Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

Жаңы кылмыш иши Саляновага багытталганбы?


Башкы прокуратуранын жаңы имараты 2013-жылы ачылган.
Башкы прокуратуранын жаңы имараты 2013-жылы ачылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, прокуратуранын жаңы имаратын куруу учурунда 9 млн сом мыйзамсыз иштетилген.

Имарат 2011-жылы, мекемени Аида Салянова жетектеп турган учурда курулган. Андыктан муну экс-прокурор өзүнө карата "кезектеги куугунтук" катары баалап жатат.

Башкы прокуратуранын азыркы имаратынын курулушу боюнча Кылмыш кодексинин "коммерциялык жана башка уюмдардын укуктарынан аша чабуусу" (221-берене) жана "бюджеттик каражатты мыйзамсыз колдонуу" (308-берене) айыптары менен кылмыш иши козголгон. Аны Башкы прокуратура өзү ачып, кийин иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгына тапшырган.

Башкы прокуратуранын имараты
Башкы прокуратуранын имараты

​Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов маалымдады:​

- 2011-жылы 6-июлда Башкы прокуратура менен "Гарант проект" жеке ишканасы имараттын долбоорун иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюшкан. Натыйжада Башкы прокуратуранын имаратынын курулушу 236 млн сом деп бааланган. Эсеп палатасы текшерүү учурунда долбоор-сметалык документтерди түзүүдө "Гарант проект" ишканасы маалымдаган суммадан 93 625 300 сомго ашыкча каражат сарптаганын аныктаган. Текшерүү учурунда ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан "түрдүү курулуш иштери үчүн" деген максатта 9 млн сом мыйзамсыз колдонулганы такталган.

Сулайманов белгилегендей, Мамлекеттик курулуш агенттигинин мамлекеттик экспертиза департаменти Башкы прокуратуранын имаратынын долбоору боюнча тийиштүү документтерди түзгөн эмес. Учурда мамлекетке келтирилген чыгымдын өлчөмүн жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Имарат курулуп, ишке берилген жылдары Башкы прокуратураны жетектеп турган, учурдагы "Ата Мекен" партиясынын депутаты Аида Салянова ачылган кылмыш ишин өзүнө карата саясий куугунтуктун бир бөлүгү катары баалап жатат:

- Мага козголгон башка кылмыш иштеринен эч нерсе чыкпай жатканын көрүп жатат. Жанталашып дагы башка жерден эптеп кыйкым издеп, дагы бир “мыйзам бузуу фактысын” тапканга аракет кылышууда. Имараттын курулушу боюнча Эсеп палатасы жана башка бир топ органдар текшерип чыгышып, эч кандай айып табышкан эмес. Эми азыр алты жылдан кийин, буларга керек болгондо, саясий куугунтук жыйынтыгын бербей жатканда атайын ушул ишти көтөрүп чыгышты. Бул өтө уят нерсе. Башкы прокуратуранын имаратын курууда бардык иш мыйзам чегинде жүргөн деп мен ишенимдүү түрдө айта алам. Тендер өткөн, анда атайын комиссия болгон. Мен ал комиссияга мүчө болгон эмесмин, тендер, долбоорлоо жана башка чечимдердин биринде да мыйзам бузуу жок.

Башкы прокуратуранын имаратынын ачылышында. 2013-жыл
Башкы прокуратуранын имаратынын ачылышында. 2013-жыл

Депутат ошондой эле бул иш боюнча аны азырынча суракка чакыра электигин билдирди.

Имаратты курган "Гарант проект" фирмасынын өкүлдөрүнөн курулуштун долбоору жана ага жумшалган каражаттар боюнча пикир алууга мүмкүн болгон жок.

Башкы прокуратуранын жаңы имараты 2013-жылы 19-январда ишке берилген. Анын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков катышкан эле.

Башкы прокуратуранын имаратынын ачылыш аземи
Башкы прокуратуранын имаратынын ачылыш аземи

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев да өзүнүн кесиптешинин пикирине кошулат:

- Имарат курулуп бүтүп жаңы ачылып жатканда президент Алмазбек Атамбаев өзү барып, тасмасын кесип, “баарыңар ушу Аида Саляновага окшоп иштегиле” деп мактап кеткени баарыбыздын эсибизде. Анан эле ушунча жыл унчукпай келип, эми эле кылмыш ишин козгоп калганы чынында өтө чоң шек жаратат. Мен деле ошол жерде жетекчи болуп иштегем, курулушка же башка иштерге жумшалган каражаттарды жетекчинин колуна беришпейт да, башка прокуратура кызматкерлери деле көрбөйт акчаны. Каржы министрлиги акчаны түз эле куруучунун эсебине которуп берет. Тендерге деле прокуратурадан болгону өкүл катары катышса керек, болбосо алар чечпейт маселени, комиссия чечет. Анан кантип эле ортодо “акча желип кетти” дешкенине мен такыр түшүнбөй турам. Анан ошого карабай эле кылмыш ишин козгоп жатышса, коомчулукта саясий буйрутма окшойт деген түкшүмөлдөрдү жаратат да.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Ушул тапта ал боюнча ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат. Салянова өзүнө тагылган айыпты саясий куугунтук деп атап келет.

Бийликчил КСДП партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Анвар Артыков муну катардагы коррупцияга каршы күрөштүн бөлүгү катары карап, аны саясатташтырбоо керектигин айтууда:

- Прокуратура, УКМК атайын фактка таянып кылмыш ишин козгоп жатса, мунун эмнеси саясий куугунтук болмок эле? Эгер Салянова өзү бул иште айыбы жок болсо, эмнеге коркот, эмнеге саясатташтырат? Иш иликтенсе сурак берсин, сот болсо сотко келсин, ак болсо акталып чыксын. Айыбы болсо жооп берсин.

Аида Салянова башкы прокурор кызматын 2015-жылдын башында тапшырган жана анын себебин президенттин колдоосун сезбей калганы менен түшүндүргөн.

Андан соң парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда оппозициядагы бул фракциянын Саляновадан тышкары эки депутатына, тагыраагы "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголуп, сот иши жүрүүдө. Текебаевдин ишине байланыштуу экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго да иш козголгон. Чотонов менен Текебаев азыр УКМКнын тергөө абагында олтурат. Бул иштерди оппозиция бийликтин кысымы катары баалап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG