Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Канат Исаев боюнча депутаттык комиссия түзүлдү


Канат Исаев.
Канат Исаев.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаевге козголгон кылмыш иши боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Демилгени “Кыргызстан” фракциясы көтөрдү.

Убактылуу депутаттык комиссияга “Кыргызстан” фракциясынан Дастан Жумабеков, Алмазбек Токторов, КСДПдан Төрөбай Зулпукаров, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Мухтарбек Айнакулов, "Республика-Ата Журттан" Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Бактыбек Райымкулов, “Өнүгүү-Прогресстен” Тынчтык Шайназаров, "Бир Болдон" Улукбек Ормонов, "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирип, Исаевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын иликтеп чыкмай болду.

Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган чакта "муниципалдык жер участогун жеке компанияга карматкан жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыпталууда. Ишти Башкы прокуратура апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

УКМКнын тергөө башкармалыгы Исаевге мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында айыбын угузганын 11-майда кабарлаган. Ал Кылмыш кодексинин 303-беренесине (коррупция) ылайык козголгон иштин негизинде эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үй камагына алынган.​

Депутат өзүнө козголгон кылмыш ишке негиз жоктугун билдирип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG