Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Депутат Канат Исаевге айыбы угузулду


Kyrgyzstan Kanatbek Isaev. MP, member of Parliament (Jogorku Kenesh).
Kyrgyzstan Kanatbek Isaev. MP, member of Parliament (Jogorku Kenesh).

УКМКнын тергөө башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Канат Исаевге мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында айыбын угузду. Ал Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) алкагында козголгон иш боюнча эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде, үй камагына алынды.

Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурунда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда. Прокуратура Исаев бул аракеттери менен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп бекемдөөдө.

Канатбек Исаевге байланыштуу ишти Башкы прокуратура апрель айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Исаев буга чейин ал иштерди четке кагып, өзүнүн таза экенин, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG