Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Казакстан чек араны ачуунун беш шартын көргөздү


Кыргызстандын премьери Сапар Исаков, Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев
Кыргызстандын премьери Сапар Исаков, Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев

Кыргыз-казак чек арасында өкүм сүрүп жаткан кризис КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынында да көтөрүлдү.

Казак премьери Бакытжан Сагинтаев чек араны ачуунун беш шартын КМШ өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынын кеңейтилген отурумунда сүйлөгөн учурунда ачыктады.

Андан мурда сөз алган кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаковдун айткандарын “корректтүү эмес” деп атаган казак премьери расмий Астана Бишкектен “беш принципиалдуу” багыттагы ишти көргүсү келээрине токтолду:

- Биринчиси - Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын ЕАЭБдин салыкты администрациялоо боюнча эрежелерине ылайыкташтыруу. Экинчиси - мыйзамсыз экспортко, анын ичинде контрафакт продукцияга бөгөт коюу. Үчүнчүсү - кыргыз тараптын товарларга ЕАЭБдин талаптарын сактоо үчүн ветеринардык-санитардык, фитосанитардык көзөмөлдү такай жана эффективдүү жүргүзүүсү. Төртүнчүсү - Кыргызстан экономикалык союзга мүчө өлкөлөрдүн транспорт мыйзамдарынын бузулушуна жол бербей, алдын алуусу. Бешинчиси - контрабандага, кыргыз-казак чек арасынан наркозаттардын, куралдын, ок-дарынын жана башкалардын мыйзамсыз өтүшүнө жол берилбеши.

Ал Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында казак тарап учурда жүргүзүп жаткан көзөмөлдү “толугу менен ЕАЭБдин нормаларына жана талаптарына шайкеш” деп билдирди. Биз “улуттук кызыкчылыктарды эле эмес, ЕАЭБ мейкиндигинин экономикалык кызыкчылыктарын жана экономикалык коопсуздугун коргоп жатабыз”,- деп ырастаган Сагинтаев бизди “кыргыз коллегаларыбыз угушун каалайбыз, Кыргызстан тараптын конструктивдүү позициясын күтөбүз” деп белгиледи.

КМШнын өкмөт башчыларынын жыйыны. Ташкент, 3-ноябрь, 2017-жыл.
КМШнын өкмөт башчыларынын жыйыны. Ташкент, 3-ноябрь, 2017-жыл.

Премьер-министр Сапар Исаков болсо Казакстандын учурда чек арада көрүп жаткан чараларын “кыргызстандык жана чет элдик жүк ташуучулар үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратуу” деп баалады:

- Чек арада кезекте күнүнө 500-600дөй унаа турат. Бир транспорт каражатынын чек арадан өтүүсү үчүн кеминде 5 күн кетүүдө. Бул негизсиз жана ашыкча текшерүүлөрдүн айынан болуп жатат. Казакстан Кыргызстан контрабанда киргизип жатат деген негиздемесин айтууда. 20% айыл-чарба продукциялары түзгөн товарларды (картошка, пияз, кара өрүк жана жүзүм) контрабанда деп атоого болобу? Же ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде катталган, Казакстандын базарына чыгарылып жаткан сүт азыктары да контарабанда болуп калабы? 80% Орусияга кетүүчү транзит жүк да анда контрабанда болуп калабы?

Исаков казак тарап азыр Кыргызстан аркылуу өткөн эле эмес, Кыргызстанга келе жаткан товарларды да “контрабанда катары” карап калганына көңүл бурду.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00
Түз линк

Кыргыз өкмөт башчысынын пикиринде, казак-кыргыз чек арасындагы азыркы кырдаалдан эки коңшу өлкөнүн эле эмес, үчүнчү мамлекеттердин да ишкерлери зыян тартууда.

Казак-кыргыз премьерлери буга чейин 25-октябрда ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын Еревандагы жыйынында да кайым айтышкан болчу.

Ал жердеги эки тараптуу сүйлөшүүдө чек арада пайда болгон маселелерди жөнгөрүү үчүн эки өкмөт мурда макулдашкан жол картасына кол коюлбай калганы да ачыкталган.

Премьер эмес, президенттер гана чечеби?

Казак-кыргыз чекарасында жүк тарткан унаалардын тыгыны 10-октябрдан бери байкалууда.

Чек ара кризисинин алгачкы аптасында көзөмөл-өткөрмө бекеттерде адамдардын да тыгыны жаралып, бул маселе эки премьердин 18-октябрда Астанадагы жолугушуусунан кийин жарым-жартылай жеңилдеген.

Ак-жол өткөрмө бекети. 16-октябрь, 2017-жыл.
Ак-жол өткөрмө бекети. 16-октябрь, 2017-жыл.

Чек ара кризиси кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин 15-октябрдагы шайлоо алдында казак лидери Нурсултан Назарбаевдин, коңшу өлкөнүн бийлигинин дарегине айткан сөздөрүн расмий Астана “саясий максатты көздөгөн чагым” деп баалагандан кийинки учурга туш келди.

Кыргызстан ЕАЭБге расмий кирген учурда өкмөт башчы болгон Темир Сариевдин “Азаттык” радиосуна берген маегинде айтканына караганда, кыргыз-казак чек арасындагы азыркы көйгөйлөр президенттер ортосунда гана чечиле алат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG