Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Дача-СУ: өкмөт жардамдын жайын түшүндүрдү


Дача-СУ
Дача-СУ

Кыргыз өкмөтү авиакырсык болгон "Манас" аба майданынын жанындагы Дача-СУ конушунда жашагандарга элден чогулган жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча 6-майда кеңири түшүндүрмө таратты.

Анда чогулган акча калыс, текши бөлүштүрүлгөнү, ушу тушта жети жаран үй-жай алганы айтылат. Ошондой эле коопсуздук чараларынан улам кимге канча акча тийгени ачык көрсөтүлбөй турганы белгиленген.

Буга чейин элден чогулган жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча нааразылыктар айтылган жана тизме ачык жарыяланышы керек деген талаптар да болгон.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Дача-СУ конушунда жашагандарга материалдык жана моралдык колдоо үчүн деп бөлүнгөн беш миллион сомду 225 адамга Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айыл өкмөт башчысы түзгөн атайын комиссия бөлүштүрдү.

Түшүндүрмөдө авиакырсык болгон аймакта бир канча жер тилкеси бар, ар бир жер тилкеси үчүн өз-өзүнчө кенемте алгысы келген адамдар болгону айтылат. Ошондой эле бир үйдө бир канча үй-бүлө жашаганы, ар бирине материалдык жардам берүүнү талап кылгандар катталганы белгиленген. Бирок элден чогулган жардам "бир үй - бир үй-бүлө" деген принцип менен бөлүштүрүлдү.

Дача-СУдагы үйлөр
Дача-СУдагы үйлөр

Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Толгонай Стамалиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, ушу тушта элден келген жардамга жети адам үй сатып алган. Стамалиева кимге канча акча бөлүнгөнү коопсуздук чараларынан улам ачыкка чыгарылбай турганын маалымдады:

- Документи талапка жооп бербегендиги үчүн моралдык колдоо иретинде жардам албай калгандарга 10-майдан кийин да төлөнөт. Кырсыкта жакындарын жоготкон адамдарга элден чогулган акчадан турак жай алуу үчүн чоң суммадагы акча берилди. Ошонун тизмесин беришпейби, суммасын көрсөтүшпөйбү деген да талаптар болуп жатат. Бирок ошончо сумма алган айрым жарандар "коопсуздук үчүн фамилиябыз айтылбаса" деп өтүнүп жатышат. Бирок акча категорияларга карап бөлүнгөн. Ким канча алганы тууралуу тиешелүү документтерге кол коюлган.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков өкмөттүн тизмени жарыялабай жатканын сынга алды. Анын пикиринде, коомдо ар кандай күдүк ойлор болбошу үчүн элден түшкөн жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча так маалыматтар берилиши керек.

- Тууган-уругун, үйүн жоготкондор Дача-СУда январь айынан бери жашай элек. Биз аларга юридикалык жардам берели дегенбиз, бирок байланыша албай жатабыз. "Алар өтүнүп жатат" деген бийликтин шылтоосу. Ошол акча кайсы тизме менен бөлүштүрүлүп жатканы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Канча адам канчадан алды, ал адамдар кимдер, чын эле ошол жакта жашагандар алып жатабы же тааныш-билиштерге берилдиби? Муну бүгүнкү күндө кыргыз эли да, Дача-СУда жашагандар да билбейт.

"Азаттык" ушул айдын башында Дача-СУ конушуна барып материалдык жардам алгандардын абалына, ой-пикирине кызыккан. Анда айрым тургундар акчалай жардам салыштырмалуу аз берилип калды десе, кээ бирлерине материалдык такыр жардам тийген эмес. Айыл башчысы Сиражидин Султанов наазылык тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Дача-СУда кыйраган учак
Дача-СУда кыйраган учак

Гүлзана Оморова Дача-СУ аймагында төрт жылдан бери жашайт жана анын үйү учак кыйраган жердин жанында турат. Оморова кырсыкта элден чогулган жардам тегиз бөлүштүрүлгөн жок деп нааразы:

- Чекеде, учак кулаган жерде жашайбыз. Биз 13 үй болуп документ жөнөткөнбүз. Ошонун арасынан беш үйдөн башкасынын баарына 70 миң сомдон бериптир. Бизге болсо 25 миң сомдон берип койду. Үйүбүзгө жарака кеткен. Айнектери сынган. Моралдык да, материалдык жактан да жабыркаганбыз.

Элден түшкөн жардамды бөлүштүргөн өкмөттүк комиссия учак кыйраган жердин жака белиндеги айрым үй ээлерине моралдык колдоо катары 10 миң сомдон, ал эми ошол үйдү ижарага алып жашап жаткандарга дагы 10 миң сомдон бөлүштүргөн. Зулайка Ахунованын айтымында, ал кайынсиңдисинин үйүн ижарага алып жашайт жана ал материалдык жардам албай калган:

- Ушул жерде квартиранттар 10 миң сомдон алышты. Мен ошол 10 миңден 10 сом да алган жокмун. Мен ушул жерде катталгам, азыр деле жүрөгүм ооруйт, коркунуч калды. Комиссияга баргам, тизмеге киргизишкен. Караштырып беребиз дешкен, бирок кандай чечилерин билбейм.

Ал арада Дача-СУда элден түшкөн жардамды бөлүштүрүүгө байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште жана тиешелүү комитетте каралганы жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитеттин төрага орун басары, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов кабарлады:

- Азыр эми ар кандай сөздөр болуп жатат. Ошол жерге эч кандай тиешеси жок адамдар уюшуп алып акча талап кылып жатат деген сөздөр бар. Бул канчалык чын экенин билбейм. Биз муну сөзсүз түрдө жөн калтырбайбыз, көзөмөлгө алабыз. Бирок ким канча алганы, кайсы жаранга канча тийгени ачык-айкын болушу керек. Негизи бул жерде нааразылык болбошу керек эле.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Чукул кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 млн 160 миң 180 сом түшкөн.

Мындан тышкары «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясынан да акчалай компенсация бермекчи. Ушул тапта кыргыз өкмөтү авиакомпания менен кенемте төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Кырсыкта бир топ турак жай кыйраган жана 35 жергиликтүү тургун, төрт учкуч ажал тапкан.

Расмий маалымат боюнча 19 үй түп орду менен бузулуп, жети үй жараксыз абалга келген. 12 үй жарым-жартылай кыйраган. Мындан сырткары чарбалык курулуштар, мал-жанга кесепети тийип, автоунаалар талкаланган. Анан да энергетика тармагы жабыркап, аэронавигациянын жана аэропорттун мүлкү зыянга учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдар да эсептелген.

"Азаттыктын" архиви. 2-май, 2017-жыл
Дача-СУ: жардамдан кийинки нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:47 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG