Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Депутат Исаевдин иши парламентте көтөрүлдү


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын камактагы депутаты Канатбек Исаев боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылды. Исаев өткөн айдын аягында "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен камакка алынган.

Жогорку Кеңеште камактагы депутат Канатбек Исаев тууралуу маселени вице-спикер, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова айтып чыкты. Ал 19-октябрдагы жыйында кесиптештерин кайдыгер болбоого чакырды жана депутаттык комиссия түзүп, айрым жагдайларды иликтеп чыгууну сунуштады:

- Сөз биздин кесиптешибиз жөнүндө болуп жатат. Бул жөнөкөй саясатчы эмес, белгилүү кыргыз саясатчысы. Убагында фракция лидери болгон. Партиянын түптөлүшүнө чоң салым кошкон. Ошондуктан жөн карап отурбастан, кесиптешибиз эмне себептен камалды, анын камалышы канчалык объективдүү болду деп карап чыгышыбыз керек. Анын ишине "жашыруун" деген белги коюлуптур, керек болсо жабык деле талкуулашыбыз керек. Анын үй-бүлөсүнө укук коргоо органдары тарабынан туура эмес мамиле болгон. Аны дагы биз изилдеп чыгышыбыз керек. Ушундай бир маанилүү маселелерге кайдыгер карабай, талкуулайлы. Шайлоо бүттү, эми көрүп турган маселелерге көңүл буралы.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Бул сунуш боюнча Жогорку Кеңеште кандай чечим кабыл алынары азырынча белгисиз. Спикер Чыныбай Турсунбеков депутаттык комиссия түзүү чечими боюнча оюн айтып, бирок добуш берүүгө койгон жок.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков депутаттык комиссиянын түзүлүшүнө каршы болгондордун бири. Анын оюнча, бул тергөөгө жолтоо болот жана мыйзам алдында баары бирдей деген эрежеге доо кетет:

- Азыркы этапта комиссия түзүүнүн кереги жок. Бул тергөө органдарына тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондуктан жыйынтыгын күтүп туралы. Сот бар да. Сотко жеткенде ким кандай аргумент менен чыгып жатканы билинет . Өтө оор кылмыш боюнча айыпталып жатат. Буга биздин аралашканыбыз туура эмес го. Эми түрмөгө камалып жаткандар, соттолуп жаткандар толтура да. Депутатка, чиновникке же акчалуу адамга кылмыш иш козголсо эле сөзсүз депутаттык комиссия түзүлөт деген негизинен туура эмес. Мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Эмнеге депутат мыйзам бузган болсо, аны коргошубуз керек, ал эми карапайым элди коргобошубуз керек? Мыйзамдын алдында баары тең болушу керек.

Канатбек Исаевдин камакка алынышын саясат менен байланыштыргандар болгон. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, Канатбек Исаевдин ишинин саясий өңүтү бар жана сөзсүз депутаттык комиссия түзүлүшү керек:

- Парламенттин тарыхында депутаттарга кылмыш иши козголгондо ар дайым депутаттык комиссия түзүлүп келген. Комиссиянын бул жерде саясий өңүт барбы же бул чын эле кылмышпы деп тактаган бир гана максаты болушу керек. Канатбек Исаевдин ишинде жүз пайыз саясий мотив бар. Анткени ал шайлоо маалында камалган, анан калса мамлекеттик төңкөрүштү минтип жасабайт. Мамлекеттик төңкөрүш миллион сом менен жасалбайт. Үгүтчүлөрдү, митингге адамдар келсин деген маанидеги иш-чара мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык деп айтылбайт. Бул жерде саясат бар жана комиссия сөзсүз түзүлүшү керек. Тергөө органдары, күч органдары, бийлик, башкаруучу коалиция комиссия түзүүдөн эмнеге коркот? Текебаевдин, Салянованын, Шыкмаматовдун иши боюнча деле комиссия түзүлгөн. Комиссияга келип ал иш боюнча ачык айтышы керек. Коомчулук бере турган суроолорду беришибиз керек. Ошондо ачык-айкындуулук болот. Комиссия түзүлбөсүн десе тергөөнүн бир чабалдыктары бар экен деп ого бетер шектенүүнү туудуруп жатпайбы.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, юрист Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, Башкы прокуратуранын чечими депутаттык комиссиянын корутундусунан көз каранды болбойт:

- Исаев өтө оор кылмыш жасады деп айыпталып жатпайбы. Депутаттар чечим кабыл алып муну карап коюу укугу бар. Бирок ал канчалык натыйжалуу болорун айта албайм, анткени Башкы прокуратура Исаевди депутаттардын макулдугу жок эле камакка алгандан кийин алардын макулдугу жок эле чече бергенге толук укуктуу.

Канатбек Исаевге алгачкы кылмыш иш ушул жылдын май айында козголгон. Ага Токмок шаарынын мэри болуп турганда "муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга карматкан жана мэриянын башка кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекетти курууну өзүнө караштуу ишканага берген" деп айып тагылган.

Анда да депутаттык комиссия түзүлүп, Исаевге кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген корутунду чыгарылган.

Парламенттин алтынчы чакырылышы жалпысынан ондой депутаттык комиссия түзгөн. Бирок комиссиялардын иши, андагы корутунду боюнча пикир бир кылка эмес.

Жазында президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти депутаттык комиссияларга байланыштуу кескин сынга алган. Парламентти "мыйзам чыгаруучу эмес, ушак таратуучу органга айланып баратат" деп да сындаган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG