Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Жээнбеков Бабановго: коррупция менен күрөштү сенден баштайм


Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов.
Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов.

КТРКда 4-октябрда өткөн президенттик кызматка талапкерлердин теледебаты Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышуулары менен коштолду.

Бабанов дебат учурунда президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, "Бакиевдин заманында сиз оппозицияда жүргөндө ушул эле КТР сөз бербей, каралаган. Ошол абалда азыр мына мени каралап жатат" деди. Президентти каралоону токтотууга, шайлоону акыйкат, калыс өткөрүүгө чакырды. Шайлоо алдында адам ресурсу кайсы талапкердин кызыкчылыгы үчүн колдонулуп жатканы баарына белгилүү экенин айтты.

Сооронбай Жээнбеков буга жооп иретинде "сени мен балапан кезиңден билем, 2005-жылдан баштап кандай болгонуңду. Коррупция менен күрөшпөйсүң дейсиң. Коррупция менен мен күрөшөм, сен күрөшө албайсың. Мен сенин эмнеге батканыңды жакшы билем. Менин сага 25 суроом бар. Эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм. 2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем. Өзүң баштадың, айтпайын дедим эле. Эл колдоп президент болуп калсам, ошол миллиарддарды бюджетке төктүрөм. Мугалимдин айлыгын ошол менен көтөрөм. Ошондой коррупционер деп эсептелген 35тей киши бар. Баарын фамилиясына чейин менен билем. Мен сага айттым 25 суроом бар деп, ошого айлап-жылдап жооп бересиң" деди.

Өмүрбек Бабанов буга "Сооронбай Шарипович, биринчиден мамлекеттин башчылыгына бараткандан кийин сыйлап-урматтап сүйлөңүз. Мен сизге эч качан балапан болгон эмесмин. Мен сиздей чиновник эмесмин. Кайдан байлык тапканыңызды сиз далилдеп бересиз. Экинчиден, мен дайыма бизнесте жүргөм. Мени Бакиев куугунтуктап, камай албаган. Жээнбековдор куугунтуктап, камай албайт. Менин аркамда элим бар. Коркутуп-үркүтө турган сиз эмессиз" деп жооп кайтарды.

Теледебатка талапкерлер Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев да катышып, өз программалары тууралуу айтып беришти.

Коомдук телеканалда дебаттар 3-октябрда башталып, жадыбал боюнча талапкерлер Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров дебатка чыгышы керек эле. Төрөбаев катышпай, алгачкы жолкусуна Мадумаров менен Бекназаров гана катышкан. 5-октябрда Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев менен Улукбек Кочкоровдун теледебаты болот.

Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого ат салышуу үчүн 13 талапкер катталган. Өткөн жумада алардын бири Камчыбек Ташиев саясий жарышка катышуудан баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG