн айда бийликти күч менен басып алууну пландаган деген кине менен кылмыш иш козголуп, камакка алынган.

"Азаттыктын" архиви: Атамбаев-Бабановдун айыптоолору. 15-октябрь, 2017-жыл

Атамбаев-Бабанов: шайлоо күнү айтылган айыптоолор
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG