Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Дача СУнун тургундары бийликтен жооп күтөт


Авиакырсыктан жабыркаган Сокулук районунун Дача СУ айылынын тургундары өздөрүн коопсуз жерге көчүрүүнү талап кылышууда. Айылдын 200 чамалуу тургуну 14-мартта кырсык болгон жерде митинг өткөрүшүп, окуяга айыптууларды таап, жазалоо талабын да коюшту.

Кырсыкка жоопкер ким экени тактала электиги, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө канча кенемте төлөнөрү ачык айтылбай жатканы жана башка суроолор көтөрүлдү.

Чогулгандар 16-январдагыдай кырсык кайталанбайт деген кепилдик жоктугун билдиришип, элден топтолгон акчаны калыс бөлүштүрүүгө бийликти чакырышты. "Элди коопсуз жерге көчүргүлө!", "Эл топтогон акча кайда? Калыс бөлүштүргүлө!", "Бул жерде жашоодон коркуп жатабыз!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту.

- Бизди эмнеге бул жакка келдиңер дешет. Айылымда жер болсо келмек эмесмин. Дача СУда 2000-жылдан бери жашайм. Биз бул жакка келгенде "жашоого болбойт" деп эч ким айткан эмес. Эл жашап жаткан, аларды көрүп биз да акчабызга жараша жер алганбыз, - дейт жергиликтүү жашоочу Назгүл Машаева.

Митингге чыккандар
Митингге чыккандар

Учак кырсыгында үйүнө жарака кеткен Уран Садыров эки айга жакындап калганына карабай айылдыктардын маселеси чечилбей жатат деп нааразы:

- Бизди бул жерден көчүрсүн. "Жер жок" деп жатышат. Азыр жер жок болсо, эртең бала-чакабыз эмне болот? Кытайга барабызбы же Орусиядан турак жайга жер алабызбы?

Мирлан аттуу жаран эл буга чейин Дача СУга жаңы конуш макамын берүүнү талап кылып келгенин, бирок кырсыктан кийин бул жерде жашоодон коркуп жатышканын белгиледи:

- Дача СУда жашоо мыйзамдуубу же жокпу? Ошону аныктап берсин. Эгер кооптуу деп табылса көчүрүшсүн. Элдин каалаганы эле ушул.

Нааразылык акцияга укук коргоочулар, жарандык активисттер, депутаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келишти. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов айылды көчүрүү учүн азырынча жер жоктугун, негизги көңүл кырсыктан жабыркагандарга жардам берүүгө бурулуп жатканын маалымдады:

- Көчүрүү боюнча маселе күн тартибинде жок. Бардык райондордо мамлекеттин жери бар. Бирок бүгүнкү күнү үй сала турган жер жок. Жогорку Кеңеш, өкмөт талап кыла турган болсо, жерди трансформация кылып, башка категорияга которуп туруп бериш керек. Керек болсо азыр Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз салынган турак жайлардын макамдары бериле элек. Ушундай көйгөй толтура.

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кулап түшкөн Дача конушунун тургундары кыйроонун кесепеттерин жоюу жана аларды коопсуз жайга көчүрүү маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну суранышууда.

Өкмөт өкүлүнүн мындай билдирүүсү топтолгондордун нааразылыгын жаратты. Алардын бир тобу коопсуз аймактардын жер бөлүнсө өздөрү үй куруп алыша турганын айтып жатышты. Соңунда элди коопсуз жерге көчүрүү жана кырсыктан жабыркагандарга кенемте төлөөгө байланышкан суроолорго жооп берүү талабы менен бийликке он беш пункттан турган кайрылуу жолдошту. Анда айылда жашоо опурталдуу деп табылса, жергиликтүү элди бардык шарты бар үйлөргө көчүрүү талабы да камтылган. Аны аткарууга он күн убакыт коюлуп, талаптар канааттандырылбаса нааразылыктар уланарын митингди уюштуруучулардын бири, жарандык активист Мавлян Аскарбеков билдирди:

- Биз айтылгандардын ишке ашуусун талап кылабыз. Жергиликтүү бийлик, депутаттарды, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырып, жыйын уюштуруп бердик. Эми бийлик жабыр тарткандардын талабын аткарат деген үмүттөбүз.

16-январда Дача СУ айылына түркиялык АСТ авиакомпаниясынын "Боинг-747-400" үлгүсүндөгү жүк учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары болчу. Кырсыктан жыйырмадан ашык үй кыйраган.

Жабыркагандарга жардам берүү үчүн өкмөт ачкан банк эсебине соңку маалыматтар боюнча элден 96 миллион сомдон ашуун акча түштү. Түркиялык ишкана жабыркагандарга кенемте төлөп берүүнү убада кылган. Ал азырынча бериле элек.

Мындан тышкары президенттин фондунан кырсыкка туш болгон ар бир үй-бүлөгө 100 000, өкмөт башчынын фондунан 70 000, спикер фондунан 80 000 сомдон берилери айтылган. Жабыркагандар өкмөт түзгөн атайын комиссиянын компенсация боюнча бүтүмү создугуп жатканына да нааразы болушууда.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн маалыматы боюнча, кенемте маселеси өкмөттүн 15-марттагы жыйынында талкууланат.

Дача СУнун тургундары талап коюшту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG