Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Парламенттеги изи жуулган иликтөөлөр


Бүгүн Жогорку Кеңеште Дача-СУ айылында кыйраган учактагы жүктү иликтөө маселеси күн тартибине кирген жок.

Комиссиянын мүчөсү Курманкул Зулушев маселе качан талкууга алынары тууралуу маалыматы жок экенин жана муну комиссия төрагасы чече турганын “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы жайкы эс алууга кетер алдында соңку жыйынын өткөрүүдө.

Корутунду чыгарбаган комиссиялар

Жогорку Кеңеште "Манас" аба майданынын жанындагы Дача-СУ аймагында кулаган учактагы жүктү иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Бирок корутунду жалпы жыйында качан талкууланары азырынча белгисиз.

Парламенттин 6-чакырылышы жалпысынан ондой депутаттык комиссия түзгөн. Бирок комиссиялардын иши, андагы корутунду боюнча пикир бир кылка эмес.

Жең ичинен өздөрүнчө сүйлөшүп алып бирөөдөн өч алуу, кимдир бирөө кайсы бир адамдардын жакындарын жумушка албай койгону үчүн таарынып түзүлгөн деле депутаттык комиссиялар бар экен.
Рыскелди Момбеков

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков депутаттык комиссиялар кайсы бир күчтөрдүн саясий кызыкчылыгынан улам түзүлөрүн, ошондуктан берилген мөөнөттө корутунду чыгара албай жатканын белгиледи:

- Дегеле ушул парламенттин 6-чакырылышында түзүлгөн депутаттык комиссиянын көпчүлүгүндө саясаттын, жеке кызыкчылыктардын бар экени көрүнүп турат да. Мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын өйдө койгон учурлар бар экен. Мен бир топ убактылуу депутаттык комиссияга мүчө болдум. Бирок кийин башталганда эле өзүм баш тартып чыгып кетип жаттым. Жең ичинен өздөрүнчө сүйлөшүп алып бирөөдөн өч алуу, кимдир бирөө кайсы бир адамдардын жакындарын жумушка албай койгону үчүн таарынып түзүлгөн деле депутаттык комиссиялар бар экен. Эмне себептен комиссиялар ишти өз мөөнөтүндө бүтүрө албай жатат? Бул деген соодалашуу жүрүп жатканынан кабар берет. Эгер комиссия түзүлсө, анда бир ай ичинде ошол маселени аныктап чыгып чечимди токтом менен бекитип жөнөтсө болмок. Мисалы, мародерчулук боюнча комиссия алты ай аралыгында корутунду чыгарды. Башка депутаттык комиссиялар мөөнөтүн улам узартып жатат. Булар соодалашуу үчүн эле түзүлгөндөй күмөн туудурат.

АКШда президент Дональд Трамптын Орусия менен байланышын иликтеп жатышат. Адилеттүү тергөөгө алып келип такап, сурак жүргүзүп жатат. Бул демократиялык коомдо абдан чоң күчкө ээ. Тилекке каршы, бизде андай болгон жок.
Равшан Жээнбеков

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков депутаттык комиссиялар өз миссиясын аткара албай жатат деп эсептейт. Анын баамында, көп учурда бийликке ыңгайлуу чечимдер чыгып жатат:

- Демократиялык коомдо депутаттык иликтөө институту эң күчтүү, барктуу жана эң адилет болуп эсептелет. Укук коргоо органдары, атайын кызматтар иликтей албаган жагдайды бир эле укуктук жактан эмес, саясий өңүттө да карай турган комиссия болуп эсептелет. Мисалы, азыр АКШда президент Дональд Трамптын Орусия менен байланышын иликтеп жатышат. Адилеттүү тергөөгө алып келип такап, сурак жүргүзүп жатат. Бул демократиялык коомдо абдан чоң күчкө ээ. Тилекке каршы, бизде андай болгон жок. Бизде депутаттык комиссиялардын бардыгы жасалма, күнкор. Комиссия түзүлүп жатканда, атайын парламенттеги президентке, бийликке баш ийген көпчүлүк комиссияны башка нукка буралы деп өздөрүнө баш ийген, алсыз депутаттарды киргизишет. Менин беш жылдык депутаттык тажрыйбамда бардык эле депутаттык комиссиялар бийликтин кызыкчылыгына туура келген чечимдерди чыгарып берген. Азыр деле ошондой.

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Бийликке байланыштуу айтылган мындай дооматтарды парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов негизсиз деп четке какты. Бирок депутаттык комиссиялардын иши аксап жатканын моюнуна алды.

- Бул оппозиция, позиция эмес, бардык позиция боюнча биз комиссия түзүп жатабыз. Комиссиялардын курамына бардык фракциядан өкүлдөргө орун беребиз. Маселе ошол комиссиялар кандай иштеп жатканында. Буга чейин деле ушундай комиссияларды түзгөнбүз, бирок жыйынтыгы жок. Комиссиялар түзүлгөндөн кийин анын курамына кирген депутаттар ошол маселенин бар-жогун, чын-төгүнүн элге айтып коюшу керек. Бүгүн бир топ депутаттык комиссиянын иши тууралуу маалымат жок. Биздин депутаттар активдүү болуп иштеши керек, болбосо комиссияга кирбеши керек. Мисалы эл-журт ушундай комиссиялар түзүлгөнүн угуп жатат да.

Ал арада быйыл жыл башында Манас аба майданынын жанында Дача-СУ аймагында кулаган учактагы жүк боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Корутунду 28-июнда депутаттарга таратылып берилгени "Азаттык" радиосуна маалым болду. Эми Жогорку Кеңеш жайкы тыныгууга тарап кеткиче каралып-каралбасы азырынча белгисиз. Комиссиянын мүчөсү, "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев чечимди комиссия төрагасы кабыл аларын айтты:

- Комиссиялардын ишинин узарып жатканынын объективдүү дагы себептери бар. Депутаттар өзүнүн укугунун негизинде иш алып барып жатат. Тиешелүү органдарга биз кат жөнөтөбүз. Ошол катка бир айлык мөөнөттө жообун бербейт, аны укук коргоо органдардын алышы кыйын болот. Ошондуктан комиссиялардын иштери созулуп жатат. Мен Дача-СУдагы кулаган учактагы жүк боюнча комиссиянын мүчөсүмүн. Ал боюнча жыйынтык чыгып калды. Жетише алса бул жумада палатага чыгып калышы мүмкүн. Аны эми төрага чечет. Көрдүңүздөр, бул оңой жумуш эмес.

Чоо-жай берүүсүнүн толук вариантын аудиодон угуңуз

Былтыр ноябрь айында апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутучуларын талап-тоноо, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташы боюнча түзүлгөн экинчи депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Комиссия корутундусун дээрлик жарым жылдан кийин, быйыл апрель айында жарыялаган. Парламентте талкууланып жатканда комиссиянын төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков менен "атамекенчи" депутат Аида Салянова кайым айтышкан.

Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу долбооруна кеткен чыгымдарды иликтөө боюнча депутаттык комиссия корутунсун былтыр жыл этегинде жарыялаган. Ал комиссиянын төрагасы, "Ата-Мекен" фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов комиссиянын корутундусу көз жаздымда калганын айтты:

- Ал комиссиянын корутундусун азырынча эч ким жокко да чыгара элек, тастыктай да элек. Укук коргоо органдары, Эсеп палатасы эмнегедир бул маалыматка кайдыгер мамиле жасап, кызыкдар эмес экени көрүнүп турат. Депутаттык комиссия ал 37 миллион доллардын үчтөн экиси желген деп кынтыксыз далилдерди берип, прокуратура иш козгоп, Эсеп палатасы жыйынтык чыгаргыла дегенбиз. Мына андан бери алты ай болду. Эч ким эч нерсе деп унчукпайт. Бул болсо көп суроолорду жаратат.

Жазында президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти депутаттык комиссияларга байланыштуу кескин сынга алган. Парламентти "мыйзам чыгаруучу эмес, ушак таратуучу органга айланып баратат", деп билдирген:

- Мына Жогорку Кеңеште эки-үч айдан бери ызы-чуу токтобойт. Комиссия артынан комиссия түзүлөт, ызы-чуу токтобойт. Мына, ураган "Боингде" Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон, Атамбаевдин Кипрде акчасы бар, Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон деген ушактар парламенттин трибунасынан сүйлөнүп жатат. Мен деле депутат болгом. Болгондо да Айтматов менен, Усубалиев менен, Масалиев менен, Бекмамат Осмоновдор менен чогуу депутат болгом. Биздин парламент мындай ыпластыкка барчу эмес, Ачык айтайын, Жогорку Кеңеш барган сайын мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып бара жатат. Депутаттар ошол эле ураган "Боинг" боюнча чындыкты билгиси келсе эмне Гонконгго, Стамбулга барып келе албайбы? Тайраңдап барбаган жерлери жок.

"Азаттыктын" архиви, 6-март, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын экинчи сессиясы маалында жалпысынан 10го жакын депутаттык комиссия түзүлгөн. Арасында Бишкектин так ортосундагы Максим Бакиевге таандык бир гектер жердин сатылып кеткенин иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 30-июнда аяктайт. Бирок комиссия корутундусун качан жарыялай турганын айта элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG