Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:24

“Манас” аэропортунун жанында учак кулаган Дача-СУ конушунун жашоочуларына моралдык жардам катары атайын эсебине түшкөн каражат бөлүштүрүлдү.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн конушта жашаган 232 адамга жардам көрсөтүлдү. Ал үчүн 5 миллион сом каралган.

Кырсык кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия жана кырсыктан жабыркагандар каражатты бөлүштүрүү принцибин иштеп чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 102 миллион сомдон ашык каражат топтолгон. Бул каражат кырсыкта жабыркагандарга берилмекчи.

16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык Боинг-747-400 жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Апаатта кыштактагы 35 тургун жана төрт учкуч набыт болгон. Ондогон үйлөр кыйраган. Аталган авиакомпания жабырлануучуларга кенемте төлөп берерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG